“Нан болсо – ыр да болот”, “нансыз жашоо жок” деп айтылып келет. Согуш, ачарчылык адам баласын нанды ыйык тутууга алып келген. Мына ушундай баалуу азыкты бардык тамактар менен жегенге болбойт дешет окумуштуулар, гастроэнтерологдор жана диетологдор. Эмнеге экенин врач гастроэнтеролог Болот Турусбеков чечмелеп бермекчи.
НАНДЫН КУРАМЫНДА
Углевод, май, өсүмдүк белогу, клетчатка, витаминдер (E, PP, B, A0, минералдык заттар: марганец, селен, темир, цинк, ванадий, кобальт, фосфор, жез, кальций, натрий, магний), амин кычкылдары бар.
НАН + ПАЛОО, БОТКО, МАКАРОН, КАРТОШКА
Палоо күрүчтөн жасалганы менен, анын курамында да крахмал, ботко маннадан, гречкадан, күрүчтөн, сулудан жасалса да аталган акшактардын курамында крахмал бар. Макарондун жана картошканын курамында да крахмал бар. Кыскасы, күрүчтөн, макарондон, картошкадан жасалган коюу тамактарды, боткону нан менен жегенге болбойт. Улуттук тамак болгон бешбармак (ундан жасалгандыктан курамында крахмал болот) да нан менен айкалышпайт. Крахмалдар ашказанга барганда желимдей болуп чапташып, ал органга күч келтирип, аш кылуу оорлойт. Ичегиден да ары жылышы кыйындап, ич катуусу мүмкүн. Көп колдонууда ашказан-ичеги оорусу барлардын оорусун карматып жана күчөтөт. Оорусу жоктордо ашказан-ичеги оорусу жаралуусу мүмкүн. Картошканы жашылча менен жегенге жакшы. Ал эми күрүч, картошка, макарон кошулган суюк тамактарды аз өлчөмдөгү нан менен жегенге болот.
НАН + КОЗУ КАРЫНДАН ЖАСАЛГАН ТАМАК
Козу карын эң кеч сиңүүчү азык. Анткени ал топурактан оор металлдарды (цинк, коргошун, кадмий, жез, сымап жана башка) сиңирип алат. Аталгандар козу карынды бышырганда да анын курамында кала берет. Буга нандын курамындагыларды кошкондо сиңирүүгө кыйын, организмге зыян алып келчү тамак болуп калат. Андыктан козу карындан жасалган тамактарды өзүнчө жеш керек.
НАН + ЖАШЫЛЧАЛАР (КАРТОШКАДАН БАШКАСЫ)
Эң сонун айкалыш. Жеңил сиңет.
НАН + МАЙЛУУ ЭТ, МАЙЛУУ КОЛБАСА, МАЙЛУУ БАЛЫК, КУЙРУК, МАЛДЫН МАЙЫ
Организм нанды сиңирүү үчүн башка фермент, эт жана майды сиңирүүгө башка фермент бөлүп чыгаруусу керек. Бир убакта 2 түрдүү фермент бөлүп чыгаруу оор. Ошондуктан бир фермент эртерээк, экинчи фермент кечирээк бөлүнүп чыгып калуусу мүмкүн. Бул ашказан-ичегиге күч келтирет.
Негизи майлуу азыктарга кара жана кебектүү нанды кошуп жеш сунушталат. Анткени алардын курамында клетчаткалар көбүрөөк, алар азыктардын ичегиде туруп калбай жылышына жана сиңишине жардамдашат. Ак нандын курамында клетчаткалар аз (буудайдан ак ун тартууда алардын клетчаткалары азаят). Бирок сөзсүз көк чөптөрдү же жашылчаны кошуу керек. Негизи малдын майында зыяндуу холестерин болгондуктан жеш сунушталбайт.
Майлуу тамак менен нан жеш панкреатит (уйку без оорусу) жана ичеги-карын ооруларынан жабыркагандарга болбойт. Ооруну козгойт, күчөтөт.
НАН + МАЙЛУУ ЭМЕС ЭТ, МАЙЛУУ ЭМЕС БАЛЫК
Кошуп жегенге болот, бирок адатка айландырбоо жакшы.
НАН + ЖЕМИШ САЛАТ
Айрымдар жемиш салатын нан менен жесе тоюмдуу, ошол эле учурда анчалык калориялуу болбойт деп ойлойт. Бирок мындай тамак ичеги-карын оорусу барларда (мисалы, гастрит, колит, энтероколит) зарнаны жаратып, ичти көптүрүүсү мүмкүн.
НАН + КАЙМАК МАЙ, СЫР
Каймак май менен сырдын майлуу эмес сортун нанга кошуп жесе болот.
Бутерброд үчүн кара нан ылайыктуу. Кара нан менен каймак май, жашылча, майлуу эмес колбаса же сыр жакшы айкалышат.
НАН + АЧЫТЫЛГАН КАПУСТА, ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧА
Буларды кошуп жегенде нан менен жемиш салатын кошуп жегендегидей эле жыйынтык болот. НАН + КЫЯМ (ВАРЕНЬЕ)
Экөө кошулганда айрымдарда ичти көптүрөт же зарна кылат. Андай адамдарга кошуп жеш сунушталбайт. Нан да, кыям да углеводдуу азык болгондуктан, көп жесе ашыкча салмакты жаратат.
КАЙСЫ НАН ТҮРҮ КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Жаңы нан
Өнөкөт гастрит, колит, энтероколит, 12 эли ичегисинде же ашказанында жарасы барларга жаңы бышырылган ак да, кара да нандарды жегенге болбойт. Алар кургатылган нан (сухари) же бир күн мурун бышырылган нанды жеши керек. Негизи эле жаңы бышкан нандын сиңиши кыйын болгондуктан бардык адамдар жебей койсо жакшы.
Ак нанды кимдерге көп жегенге болбойт?
Ашыкча салмактуулар, отуруп иштеген кызматкерлер (семирип кетүүлөрү мүмкүн), ашказан-ичеги оорусу барлар.
Ак нан таптакыр кимдерге сунушталбайт?
Кант диабети барларга жегенге болбойт. Кандын курамындагы канттын деңгээлин көтөрүп жиберет. Аларга кара нан, атайын чыгарылган диабетиктердин наны сунушталат.
Кара нанды кимдерге жегенге болбойт?
Кара нан ашказандагы кычкылды көбөйткөндүктөн гастрит, колит, ашказан же 12 эли ичегисинде жарасы барларга болбойт.
Сунушталат: ич катуудан жабыркагандарга, дени сак бардык адамдарга.
НАНСЫЗ ЖАШАГАНГА БОЛОБУ? Организмге зарыл болгон энергиянын жарымынын көбүн углеводдор берет. Нандын курамында углевод крахмал түрүндө бар. Углевод адамдын энергияны сарптоосуна жараша керектелет. Мисалы, иши кара күч эмгеги менен байланышкандар, спортчуларга нанды көбүрөөк жегенге болот. Кыймылы аздар (мисалы, кеңсе кызматкерлери) күнүгө 100 граммдан жесе болот, бирок түшкө чейин. Анткени энергия сарпталып кетет. Кечиндеги энергия адам аз кыймылдаса майга айланат.
Нандын курамында, жогоруда айткандай, B тобундагы витаминдер болгондуктан биздин нерв системибизди жакшы иштетип, стресстерден коргоп турат. Нандын курамындагы клетчатка организмди уулануудан коргоп турат. Андыктан нанды жебей койсо адам депрессияга бат-бат кабылат. Булчуңдар (айрыкча буттун) начар иштейт, тери шалбырайт (белок жана амин кычкылдары жок). Андыктан нанды жеп туруу керек, бирок ченеми менен.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg