20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн
27 жылдык тарыхындагы мурдагы премьерлер, экс-спикерлер менен жолугушту. Жолугушууга 2008-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына төрага болгон Адахан Мадумаров да катышты. Анын жыйындагы сүйлөгөн сөзү өлкө башчысына сый көрсөтүп, ыраазычылык билдирип бүтө албай жаткан топко муздак суу сепкендей эле болду. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери жыйындан көңүлү калып чыкканын, катышкандар Жээнбековго жагынуудан өйдө көтөрүлө албаганын айтып чыкты.
«КӨҢҮЛҮМ КАЛГАНЫ – ПРЕНЗИДЕНТКЕ КОШОМАТЧЫЛЫГЫБЫЗ КАЛБАЙТ ЭКЕН»
– Президенттин экс-спикерлер, экс-премьерлер менен жолугушуусунан жыйынтык болорунан күмөнүм бар, себеби – кезинде мындай жыйындар көп өткөн. Бирок ушул формат керек, кеп муну ким кандай пайдаланарында. Убагында Курманбек Бакиев ушинтип аксакалдарды 2 жолу жыйнагандан кийин мага “тим эле коёлучу, киргендин баары эле же сыйлык, же баласы менен келинине кызмат сурайт экен. Акыл кошо албайт экен” деген. Кечээги жолугушууда көңүлүм калган учурлар болду. “Сиз жалгызсыз, сиз бар үчүн күн чыгып жатат, биз сиздин жаныңыздабыз, дайым жаныңызда болобуз” деген баягы адатыбыз калбайт экен. Ошол жерде ачык эле “дайым жаныңызда болобуз, сиз абдан туура баратасыз” деп жүрүп баарынын түбүнө жеттик, токтотпойлубу дедим. Экс-президент Атамбаев жөнүндө туура эмес сөздөр айтылып баратты эле, “кечээ ошол кишиге “үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган бүгүнкү күндүн айкөлү болдуңуз” деп бата берген силер эмес белеңер?” дедим. Анан журналисттер биринчи жолу дегенди эле жакшы көрөсүңөр. Кечээги жолугушууну да “мындай жыйын биринчи жолу болду” деп жатасыңар. Акаев деле, Бакиев деле ар кандай форматтарда жыйындарды өткөрүп келген. Керек болсо мындан чоңураак форматта “Ынтымак” деген форум өткөргөн. Кептин баары ошол жерге чакырылган кишилердин арсыздыгында болууда. Ошол жерде көзгө сайып бир нерсе айта албагандыгында. Жалпылап “экономиканы көтөрүш керек, тигинтүү, минтүү керек” дешет. Аны баарыбыз билебиз. Бирок кантип деген суроого жооп издөө керек эле. Ошондуктан “биздин жолугушуу өкмөттүн чарбалык жыйынына айланып кетти” деп айттым.
«ЭҢ БАШКЫ МАСЕЛЕ – БИЙЛИККЕ ЭЛДИН ИШЕНИМИН КАЙТАРУУ»
– Бүгүн Кыргызстандагы эң негизги маселе – элдин бийликке ишенимин кайтаруу. Ансыз эч жерде жеңиш болбойт. 2017-жылкы президенттик шайлоого тийиштүү жарыяланып кеткен маалыматтар боюнча... Бул мамлекеттин көз карандысыздыгына, коопсуздугуна таасири тийчү чоң маселе. Талапкерлердин бири 24 миллион доллар кетирди деген сөз – бул акча кайдан чыкты деген суроону жаратат. Күчтүү саясий партиялардан “улуттук” деген макамы бар бейтарап комиссия түзүлүшү керек. Бул комиссия кырдаалды курчутуп жиберген саясий кылмыш иштери боюнча да сөзүн айтышы керек. Сырттан келген акчаларды, биздин президенттик шайлоого таасир кылган күчтөрдү иликтөө зарыл. 1,5 миллиард сом кетти деп жатат, бул эбегейсиз чоң акча. Кыргыз бюджетинин дээрлик 1 пайызын түзүүдө. Бул кагазга жазылганы гана, шайлоодо колдон колго берилген акчанын эсеби жок. Ошондуктан Атамбаевдин дарегине айтылган доону да, Атамбаев айтып жаткан доону да иликтеп чыгуу керек.
«ЦЕЗАРДЫН ЖУБАЙЫ ШЕК САНООДОН АЛЫС БОЛУШУ КЕРЕК»
– Мен президенттик шайлоо кезинде баш аламандыктар, мыйзам бузуулар болгонун шайлоо жүрүп жаткан мезгилде, шайлоо бүткөндөн кийин да баса белгилеп айткам. Мына, 1 жылдан кийин ошол мезгилде шайлоо өткөргөн президент Алмаз Атамбаев “кара бухгалтерия болгон, аябагандай көп акчалар коротулган” деп өзү айтып отурат. Экинчиден, түздөн-түз штабды башкарган Фарид Ниязов "жанагы чыккан маалыматтар, көрсөтүлгөн суммалар баары так, мен жөнүндө жазылганы, мен алган акчалар чындык" деп айтты. Мына ушундай маселе пайда болгондон кийин легитимдүүлүк, мыйзамдуулук жөнүндө сөзсүз түрдө маселе жаралат. Бул оор маселе, сөзсүз түрдө каралышы керек. Андай болбосо Кыргызстанда Конституция, мыйзамдуулук бар деп сүйлөбөй эле коюшубуз керек. Эгер мамлекеттин жетекчиси ушундай өтө туура эмес жолдор, мыйзам бузуулар, сырттан келген каражаттардын күчү менен шайланып калган болсо – бул оор маселе. Эми кызматтан кетип, кайра шайлоо өтөбү-өтпөйбү, бул эки нерседен көз каранды. Биринчиси – ошону талап кыла ала турган элибиз барбы? Ушундай күмөн түшүп калыптыр деп моюнуна алып кызматтан чегинеби, бул экинчи жагы. Тарыхта “Цезардын жубайы бардык күмөн саноолордон алыс болушу керек” деген жакшы бир түшүнүк бар. Ошол сыяктуу эле президенттик кызмат, өкмөттүн кызматы ар кандай шек саноолордон сыртта турганы жакшы. Бул эл аралык аренада дагы Кыргызстандын, өлкө жетекчилигинин беделине аябай шек туудуруп калат. Бул ыйман менен мыйзамдын маселеси.
«ПАРЛАМЕНТ ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАМАК ТҮГҮЛ, ӨЗ МИЛДЕТИН АТКАРУУГА КҮЧҮ ЖЕТПЕЙТ»
– Бүгүнкү күндөгү Жогорку Кеңештин президентке импичмент жарыялоо эмес, өзүнүн ыйгарым укугун колдонууга күчү, эрки жетпейт. Ошондуктан Жогорку Кеңештен кандайдыр бир чара, чечимдерди күтүү туура эмес болуп калат. Баягыдай эле, жогору жактан кандай тапшырма берилсе, ошондой аткарыла берет. "Ушул өкмөттү колдоп бергиле" деп суранса 105и колдоп берет да, "жок, жаңылыппыз, бул өкмөттү кетириш керек экен" десе 1 жумадан кийин 115и кетирип берет.
«МЕНИН СӨЗҮМДҮ ТЕЛЕДЕН ЭЛ УКТАГАНДА, ТҮНКҮ СААТ 1 ЖАРЫМДА БЕРИШТИ»
– Президент менен жолугушууда “бүгүн КТР “биз жаныңыздабыз, аябай туура иштеп жатасыз, ушул жолуңуздан тайбаңыз” деген жерин калтырат дагы, калганын кыркып алып салат” дедим. Сени көрсөтпөйт, ийилип барып кош колдоп учурашып жаткандарды гана көрсөтөт. Тээ Акаевден бери мына ушундай иштерди жасап келгендердин чоңу аппаратка (ред.: президенттик аппарат) барып калды да. Чын эле ушундай болуптур. Менин сөзүмдү түнкү саат 1 жарымда бериптир. Кайсы кыргыз түнкү бир жарымда отуруп алып сөз угат? Бийликке ишеним жаратпоо үчүн иштеген атайын уюшулган топ бар сыяктанат. Баягы эле калтырап-титиремей, жаңыча иштөөгө такыр көнө албай коюшту. Акаев кезинде теледен “Рабыня Изаура” деген сериалды берип элдин баарын уктатып коюп, анан түн жарымда Жогорку Кеңештин сессиясын коюп коюшчу. Жолугушууда айтылган сындардан жыйынтык чыгыш керек. Мына, Орусиянын президентин карагыла, кандай жыйын болбосун заматта ошол жерде жообун берип жатат. "Ойлонолу, толгонолу, 2 саат же 3 айдан кийин жообун берели" дегени жок. Анткени ал кишинин мамлекетте болуп жаткан окуялардан кабары бар.
«КЫРГЫЗДЫН ТРАГЕДИЯСЫ – БИЙЛИККЕ КҮРӨШҮП КЕЛГЕНДЕР ЭМЕС, СҮЙРӨЛҮП КЕЛГЕНДЕР»
– Атамбаевдин маеги – кечиккен өкүнүч. Кээ бир жерлерин туура айтып жатат. Бирок ал айтылгандарды 1,5 жыл премьер, 6 жыл президент, жалпы 7,5 жыл бийликте отурганда жасап коюшу керек эле. Мисалы, “менин командамды соту жок камап салды” деп жатпайбы, бул нерсе ал бийликте турганда деле болуп келген. "Көп суроолорго жооп берилбей жатат" дейт, мурда деле жооп берилчү эмес. Атамбаев тарабынан доомат өтө катуу коюлду. Бул бүгүнкү бийликтин бетине аябай катуу чүркөө болот. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын аброюна, президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна доо кетти. Эң катуу айтылган сөз “мен сүйрөп келдим эле” – “притащил” дегени болду. Трагедиябыз ушул – мамлекеттин башына жалаң сүйрөлүп келүүчүлөрдүн кесепети тийип жатат. Күрөшүп, жыгылып-туруп, ысып-күйүп, бышкан азаматтардын эмес, сүйрөлүп келгендердин айынан Кыргызстан да сүйрөлүп келе жатат. "Мен болоюн" деп кичинесинен даярданган, такшалган эр-азаматтарды эмне үчүн койбой жатабыз? Анан дагы “мен түшүнбөйм, эмне үчүн буларды ушунча жыл сүйрөп жүрдүм экен?” деп коёт. Бул кайгы – улуттун кайгысы.
«ПРЕЗИДЕНТТЕН ПАРЛАМЕНТАРИЗМГЕ ЫНТЫЗАРЛЫКТЫ БАЙКАГАН ЖОКМУН»
– Баары парламентаризм деген сөздү жаттап алышкан, бирок анын түпкү маңызын түшүнүшпөйт. Парламентаризм боюнча кечээ Зайнидин Курманов илимий негизде аябай туура сөз айтты, мен чыдабай кетип “баракелде” деп жибердим. “Соңку 15 жылдык Кыргыз тарыхын карап келсем парламентаризм бизге түк жарашпаган систем экен” деди. Бүгүн “парламентаризм” деп сүйлөп жаткан кишилер анын тарыхын, табиятын түшүнбөйт. Реформа дегенди жаттап алган сыңары муну да жаттап алышкан. Мен экс-президенттин да, азыркынын да ишинен, көзүнөн парламентаризмге ынтызар экенин байкаган жокмун.
«ЭЛ БИЙЛИКТИ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛМАЙЫНЧА ОҢОЛБОЙБУЗ»
– Эл бийликти көзөмөлгө алмайынча, талап коймоюнча биз оңолбойбуз. Мына 1 жылдын ичинде 220 миң Кыргыз жараны өлкөдөн чыгып кетиптир. Эмнең гүлдөп, эмнең өсүп жатат? Бүгүн болсо "Аймактарды өнүктүрүү жылы деп абдан туура жарыяладыңыз, элет аябай жакшы шыктанып жатат" деп жатышат. Эмнеси шыктанды? Элет шыктанып жаткан болсо, ошол элетти көтөрүү жылында 220 миң кыргыз сыртка чыгып кетеби? Элетте жумуш жок, акча жок болгону үчүн, элетте жашоо мүмкүн болбой калганы үчүн Орусияга кетип жатышат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg