Мамлекеттин мыйзамы бардык жаранга бирдей. Катардагы жарандан өлкө башчысына чейин. Бирок мындай көрүнүш мыйзамдар сакталган, өлкөнүн Конституциясы башкы мүдөө болгон өлкөлөрдө гана болоруна күбө болуп жатабыз. Буга Түштүк Корея мисал. Тагыраагы, президенттик тактыдан абакка кеткен Пак Кын Хенин окуясы.
ТАГДЫРДЫ ӨЗГӨРТКӨН ПЛАНШЕТ
Түштүк Кореянын президентине байланыштуу жаңжал мындан 2 жыл мурун башталган. Ал өлкөнүн журналисттери мейманканалардын биринин таштанды төгүлчү жайынан планшет таап алышат. Ал жөнөкөй планшет эмес, бүтүндөй өлкөнүн тагдырын өзгөрткөн планшет болуп чыгат. Анда жашыруун документтерден тартып президент сүйлөй турган тексттерге чейин президенттин курбусу кийлигишип турганы белгилүү болот. Мындан улам курбусун мамлекеттик иштерге аралаштырды деген чуу чыгып, эл президенттин отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Жыйынтыгында 2016-жылдын декабрь айында парламент тарабынан импичмент жарыяланып, аны Конституциялык сот 2017-жылы мартта кабыл алат. Муну менен Пак Кын Хе кызматынан бошотулуп, президенттик кол тийбестигинен да ажырайт. Өлкөнүн прокуратурасы ага "пара алуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "мамлекеттик сырларды таратуу" беренелер боюнча айыптап, кылмыш иши козголгон.
2017-жылдын апрель айында соттун жыйынтыгында алты кылмыш иши боюнча президент күнөөлүү деп табылып, 24 жылга эркинен ажыратылат. Мындан сырткары сот мурдагы президентке 16 миллион 900 миң доллар айып салган. Кийинчерээк анын иштери дагы иликтенип, 2018-жылы дагы кошумча айыптар тагылып, 24 жылдын үстүнө дагы 8 жыл кошулган. Бирок Апелляциялык сот жаза мөөнөтүн кыскартып, жаза мөөнөтү 25 жыл деген чечим чыгарган.
Тактыдан камакка бир жол – мыйзам бузуу. Мыйзам иштеген өлкөдө ушундай...
КОРЕЯЛЫК “РАСПУТИН”
Пак Кын Хе 2012-жылы 51 пайыз добуш менен Түштүк Кореянын жаңы президенти болуп шайланып, кызматка 2013-жылдын февраль айынан тарта расмий түрдө киришкен. Анын атасы генерал Пак Чон Хи Кореяны 1961-жылдан 1979-жылга чейин башкарып, диктатор болсо дагы өлкөнү “4 жолборстун” бирине айланткан. “Кын Хе атасынын аброюна таянып гана шайлоодо жеңе алды” деген пикир жаралган. Өлкөнүн тагдырын чечүүдө жакын курбусун аралаштырарын анда эч ким ойлогон эмес.
Кореялык “Распутин” деген ким өзү? Чве Сун Силдин президент менен достугу 1970-жылдары башталган. Анда эки курбу 20 жашка дагы чыга элек кези. Сун Силдин атасы Чве Тэ Мин «Ёнсегё» деген диний секта түптөгөн (кийин бул сектаны кызы Сун Сил башкарган). Кын Хенин апасы менен атасы каза болгондон тарта анын эң жакын адамы Сун Сил болуп калат. Келечектеги президенттин жаштайынан бул сектага жакын болушу анын келечегине оор кедергисин тийгизди. Жергиликтүү басылмалар “Сун Сил президенттин курбусу гана эмес, көңүлдөшү да болгон” деп жоромолдоп жазып чыгышты.
Тергөөдөгү жагдайлар боюнча Кын Хе президент болуп турганда президенттик аппарат, тиешелүү адистер менен кеңешпей эле, өзүнүн “командасы” менен кеңешип келген. “Командасында” жакын курбусу Сун Сил, аялдарга кызмат көрсөткөн "жиголо" Ко Ён Тэ сыяктуу адамдар болгону аныкталды (жалпы 30 адамга айып тагылган). Сун Сил эч кандай мамлекеттик иштерде иштебей туруп эле, президенттик аппараттын иштерине түзмө-түз кийлигишип турган. Тергөө иштеринде өлкө башчысынын атын жамынып көптөгөн ири компаниялардан акча талап кылынганы белгилүү болду. Ал 2016-жылдын ноябрь айында камакка алынып, ага 18 берене боюнча айып коюлган. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес. 2018-жылы сот аны 20 жылга эркинен ажыратты.
СУРООЛОРУ КӨП ФАЙЛ
Түштүк Кореянын президентинин окуясы башка өлкөлөрдүн башчыларына мисал болуп бере алабы?
Өткөн аптада юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы кассасы деп эсептерди жарыялаган. Анда президенттик шайлоо алдындагы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы делген эсептер ачыкталган. Расмий маалыматтарга таянсак, Жээнбековдун үгүт кампаниясына 158 миллион 96 миң 175 сом сарпталган. Ачыкталган кассада 1 миллиард 170 миллион 187 сом жана
6 миллион 855 миң 700 АКШ доллар сарпталганы жазылган. Эгерде ушул маалымат чын болуп чыкса, анда азыркы президенттин шайланышы мыйзамсыз болуп чыгат.
Бул боюнча Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов "Документте иш-чаралар, даталар туура, мага байланыштуу маалыматтар чындык, башка аты аталган адамдар тууралуу өздөрүнөн суроо керек" деп билдирет. Президенттик аппараттын өкүлү Толгонай Стамалиева бул документте эч кандай мөөр дагы, кол дагы коюлган эместигин айтып, "комментарий берүүнүн кажети жок" дейт. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бул документтердин жарыяланышын Икрамжан Илмияновдун камалганына байланыштырды. “Бул таза жана ачык-айкын акча болсо, анда эмне үчүн акчанын бардык көлөмүн көрсөтүшкөн эмес?” деп суроо салат экс-президент.
“Расмий маалыматтан дээрлик 10 эсе көп каражат коротулса, бул акчалар кимдики? Кайдан келди? Президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болгонбу?” деген суроолор жаралат. Комментарий берүүдөн баш тарткан күндө дагы, бул көп суроону жаратты. Президенттин аты аталып жаткан файл чын болуп чыкса импичмент жарыялоого негиз жаралат.
Мыйзамдар сакталган өлкөдө ким болбосун же жогорку кызматына карабай сот жообуна тартылуусу мүмкүн экендигин Корея далилдеди.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg