– Саламатсыңбы, Самара? Иштер жакшыбы? Жолдошуң Асан мырза 50 жашка толду. Юбилейин кандай өткөрүп алдыңар?
– Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? Ооба, Аскемдин 50 жылдыгын өткөрдүк. Өзү чакан той менен эле белгилеп коёлу деген. Бирок мен болбой эле чоң ресторанды сүйлөшүп, уюштуруп салдым. 50 жаш деген белгилегенге татыктуу жаш деп түшүнөм. Коноктордун саны 600дөн ашты. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусиядагы досторубуз да келишти. Аскемдин буга чейин жасаган иштерин, ийгиликтерин айтып, батасын берип кетишти. Жетишкендиктерин айтып адамдын көңүлүн көтөрүү ага стимул болот деп ойлойм. Той деген тополоң, колубуздан келишинче аракет кылдык. Жакшы бийлеген адамга Дубайга жолдомо дегенбиз. Аны ырчы Салима Балтаева утуп алды. Эжебиз сөөгү жок адамдай эле бийледи.
– Асан мырза элүүгө чыгып, баарын токтоолук менен чечип калган убагы. Сен жаштыгыңа салып чарт-чурт болуп баштаганда тыйып турса керек?
– Кандай иш болбосун ичимде дайыма эки ой бар. Бири акылым чечкен, экинчиси жүрөгүм чечкен. Акылымды уккан да, жүрөгүмдү уккан да убак болот. Бирок жаштыгыма салып тайраңдап жибербейм. Ага тарбиям жол бербейт. Турмушка чыга электе мени ата-энем тарбияласа, азыр жолдошумдун кеңешине таянам, ар бир кадамым жолдошумдун көзөмөлүндө.
– "Түгөйлөр бири-бирине окшош болушат" дешет, кошуласыңбы?
– Бир суткада 24 саат болсо, Аске менен 24 саат тең чогуу жүрөт экем. Анан окшошуп калбагандачы. Экөөбүздүн уюштуруучулук жөндөмүбүз окшош, адамгерчиликти 1-орунга коёбуз, анан да сыйчылбыз. Ичинде ит өлүп жатканы менен иши жок, эл көзүндө калп эле жакшы сүйлөгөн адамдар бар го, биз андай эмеспиз. Катташкан адамдарыбызга чын жүрөктөн мамиле кылабыз.
– Бул мүнөз башынан эле барбы же бири-бириңерден үйрөндүңөрбү?
– Мейман күтүү жагынан башынан эле окшошпуз. Бирок сыйлоо жагынан жолдошума жетчү эмесмин, аны жолдошумдан үйрөндүм. Өзгөчө өнөр адамдарын ушунчалык сыйлайт. Бирине комуз алып берсе, экинчисине тиш салып берип дегендей. Мен аны өнөр адамдарынын күйөрманы катары баалайм. Аларды аябай жакшы көрөт, концерттерин уюштуруп эле жүрө берет. Ошондон ырахат алат.
– Самара Каримованы келин катары ачып берсең.
– Апам “табагыңдан да, кабагың ачык болсун” деп көп айтчу. Апам өзү жаркылдап күлгөн, тарсылдаган, баарын бетке айткан аял. Мен да ошондоймун. Үйгө конок келсе дароо кожойкенин кабагын карашат. Кабагың ачык болсо анан коногуң чекеси тердегенче чай ичип кетет. Өзгөчө кайын журтума сый мамиле кылам. Аларга мамиле кылуу чоң искусство. Үйгө келишкенде көлдөлөңүмдү салып, чайымды сунам. Кайын журттан да жолдуумун. “Биздин келинибиз” деп сыймыктанып турушат.
– “Атам ооруп, дарыланып жатат” дедиң эле, ден соолугу жакшыбы?
– Атам акыркы убакта дайыма дары менен жашап калды. 2 ай сайын ооруканага жатат. 3 жолу инсульт алып, бир капталы иштебей калды. Азыр 70 жашта. Оорунун баары эле жөн жерден келбейт эмеспи. Атам кумурскага да зыяны жок, бардык нерсени көңүлүнө бат кабыл алган адам. Кенедей нерсеге деле жүрөгү ооруй берип, балким, ушул ооруга кабылдыбы деп да ойлоп калам. Анын үстүнө атамды жаш кезинде катуу сындырышкан экен. Элге тааныла баштаганда көрө албагандар катуу сабап, 3-кабаттан ыргытып жиберишиптир. Бирок Кудайдын кудурети менен атам тирүү калып, Оштон Лейлекке кетип калган экен.
Алыс жолго чыкканымда атам мага телефон чалып, “этият бол, ар кайсы жерден тамак жебе, күйөөңсүз эч жакка баспа” деп сарсанаа боло берет. Анын кабатырланышына жогорудагы окуя себеп болсо керек деп божомолдоп коём.
– “Ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң” дешет...
– Балдарымды ушунча жакшы көрөм. Апамдан “мени дагы ушунча жакшы көргөнсүңөрбү?” деп сурай берем. Менин чыгармачылыгымда апамдын орду чоң. Кичинекей күчүктөрүмдү чиедей кезинен карап, “күйөө балам колдоп жатканда, кызыма мен дагы жардам берейин” деп жанымда жүрөт. Таята-таене, чоң ата-чоң эне баккан балдар башкача болот окшойт. Үйгө мейман келсе балдарым эки колдоп саламдашат, бут кийимдерин тизишет. Ата-энелерибизди ыраазы кылуу үчүн колдон келген аракетибизди кылабыз. Кайненем менен апамды жакында эле эс алып келгиле деп Түркияга жөнөттүк. Атам жолдон кыйналып калышы мүмкүн. Апамды Меккеге жөнөткүм келет. Балдарынын ийгилиги ата-эне үчүн чоң бакыт деп билем.
– Балдарыңдын кимиси сага жакын?
– Негизинен бала үйдө атадан тартынып турушу керек. Апам бизди атабыз менен коркутчу. Мен дагы “атаңдын жини келип жатыптыр, атаң урушат” деп турам. Какыс-кукусту мен кылам, анда-санда уруп коём. Көңүлүнө карай берсең бала деле башка чыгып алат. Кызым атасынын жаны. Жумуштан кирип келери менен башын, бутун укалап, алма аарчып берет. Уулдарым мага жакын.
– Күйөрмандарыңа кандай жаңылыгың бар?
– Ырчы болгон соң жаңы ырлар менен күйөрмандарымдын көңүлүн көтөрүшүм керек. 2019-жылга чоң пландарды койдум, аны мактанып айтпай турайын.
– Чыгармачыл адамдар эргүү издейт, кубалайт эмеспи. Эргүү келбей калган учур болобу?
– Мен ызы-чуу жерлерге, клубдарга барганды жактырбайм. Айылда өскөн кыз болгондуктан табиятты жакшы көрөм. Жашыл шиберден, шаркырап аккан суудан, бийик тоолордон энергия, идея алам. Бош убакта жолдошум экөөбүз дайыма тоого чыгып кетебиз. Ошондо “эмне кылабыз, кандай кылалы” деп келечек пландар туурасында ойлонобуз. Эргүүнү деле өзүбүз издешибиз керек, мен дайыма изденүү жолундамын.
– Биринчи жолу сериалга тартылдың, кандай сезимдер болду? Азыр өзүң бир сериясын да калтырбай көрүп жатасыңбы?
– Киного тартылып жүргөндө аллергия пайда болуп, ооруп калдым. Көздөрүм шишип, чоң бүдүрлөр чыгып, дарылансам да кетпей кыйналгам. Режиссёр "ошол абалың сценарийге туура келет" деп тартып салган. Сериалды өзүм, жакындарым, балдарым калтырбай көрүп жатабыз. Дайыма сын көз караш менен карайм. Отуруп алып ар бир серияны талдайбыз. Балдарым өзүнчө кайсы бир каарманга жиндери келип, кадимкидей жаман көрүп талкуу кылышат. Анан “бул кино, ал аяш апаң, тиги аяш атаң. Алар жашоодо жакшы адамдар” деп түшүндүрүп баштайм. Уулум Барсбекти да сериалга тарталы дегем, бирок ал “башканы ата дебейм, менин атамдын аты Асан” деп болбой койду.
– "Адамдын көңүлү – гүл" деп коюшат. Кээде адамдар телефондун артына отуруп алып ар кандай сөздөрдү жазышат. Хейтерлердин жазганына теригип, ар бирине жооп жазасыңбы?
– Чынында комментарий окуган адам эмесмин. Менин чөйрөмдөгүлөр да “комментарий жазганга убакыт жок” деп калышат. Негатив, жаман энергия адамдын жашоосун кыскартат. Ошондуктан ар бири менен урушуп-талашып жазышпайм. Алар жазган сайын менин күнөөм азаят. Эч нерсеге терикпейм, эмне үчүн мен алардын ою менен, алар каалагандай жашашым керек? Жашоодо менин өзүмдүн көз карашым бар, бирөөнүн сөзүнө кирип эч кимди жамандабайм, качан мен өзүм ошого ынанам, анан жыйынтык чыгарам.
– Маегиңе рахмат, чыгармачылык ийгилик каалайм!