Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АР БИР КАДАМЫМ ЖОЛДОШУМДУН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ»

№838 23-30-ноябрь, 2018-жыл


– Саламатсыңбы, Самара? Иштер жакшыбы? Жолдошуң Асан мырза 50 жашка толду. Юбилейин кандай өткөрүп алдыңар?

– Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? Ооба, Аскемдин 50 жылдыгын өткөрдүк. Өзү чакан той менен эле белгилеп коёлу деген. Бирок мен болбой эле чоң ресторанды сүйлөшүп, уюштуруп салдым. 50 жаш деген белгилегенге татыктуу жаш деп түшүнөм. Коноктордун саны 600дөн ашты. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусиядагы досторубуз да келишти. Аскемдин буга чейин жасаган иштерин, ийгиликтерин айтып, батасын берип кетишти. Жетишкендиктерин айтып адамдын көңүлүн көтөрүү ага стимул болот деп ойлойм. Той деген тополоң, колубуздан келишинче аракет кылдык. Жакшы бийлеген адамга Дубайга жолдомо дегенбиз. Аны ырчы Салима Балтаева утуп алды. Эжебиз сөөгү жок адамдай эле бийледи.

– Асан мырза элүүгө чыгып, баарын токтоолук менен чечип калган убагы. Сен жаштыгыңа салып чарт-чурт болуп баштаганда тыйып турса керек?

– Кандай иш болбосун ичимде дайыма эки ой бар. Бири акылым чечкен, экинчиси жүрөгүм чечкен. Акылымды уккан да, жүрөгүмдү уккан да убак болот. Бирок жаштыгыма салып тайраңдап жибербейм. Ага тарбиям жол бербейт. Турмушка чыга электе мени ата-энем тарбияласа, азыр жолдошумдун кеңешине таянам, ар бир кадамым жолдошумдун көзөмөлүндө.

– "Түгөйлөр бири-бирине окшош болушат" дешет, кошуласыңбы?

– Бир суткада 24 саат болсо, Аске менен 24 саат тең чогуу жүрөт экем. Анан окшошуп калбагандачы. Экөөбүздүн уюштуруучулук жөндөмүбүз окшош, адамгерчиликти 1-орунга коёбуз, анан да сыйчылбыз. Ичинде ит өлүп жатканы менен иши жок, эл көзүндө калп эле жакшы сүйлөгөн адамдар бар го, биз андай эмеспиз. Катташкан адамдарыбызга чын жүрөктөн мамиле кылабыз.

– Бул мүнөз башынан эле барбы же бири-бириңерден үйрөндүңөрбү?

– Мейман күтүү жагынан башынан эле окшошпуз. Бирок сыйлоо жагынан жолдошума жетчү эмесмин, аны жолдошумдан үйрөндүм. Өзгөчө өнөр адамдарын ушунчалык сыйлайт. Бирине комуз алып берсе, экинчисине тиш салып берип дегендей. Мен аны өнөр адамдарынын күйөрманы катары баалайм. Аларды аябай жакшы көрөт, концерттерин уюштуруп эле жүрө берет. Ошондон ырахат алат.

– Самара Каримованы келин катары ачып берсең.

– Апам “табагыңдан да, кабагың ачык болсун” деп көп айтчу. Апам өзү жаркылдап күлгөн, тарсылдаган, баарын бетке айткан аял. Мен да ошондоймун. Үйгө конок келсе дароо кожойкенин кабагын карашат. Кабагың ачык болсо анан коногуң чекеси тердегенче чай ичип кетет. Өзгөчө кайын журтума сый мамиле кылам. Аларга мамиле кылуу чоң искусство. Үйгө келишкенде көлдөлөңүмдү салып, чайымды сунам. Кайын журттан да жолдуумун. “Биздин келинибиз” деп сыймыктанып турушат.

– “Атам ооруп, дарыланып жатат” дедиң эле, ден соолугу жакшыбы?

– Атам акыркы убакта дайыма дары менен жашап калды. 2 ай сайын ооруканага жатат. 3 жолу инсульт алып, бир капталы иштебей калды. Азыр 70 жашта. Оорунун баары эле жөн жерден келбейт эмеспи. Атам кумурскага да зыяны жок, бардык нерсени көңүлүнө бат кабыл алган адам. Кенедей нерсеге деле жүрөгү ооруй берип, балким, ушул ооруга кабылдыбы деп да ойлоп калам. Анын үстүнө атамды жаш кезинде катуу сындырышкан экен. Элге тааныла баштаганда көрө албагандар катуу сабап, 3-кабаттан ыргытып жиберишиптир. Бирок Кудайдын кудурети менен атам тирүү калып, Оштон Лейлекке кетип калган экен.

Алыс жолго чыкканымда атам мага телефон чалып, “этият бол, ар кайсы жерден тамак жебе, күйөөңсүз эч жакка баспа” деп сарсанаа боло берет. Анын кабатырланышына жогорудагы окуя себеп болсо керек деп божомолдоп коём.

– “Ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң” дешет...

– Балдарымды ушунча жакшы көрөм. Апамдан “мени дагы ушунча жакшы көргөнсүңөрбү?” деп сурай берем. Менин чыгармачылыгымда апамдын орду чоң. Кичинекей күчүктөрүмдү чиедей кезинен карап, “күйөө балам колдоп жатканда, кызыма мен дагы жардам берейин” деп жанымда жүрөт. Таята-таене, чоң ата-чоң эне баккан балдар башкача болот окшойт. Үйгө мейман келсе балдарым эки колдоп саламдашат, бут кийимдерин тизишет. Ата-энелерибизди ыраазы кылуу үчүн колдон келген аракетибизди кылабыз. Кайненем менен апамды жакында эле эс алып келгиле деп Түркияга жөнөттүк. Атам жолдон кыйналып калышы мүмкүн. Апамды Меккеге жөнөткүм келет. Балдарынын ийгилиги ата-эне үчүн чоң бакыт деп билем.

– Балдарыңдын кимиси сага жакын?

– Негизинен бала үйдө атадан тартынып турушу керек. Апам бизди атабыз менен коркутчу. Мен дагы “атаңдын жини келип жатыптыр, атаң урушат” деп турам. Какыс-кукусту мен кылам, анда-санда уруп коём. Көңүлүнө карай берсең бала деле башка чыгып алат. Кызым атасынын жаны. Жумуштан кирип келери менен башын, бутун укалап, алма аарчып берет. Уулдарым мага жакын.

– Күйөрмандарыңа кандай жаңылыгың бар?

– Ырчы болгон соң жаңы ырлар менен күйөрмандарымдын көңүлүн көтөрүшүм керек. 2019-жылга чоң пландарды койдум, аны мактанып айтпай турайын.

– Чыгармачыл адамдар эргүү издейт, кубалайт эмеспи. Эргүү келбей калган учур болобу?

– Мен ызы-чуу жерлерге, клубдарга барганды жактырбайм. Айылда өскөн кыз болгондуктан табиятты жакшы көрөм. Жашыл шиберден, шаркырап аккан суудан, бийик тоолордон энергия, идея алам. Бош убакта жолдошум экөөбүз дайыма тоого чыгып кетебиз. Ошондо “эмне кылабыз, кандай кылалы” деп келечек пландар туурасында ойлонобуз. Эргүүнү деле өзүбүз издешибиз керек, мен дайыма изденүү жолундамын.

– Биринчи жолу сериалга тартылдың, кандай сезимдер болду? Азыр өзүң бир сериясын да калтырбай көрүп жатасыңбы?

– Киного тартылып жүргөндө аллергия пайда болуп, ооруп калдым. Көздөрүм шишип, чоң бүдүрлөр чыгып, дарылансам да кетпей кыйналгам. Режиссёр "ошол абалың сценарийге туура келет" деп тартып салган. Сериалды өзүм, жакындарым, балдарым калтырбай көрүп жатабыз. Дайыма сын көз караш менен карайм. Отуруп алып ар бир серияны талдайбыз. Балдарым өзүнчө кайсы бир каарманга жиндери келип, кадимкидей жаман көрүп талкуу кылышат. Анан “бул кино, ал аяш апаң, тиги аяш атаң. Алар жашоодо жакшы адамдар” деп түшүндүрүп баштайм. Уулум Барсбекти да сериалга тарталы дегем, бирок ал “башканы ата дебейм, менин атамдын аты Асан” деп болбой койду.

– "Адамдын көңүлү – гүл" деп коюшат. Кээде адамдар телефондун артына отуруп алып ар кандай сөздөрдү жазышат. Хейтерлердин жазганына теригип, ар бирине жооп жазасыңбы?

– Чынында комментарий окуган адам эмесмин. Менин чөйрөмдөгүлөр да “комментарий жазганга убакыт жок” деп калышат. Негатив, жаман энергия адамдын жашоосун кыскартат. Ошондуктан ар бири менен урушуп-талашып жазышпайм. Алар жазган сайын менин күнөөм азаят. Эч нерсеге терикпейм, эмне үчүн мен алардын ою менен, алар каалагандай жашашым керек? Жашоодо менин өзүмдүн көз карашым бар, бирөөнүн сөзүнө кирип эч кимди жамандабайм, качан мен өзүм ошого ынанам, анан жыйынтык чыгарам.

– Маегиңе рахмат, чыгармачылык ийгилик каалайм!


"Атам 10 жылдан бери илдет менен күрөшүп келет. Апамдын эрктүүлүгүнөн, кайраттуулугунан атам өзүн жакшы сезип жүрөт".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(64)
27.11.2018. 15:29 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7593
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
17-06-2019 00:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-9
love.me.again, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган! Эскертүү сызыгынар толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
27.11.2018. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
09-12-2011
Соӊку аракети:
11-05-2019 23:43
Жынысы:
Белгисиз
+31
Ар бир кадамы күйоосунун көзөмөлүндө болсо,анда кантип чон ресторанда тойду күйөөсүнө айтпай ырастады?Бир сөзүн экинчи сөзүнө дал келбейт го!
27.11.2018. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
14-06-2019 02:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
-6
Лично мен ырын эргуу менен угамын.Ырчы катары жактырам унун. Самаранын ону, келбети, созу, жеке жашоосу мени кызыктырбайт. Мугалимдин билимин,психологдун кенешин, алманын момосун, бадамдын данегин жеген сыяктуу озубузго керегин алайлы.
Улуу адамга тийди деп баары эле жаман корот. Акмоор менен Жантай чал да отподу беле? Адамзат тарыхында болуп келген боло берет. Озунон ото эле улуу же кичуу менен турмуш куруп, ортодогу чон жаш айрымага карабай уй-булосун сактап бир чыры чыкпай жашоого да эрк к
dobrajelatel түзөттү 2018-11-27 20:49:52
27.11.2018. 21:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
11-12-2010
Соӊку аракети:
29-03-2019 18:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+13
Озу озу алдап бактылуумун деп оло мактаныпсынго А[moderated]е тийгенине да атасы ойлонуп сыгылып ооруп калса кк бул жалган жашоодо акча чечпейтго баарын озу деле ичинен аттин десе кк
27.11.2018. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
05-02-2019 18:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+11
Аскем аскем эле дейтго)))
27.11.2018. 22:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
13-06-2019 22:43
Жынысы:
Белгисиз
+11
Өзү аскем эмес астам десе деле жарашат
27.11.2018. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
16-06-2019 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа,жакшы. Мен атасынын досуна тийген деп уккан элем, шугур, жалган уккан экем.
28.11.2018. 04:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
05-01-2019 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+11
Курманжандын,Таттыбубунун 1 тамгасына арзыбайт го....
28.11.2018. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
16-06-2019 19:32
Жынысы:
Белгисиз
-6
«Бироонун жеке турмушун талкуулоодон уялбайсынарбы? Бироонун шифериндеги карды карабай оз короондогу карды тазала», дейт. Ишин, дагы башка коомчулук менен болгон аракеттерин айтсанар башка кеп
28.11.2018. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
15-06-2019 09:04
Жынысы:
Белгисиз
+10
taalay25,талкуулабагыла дебесе,анда гезит бетине жашшосун жарыялабасын,Эми ажатканага барганын эле айтпай калды
28.11.2018. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
16-06-2019 19:32
Жынысы:
Белгисиз
-9
katerina.li,сени менен менден сурабайт аны,
28.11.2018. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
01-04-2015
Соӊку аракети:
15-06-2019 03:08
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жылдын мыкты мактанчагы деген наам бериш керек мындай мактанганга таланты бар адамдарга
28.11.2018. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
486
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
16-06-2019 23:04
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аскеси демек Самарадан 23 жаш чон экен!Эн чон перзенти менен тен экенда,балким анданда кичинедир!почти кызы эле болот да,ушуга кантип чырактай кызды акчасы менен озуно багынтып алды?ойлонбойбу келме кезек терме тезек деген бар,озунунда кызы бар экен Самара экоонон ,ошол кызын убагы келгенде озунон 25 жаш улуу кишиге турмушка чыгам деп калса эмне болоор экенсинер аа?кызын 20 жашта болгондо тиетурган адамы 45 жаштагы абышка болуп калат экен,кызык бул абышканын койнунда кантип жатат экенсин?
30.11.2018. 00:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
16-06-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+4
Eli.91,туура айтасын жашоо бумеранг бирок сынтакпа Сенин да эртенки кунуно гарантия док.
30.11.2018. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
895
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
14-06-2019 15:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91,акча жаткырса керек бир болсо)))
03.12.2018. 05:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
21-12-2013
Соӊку аракети:
25-01-2019 21:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91,ооба кызы менен тен, кызыгы кызынын аты дагы Самара.
28.11.2018. 16:29 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7593
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
17-06-2019 00:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-2
love.me.again, такталбаган маалыматты жазууга тыюу салынат.
28.11.2018. 19:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
13-12-2017
Соӊку аракети:
15-06-2019 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+13
Канча адам келди деп сурагансып,600жуз адам келди деп мактанып ийгени жакшы болбой калыптыр. 600 адам 100$дан бергенде оууууу ошону да кошо кетпептир да.с.балтаева жолдомо утуп алганын да бироо сурадыбы? Кыскасы эмгек синирген артист эмес эле,элди иренжиткен эле артистсин да.
28.11.2018. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-08-2018
Соӊку аракети:
11-01-2019 20:15
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмгек синирген кызматкерлер Кыргыз маданиятына кандай салым кошуп жатат, маданият тууралуу маек курсанар болбойбу? Бири куйоосун мактап,бири жамандап. Кыргыз маданиятынын жузу, денгээли ушубу?!
29.11.2018. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
04-04-2019 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nakulya17,сага 1000 плюс басам
29.11.2018. 08:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
15-06-2019 20:31
Жынысы:
Белгисиз
-11
Самарадай чыйрак,аракетчил болсок баарыбызга эле жакшы болмок. Кээ бир келиндер куйоолорун эптей албай алдырып жиберип жатышпайбы
29.11.2018. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
13-06-2019 22:43
Жынысы:
Белгисиз
+9
datkayimjan,чыйрак болуп беш балалууну тартып алайлыбы
30.11.2018. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
16-06-2019 19:32
Жынысы:
Белгисиз
-7
AksyKum, билбесен суйлобо, Асан 2008-жылы биринчи никеси менен ажырашып кеткен. Самара менен 2011-жыйынтык уйлонду.
29.11.2018. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
04-04-2019 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аскем дейби, кошмар
29.11.2018. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
04-04-2019 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супердеги, соцсеттердеги, жанылыктардагы, [moderated]тагы иши кылса каердеги комментарийди окусан бут эле эл иренжийм ушул ырчыдан деген комментарийлер
30.11.2018. 09:22 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7593
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
17-06-2019 00:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-2
sarbo, такталбаган маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү! Билдирүү өчүрүлдү.
30.11.2018. 20:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
11-06-2019 14:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Плутон
+7
Жакпайт ушул кыз , жердешим болсо да )
30.11.2018. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
16-06-2019 17:39
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эх кыргызбызда бироонун жаман жагын айтып турбаса болбойт Самаранын денгелине жеткилечи биринчи уйбулосу бар эмне чон киши болсо
01.12.2018. 12:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
28-05-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ак шоола сериалында жакшы ойной албаптыр,козун чегип алган адамдардай сузултуп алысты телмире тиктеп театральный голос менен суйлой берет экен,где надо где не надо деле))Анан ар бир создон кийин,прям ааар бир создон кийин пауза кыла берет экен,актрисалар ушинтип суйлойт деп ойлоп журсо керек)))Андан коро жаш кыз Мээримден жана Алиянын кандай ойногонун бир сыйра коруп чыкчы,накта актрисалар ошондой ойнойт,Лилия экоон переиграли слишком..
02.12.2018. 02:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
13-12-2017
Соӊку аракети:
15-06-2019 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
surgаeon777,туура спектакль ойноп аткандай эзиле берген
01.12.2018. 12:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
28-05-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен коро албай атам,минус баскылааа)))))))
04.12.2018. 00:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
28-05-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,охоо,менин эжекем менин телефонуман кирип Самарага "комлименттерден" айтып чыгып кетиптир)))))))))))
01.12.2018. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
28-05-2019 19:47
Жынысы:
Белгисиз
-3
Самара азаматсын сага чыгармачылык ийгилик ал эми коро албагандарга боорум гана ачыйт булар баары нервден кеткендерго дейм.
orxidey түзөттү 2018-12-01 20:31:37
01.12.2018. 20:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
04-06-2019 14:34
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чынында тарбиялуу аялзаты экен. Мен Салам Кыргызстанга келгенде суйлогонун оюндан жиндидей болгон немени туура десе туурабай оджимания жасап бергенин ото сыйлап калгам. Самара чынында ото кыйын адам экен ушунча созду угуп Асанын Анжеликача таштап кетет го дей берем бирок ага жол бербестирсин жана бербе демекчимин.
01.12.2018. 21:26 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
20-11-2018
Соӊку аракети:
29-12-2018 15:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асан сасык аяш атасына тийип алганын акча учун эмнелерди гана кылбайт азамзат
02.12.2018. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
16-06-2019 13:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сенин ар Бир кадамынды карап турбаса жаш анан бай бироону ээрчип кетет деп атат да.
03.12.2018. 13:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-11-2018
Соӊку аракети:
14-12-2018 09:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо ар кандай болот экенда
03.12.2018. 13:54 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-11-2018
Соӊку аракети:
14-12-2018 09:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм
03.12.2018. 21:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
11-07-2016
Соӊку аракети:
02-03-2019 00:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип комментарии жазып, убактынызды короткуча, интернет аркылуу акча табыныз
Баарын ватсап аркылуу тушундуруп берем, мумкунчулуктор кенен 0776 000883
kasiko түзөттү 2018-12-03 21:06:30
12.12.2018. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-04-2016
Соӊку аракети:
14-06-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага уну, ырлары жагат,а жеке жашоосуна кийлигишкенге акыбыз жок, бирок Гульнур Сатылганованы таарынтканы жаккан жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22391;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: