Интернет желесиндеги Бишкек шаарын каптаган кара түтүндүн сүрөттөрү, абанын булганышы нормадан 20 эсе ашыкча деген маалымат акыркы жумада кызуу талкууга алынган тема болду. Экологдор “мындай кир аба менен дем алуу ден соолукка олуттуу көйгөй жаратарын айтып, үйлөрдү желдетүүнү токтотуш керек” десе, медиктер “сасык тумоо күч алып турган маалда үйлөрдү желдетпесе оору ого бетер жайылат” деген ойдо. Ортодо эмне кыларын билбеген карапайым шаар жашоочулары...Буга чейин да шаарды жашылдандыруу, абасын тазартуу боюнча маселелер күн тартибине коюлуп келгени менен, анын жыйынтыгы азырынча көрүнбөйт. Учурда тигүү цехтеринен чыккан калдыктар, резиналарды жагуу менен жылып жаткан жеке менчик турак жайларды, мончолорду текшерүү иштери жүрүп жаткан мезгил. Жыйынтыкты убакыт көрсөтөт. Абанын булганышы нормадан аша элек дегенибиз менен, кара түтүнгө оронгон шаар башканы далилдеп турат...
Асыл Орозбекова
koom@super.kg