Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов өткөн жуманын аягында киши колдуу болуп каза болду. Аны өлтүргөнгө шектелип прокурордун сөөгү табылардан мурунку күнү аны менен чогуу эс алган мамлекеттик чиновник кармалып, камакка алынды. Ал эми маркумдун туугандары прокурорду эс алууга чыккандардын баары биригип өлтүрүшкөн деген пикирде.
«КАФЕДЕН ЧЫККАНДА ПРОКУРОР ШЕКТҮҮ МЕНЕН ЧОГУУ БИР УНААДА КЕТКЕН»
Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
-17-ноябрь күнү кечки саат 10дор чамасында Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүндө Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа эшиги ачык абалда турганы тууралуу Баткен районунун прокурору милицияга кабарлаган. Баткен ОИИБинин ыкчам иликтөө тобу автоунаага кароо жүргүзгөн учурда унаада канга окшогон тактар бар экендиги аныкталган жана унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган. Баткен облусунун прокурорунун жоголуп кеткендиги тууралуу да Баткен районунун прокурору маалымдаган. Түнү бою ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, 18-ноябрда таңкы саат 06:30 чамасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси табылган. Алгачкы кароодо анын денесинен алган оор жаракаттардан улам каза болгондугу аныкталган.
Алгачкы тергөө иштеринде белгилүү болгондой, маркум 17-ноябрь күнү эртең менен 6 адам: өзүнүн 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2 унаа менен Рават жайлоосуна аңчылыкка чыгышкан. Аңчылыктан кайтып келатып алар саат 18:00 чамасында Баткен шаарындагы «Төрт-Күл» кафесинде чогуу чай ичишкен. Кафеден чыкканда Анарбай Мамажакыпов капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыковдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы менен чогуу кетишкен. Мелис Калыков айдап жүргөн ал унаа башка жеке ишкерге таандык болгон. Мелис Калыков ал күнү унааны сурап айдап кеткен.
Учурда Мелис Калыков кылмышка шектелип кармалып, Баткен шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Аңчылыкка чогуу чыккан башка адамдар дагы сурак беришүүдө. Кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө бул беренелер өзгөрүшү мүмкүн. Тергөө иштери жүрүп жатат.
«АГАМДЫН СӨӨГҮН ӨРТТӨП САЛЫШЫПТЫР»
Маркум Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 19-ноябрь күнү өзү туулган Чоң-Алай районунун Чак айылында жерге берилди. Окуя тууралуу маркумдун бир тууган иниси Өскөнбай Мамажакыпов менен сүйлөштүк:
-Анарбай агам ушул жылдын май айында Таластан Баткенге которулуп келип иштеп жаткан. Ал 17-ноябрь күнү саат 10-10:30дарда үйдөн кызматтык унаасы менен чыккан экен. Саат 12лерде берки кесиптештери агамдын айдоочусуна «сен бара бер, биздин унаа менен барабыз» деп кетирип жиберишиптир. Анан саат 3төрдө чогуу аңчылыкка кеткен прокурорлордун 3өөнүн аялы агамдын үйүнө келип, конок болушат. Саат кечки 7 жарымдарда жеңем акыркы тамакты берейин деп жатканда аялдарга күйөөлөрү чалып шаштырып, алар тамактан бир кашыктан эле ооз тийип, «тез келгиле деп жатат» деп кетип калышат. Бирок аялдар үйдөн 6ларда кеттик деп көрсөтмө берип жатышыптыр.
Бир аздан кийин Баткен районунун прокурору үйгө келип, агамды сурап, жок десе ишенбей үйгө чейин кирип караптыр. Калп эле келди да. Кийин «биз үйүнө барып издегенбиз» дегенге жакшы болмок. Жетекчисинин үйүнө антип кире алышмак эмес да. Агам башка унаа менен кетип калган болсо да, аялдарына чалганда биринчи «Анарбай бардыбы?» деп сурашмак.
Анан жеңем ал прокурорго улуу баласын кошуп, чогуу издегенге жиберет. Таппай коюшканда жеңем, туугандар баары таң атканча издешет. Таңкы саат 5-6ларда сөөгү табылып жатпайбы. Аны өрттөп салышыптыр, 19-ноябрда жерге бердик.
Чындыгында жанында болгон жокпуз. Эмне болгонун билбейбиз. Агамдар Анарбай агамдын орун басарлары менен сүйлөшүп келишти. 2 орун басары эки түрдүү сүйлөп жатышыптыр. Бирөө «Анарбай унаага өзү отуруп кетип калды» десе, экинчиси «бизди унаадан түшүрүп салып, экөө кетип калышты» дептир.
Аңчылыкка чыккандардын баары уюшуп алып өлтүрүшкөн деп ойлойм. Чогуу уруп эле жүктөп келишкен окшойт. Өлтүрүүгө агамдын алардын иштерине тоскоол болгон аракети себеп болсо керек. Башка себеп көрө албай жатабыз. Анткени агам бул кызматка келгенге чейин алар мурдатан чогуу жашыруун иштерди жасап, табакташ болуп жүрүштү да. Агам болсо алардын иштерине макул болбой, тоскоолдук кылган окшойт. Менин оюмча, 2 орун басары кылмышты уюштурган, калгандары кошулган. Анан бошотуп алабыз деп Мелис Калыковду карматып коюшту окшойт. Келери менен орун басарлары «жетекчибиз жок» деп борборго кабар беришиптир. Окуядан кургак чыгыш үчүн ушундай кадамга барышты да.
Агам өзү ак көңүл, жакшы адам эле. Мурда иштеп кеткен жөнөкөй, эч кандай кызматы жок адамдар Таластан Чоң-Алайга чейин тажиясына келип кетишти. Чогуу эс алган прокурорлор келген жок. Колу менен жасабаса, бизге келип, алдыбыздан өтүп, иштин кандай болгонун түшүндүрүп, ак экендиктерин айтып кетишет эле да. Эми колубуз бошосо биз барабыз аларга. Агамдын өлүмү боюнча акыйкат чечим чыгарына ишенебиз. Анткени баш прокурор өзү тажиясына келип, «Бул иш менин карамагымда болот. Аягына чыгабыз» деп айтып кетти. Агамдын артында 3 уул, 1 кызы калды.
«ИНИМДИН АДАМ ӨЛТҮРӨ АЛАРЫНА ИШЕНБЕЙМ»
Маркум менен чогуу аңчылыкка чыккан кызматкерлер менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми кылмышка шектелип кармалган Мелис Калыковдун бир тууган эжеси Дариха Калыкова окуяга байланыштуу бир катар суроолорго жооп таба албай башы маң болуп отурганын айтат:
-Окуядан мурунку күнү бир аталаш агам уулуна сүннөт той өткөрүп, ошол тойго барганбыз. Той өткөргөн агам прокуратурада иштейт. Иним прокуратура кызматкерлерин сыйлап, кызмат кылып жанында отурган. Ошондо алар инимди аңчылыкка чыгарып келүүсүн суранышыптыр. Баш тарта албай, эртеси күнү досунун унаасын сурап, алар менен аңчылыкка кеткен. Канчада үйгө келгенин билбейм. Бирок үйгө келгенде уктоочу бөлмөсүнө да жетпептир. Үйгө кирип бараткан жеринен эле милиция кызматкерлери кармап кетишиптир.
Иним көлөкөдө багылган жалгыз бала. Өзү кичи пейил, назик. Бирөөгө керек болуп жатса акыркы кийимин да чечип бергенге даяр. Анча-мынча учурда эмоцияга алдырчу адам эмес. Ал кой эмес, тоок да соё албайт. Мал соё албаган адам кантип адам өлтүрө алат? Кантип деген ой ичимден жеп жатат. Мен ишенген жокмун.
Бирок инимди күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендигин айтыш үчүн окуя болгон жерде мен да болушум керек болчу. Ошондуктан эч нерсе айта албайм. Инимди мас болчу деп жатышпайбы. Таң калганым, ошончо прокурорлор туруп, жетекчисин кантип мас абалдагы айдоочунун унаасына салып берип коюшту? Маркум прокурордун бою узун болчу экен. Инимдин бою 1 жарым метрден кичине ашат. Эми калганын тергөө көрсөтөт. Адилеттүү жыйынтык чыгат деп күтөбүз.
АҢЧЫЛЫККА ЧЫККАН ПРОКУРОРЛОР ИШТЕН ЧЕТТЕТИЛДИ
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барып, ведомстволор аралык кеңешме өткөрүп, козголгон кылмыш иши боюнча тергөө органдарына көрсөтмө берип, иштин жагдайлары менен таанышып кайтты. Учурда Башкы прокуратура тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Кызматтык иликтөөнүн аягына чейин Баткен облустук прокурорунун 2 орун басары, 2 бөлүм башчы, Баткен районунун прокурору кызматтарынан четтетилишти. Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Орозбек Бердибаев дайындалды. Ал буга чейин Башкы прокуратуранын Аскер прокуратурасы менен УКМКнын ишине көзөмөл кылган бөлүмдө улук прокурор болуп иштеген.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg