ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Адилеттик күчтүүлөрдүн колунда дешет. Бул жолу да ошондой болду. Жаныбек күнү-түнү иштеп күбө издеп, Элинаны бул жагдайдан чыгара тургандай эч нерсе таба албады. Соттук отурумда 2 жылга эркинен ажыратты да койду. Элинанын өӊү бопбоз эле. Нес абалында калды. “Эмнеге? Кантип? Мен күнөөсүзмүн...” Ичинен жулунган айкырык сыртка чыкпады. Эрдин күбүрөтө берди. “Балдарым” деди. Жаныбек столду чаап жиберип, жүз буруп кетти. Зиректин көздөрү чакчайды. Бул түш эмес болчу, реалдуулуктан өткөн реалдуулук болчу. Эки жыл! Эки жыл балдары кантет? Алия ушу жылы биринчи жолу мектеп босогосун аттайт. Апасы жок болуп кеткенине эми араӊ көнүп келе жаткан балдар эки жыл энесиз кантип жашайт?

Соттук отурумда спорттук кийим кийген арткы катарда отурган аялды эч ким тааныган жок. Жүзүнө чейин тартып алган кепкадан аны байкаш оор болчу. Бул аялдын көзү Элинада эле. Дагы деле көкүрөгүн жеген “Менден артык эмнеси бар? Эмнеге Аман мени бул жөнөкөй кыздай сүйө албады? Менде жок эмне бар бул кызда? Менден баш тартып, буга кете тургандай ким бул?” деген кызыгуу аралаш кызгануу бар эле. Өзүн кимдир бирөө тиктеп турганын сезген Элина менен Нуризанын көздөрү бир саамга чагылыша түштү. Чыйрала түштү Элина. Боюн түздөй берди. “Хм, жеӊилди деп ойлоп жатасыӊбы? Жок! Али баары алдыда” деди көздөрү. Нуриза көзүн ала качты. Ошол күнү Нуриза шаарды аралай жалгыз жүрдү. Америкадан келгенден бери күндүз таптакыр үйүнөн чыкпайт, түн ичинде гана шаарды аралаган адаты бар. “Баары бүттү, Аман” деди шыбырай. Баарын башынан баштаганы оӊ. Колунан келер бекен?

– Жардам берсеӊиз,- деп колун сунган кайырчы чыкты алдынан. Чөнтөгүн карап туруп бар акчасын тигиге берип койду. Күбүрөп бата кылган адамдын жүзүнө деле карабады. Негизи атасынан айырмаланып Нуриза дүнүйөгө ач көз эмес болчу. Амандын колундагынын баарын өзүнө каттатып алганды да атасы ойлоп тапкан. Дүнүйөнү мыкчыган боюнча жашап өтө тургансыган бир гана Сыялы Туманов болчу. Эгерде Аман анын акыркы өтүнүчүн аткарганда, балким, тирүү калмак. Балким...

ххх

– Ээй, сен анчалык бошобо. Жогорку Сотко кайрылабыз. Муну менен эле бүтүп калбайт,- деди Жаныбек Элинага.

– Колубуздан эмне келет? Ошентсе да бардыгын кылдыӊ. Рахмат сага. Сага да, Седеп эже, сизге да. Баса, апамдан кабар барбы?- деди.

Баары көздөрүн ала качышты. Элина айттырбай түшүндү.

– Мейли. Балдардын бетинен өөп коюӊуз.

Башка эч нерсе дегенге алы келбеди. Шалдырап турду.

ххх

– Апам кайда? Эмнеге келбейт?- деп таӊ атпай ыйлап жаткан Адамды соорото албай убара болуп жатты Зирек.

– Сен эмнеге бизди багып жатасыӊ, кет сен, апам келсин!- дейт көзүнөн жашы салаа-салаа аккан наристе.

– Адам, мен...

– Эмне сен?

– Кечир...

– Кеткин сен, сен келген үчүн, бизди бакканыӊ үчүн апам кетти. Сени өппөй койсом эмне, балким, апам мага таарынып кетип калды...

– Адам, анткен жок, жарыгым. Келчи мага, болдучу эми. Айтчы, эмне кылайын? Мен баарын кылам. Бүгүн кааласаӊ сени бакчага алып барбайм.

Көзүнүн жашын аарчый тиги таӊ кала тиктеп калды.

– Сен да ыйлап жатасыӊбы?

– Жок, ыйлаган жокмун,- деди Зирек көз жашын сүртө.

– Апама барам мен...

– Эгерде сен ыйыӊды токтотсоӊ, мен сени апаӊ менен телефондон сүйлөштүрөм.

– Чынбы?

Күндө ушул. Балдар аябай сагынышты. Алия так апасын тарткан экен, чатак салып ыйлап бушайман кылбаганы менен, күндөн-күнгө соолуп бара жатты. Күлүӊдөгөн көздөрүнүн шаӊы өчүп, кээде таптакыр эле сүйлөбөй койгонго өттү. Баарынан балдарга оор эле. Аргасыз Зирек балдарды апасына жолуктура турган болду.

– Алия, Адам, апаӊар... Мен силерге жалган сүйлөдүм. Апаӊар чет өлкөгө ишке кетти дебедим беле. Мен жалган айттым. Жаман адамдар апаӊарды... Уф, Элина азыр... Кыскасы, мен эртеӊ силерди апаӊарга алып барам.

– Урее-е!- деп кыйкырды Адам.

– Чынбы, эне?- деди Алия көздөрүнө тике карап. Ал биринчи жолу “эне” деди.

– Чын. Эми келгиле колуӊарды жууп тамак ичебиз.

Тамак ичип бүтүп, идиш жыйнашып жатканда Зирек Алиядан акырын сурады.

– Алияш, сен мени эне дедиӊби?

– Ооба, бакчадагы балдардын баары чоӊ энесин эне дешет. Мен да эне десем...

– А сен мени эненин ордуна таене деп айтсаӊ кандай болот?- деди Зирек толкунданганын жашыра албай.

– Таене? Биздин таенебиз бар да...- деди Элинанын чоӊ энесинин сүрөтүн көрсөтүп.

Зирек шуу үшкүрдү. Кыз моюнунан кучактай берип бетинен өөп “таене” деди шыбырай.

ххх

Эшиктен көзүн албай жатты Элина. Балдарын алып келмей болушту. Жүрөгү алаканында согуп жаткандай сезилди. Мына эшиктен кирип келишти. Элейген көз караштарында суроо. Элинаны биринчи Адам көрдү.

– Апа...- кадам жасай токтоп калды.

Анан Алия көрдү. Элина чуркап жетейин дейт. Буттары тушалып баспай калгандай. Коркуу аралаш балдарын тиктеп турду. Күнөөсүз экенин экөө билсе болду. Башкалар менен иши канча, балдарынын көздөрүндө акталса болду. Жарык жана берген сыяктуу балдарынын күнөөсүз көздөрүнөн өзүнө болгон сагынычты көргөндө гана жүрөгү ордуна келди. Чуркап жетип кучагына кысты. Үчөө кучакташып өпкүлөшүп жатышты. Айрыкча Адам апасынын көздөрүнөн өпкүлөйт.

– Кандайсыӊар? Ой, болду эми...- көзүнөн аккан жашка ээ боло албай энтигип турса да, күлүмсүрөгөнгө тырышты.

– Апа, сен эмнеге бул жердесиӊ?

Суроо жоопсуз калды. Атасы да жүрүп эле жок болуп кеткен. Апасы “чет өлкөдө, эртеӊ келет” деп алдаган. Кичине жүрөгү ызага толуп чыкты.

– Апа?

– Кызым, мен эч жаман иш кылбадым. Мен иштеп жаткам,- мукактанган Элина балдарына акылы, күчү жетишинче түшүндүрүп берди. Алиянын баары бир акылы жетпеди. Апасынын күнөөсү жок болсо деле эмнеге камап коюшат?

– Апа, биз эмне болобуз? Ким менен калабыз?

– Седеп эжеӊ менен жашап турасыӊар. Мен барам, тез эле барам, ага чейин сен жакшы кыз бол, ээ?

Кызынын жаштуу көздөрүнөн өптү. Наристенин да, эненин дагы, аларды карап турган дагы бир эненин да жүрөгү сыздап жатты.

ххх

Сыялы Туманов жеӊил дем алды. Мындан ары коркунуч жаратпайт деп ишенди. Мизин кайтардым, балдары үчүн болсо да эми тынч жашайт деп ойлоду. Дагы бир жолу уятын “кызым үчүн кылып жатам” деген чүпүрөк менен жапканга аракет кылды. Адам өз чындыгынан өзү качкан жаман тура. Күтүүсүз сокку такыр ал күтпөгөн тараптан келерин билбеди. Элинага периште сыяктуу жардам эч ким, эч кандай адам көз алдына келтире албай турган жерден келерин билген жан жок эле.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
originalkgz96
2018-11-27 09:25:47
Сыялынын да башына иш тушоткен буюрса
0
demo009
2018-11-27 09:29:14
Иши кылып Аман келет экен да,
+3
Latihani
2018-11-27 10:29:23
Кичине жазганга жараша көбүрөөк жазсаңар, адамдын жүрөгүн сыкпай
+3
love_you
2018-11-27 10:39:07
Latihani,ошо да, толгоо келип жанып кеткендей эле болуп калдым, же Чубак ажы айткандай, чала олгон жыландай болуп))
+9
pochtalyonin
2018-11-27 15:11:58
love_you,)))))))))))
0
Shaa-82
2018-11-27 12:35:53
Эххх адамды ыйлаттыго(((.
0
Talantbek80
2018-11-28 22:02:53
Акталып чыгат го десе байкуш келин
0
Antalyamanavgat
2018-11-28 22:30:52
Периште сыяктуу жардам деген жери оң жакка буруп кетет окшойт
0
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан