МЫКТЫБЕК МУКАЕВ, телеалпаруучу, актёр: «ШОУ-БИЗНЕСТЕГИ ДОСТУККА КӨП ИШЕНБЕЙМ»

«Тамашоу» аркылуу калың журтка таанылган Мыкы башка жылдыздардай болуп жасалма, жөн гана кооз сүйлөбөйт. «Шоу-чөйрө менен аралашып, жылдыздардын башка жүзүн көрдүм. Кээде көңүлдү иренжиткен окуяларга да туш болдум» дейт телеалпаруучу.

 

Мыкы тууралуу кызыктуу фактылар

  • Тиши кыйшык, иши түз.
  • Мурунтан бери айтып келген уйкучулугу дале кала элек.
  • Жумуш болгондо гана өзүн колго алып иштебесе, жумуш жок кезде баары тептегиз болгондой кенебей жүрө берет.
  • Кээде досторунун жанында көп сөгүнөт.
  • Такси, троллейбус, маршрутка менен эле жүрөт.
  • Эң алгачкы тапкан акчасына 8-классында тери сатып, өзүнө кийим алган.
  • Бир кездерде машина жуугуч, идиш жуугуч болуп иштеген.



– Мыкы, сени телеалпаруучу катары да билип калдык. Айтсаң, маек берген жактыбы же алганбы?
– Маек алган деле, берген деле маектешкен адамдан көз каранды. Интервью учурунда айрымдар тартынбай, ачылып-чачылып сүйлөп беришет. Ошол нерсе мага жагат. Эгер тандоо кылсам, маек алганга караганда бергенди оңой демекмин.

– Телеалпаруучулукка аралашып баштаганыңда адашпасам ырчыларга жоопкерчиликсиз деп нааразы болуп жаттың беле?
– Сиз адаштырып жатсаңыз керек. Бирок чынында эле ырчылар менен иштешүү оңой эмес экен. Кээ бирлери макул, барып калам дейт да, 2-3 саат күттүрүшөт. Айрымдары бир күн калганда баш тартып коюшат. Эми ошол нерсенин баарын алдын алып, эртерээк чалып, такташып калдым. «Мыкы шоу» долбоорумдун артынан эл менен мамиле түзгөндү үйрөндүм.

– Азыр сеникиндей багыттагы шоулор көбөйүүдө. Сенин өзгөчөлүгүң эмнеде болуп калат?
– Туура айтасыз, башкалар деле ачып жатышат. Мисалы, «Борченов шоу» ачылып, 4 чыгарылыштан кийин жабылып калды. Эмне себептен экенин билбейм. Бизден удаа эле «Борончу шоу» да ачылды. Алар узунураактай, бул менин жеке оюм. Ошондуктан биз узартып, элди тажатпай, жөнөкөй берүү болсо дагы сапаттуу чыгарууга аракет жасайбыз.

– Кыргыз шоу чөйрөсүнө жүрөсүң. Сыртка байкалбаган кандай жазылбаган мыйзамдар бар экенин билдиң?
– Байкасаңыздар, жылдыздардын той-кечелерине деле көп барбайм. Алар менен чыгармачылык жактан гана байланышам. Менин байкаганым, шоу-бизнестеги достукка мен көп ишене бербейм. Жаныңда дос болуп жүргөн адам эртең туруп ою өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул чөйрөнүн өкүлдөрү мамилеге туруксуз келет. Көпчүлүгү пафос, элге көрүнүү үчүн жүрүшөт. Мындай көрүнүш мени чынында иренжитет. Кыскасы, шоу-чөйрөгө аралашып, көп адамдарды башка өңүттөн билдим.

– Бала кезден маданий иш-чараларга катышып келгениңди билебиз. Ошол кезде азыркыдай белгилүү күлкү жаратуучу болом де элестетчү белең?
– Албетте, мынчалык деңгээлге жетем деп ойлогон эмесмин. Жылдыздардан мисалы, Мирбек Атабеков мага чалып сүйлөшүп калат деген кыялымда жок болчу. Мен эң көп дегенде «Тамашоу» лигасында ойносом, чемпион болсом деп ойлогом. Кудайым берем десе берип коёт экен. Болгону ошону көтөрө билип, туура колдонуш керек деп ойлойм.

– Адам жашоосундагы эң жарык, анан ийгиликсиз учурларын эстеп калат экен. Сен ийгиликсиз тамашалап «облом» болгон учуруңду айтып берсең...
– «Облом» болгон учурлар көп эле болду. Менин эң эле «облом» болгонум деп Киевдеги сынакты айтам. Сынакта менин сөгүнгөн жерим бар эле. Редактор аны байкабай калганбы, өткөрүп жибериптир. А мен аны сахнадан айтып салгам. Мына ошол мен үчүн эсте калган «облом» болгон. Мени тамашама алпаруучу да, калыстар да, эл да нес абалда калышкан. Сөгүнөт деп күтүшкөн эмес го, сыягы. Аларды көрүп мен да нес болгом (күлүп).

– Ар бир чөйрөнүн өзүнүн темасы, фишкасы болот. Силер, юмор адамдары кандай атмосферада эс аласыңар?.
– Юмордо жүргөн адамдар жөнөкөй юморго күлбөйт. Ошондуктан туулган күн же кечелерде көңүлдүү болуш үчүн башкача жолдорду табабыз. Кээде аша чаап кеткен убактар болот. Ырчылар чогулушса, кечке ырдай беришет го. А бизде болсо баары бар (күлүп).

– Байкаганым, сен инстаграмдан башкалардай болуп хейтерлердин билдирүүлөрүн тазалабайт экенсиң. Негативди кантип жеңесиң?
– Ашыкча сөгүнүп же бирөө менен сүрөт жүктөсөм, ошол адамга карата негатив жазгандарын тазалайм. Ал эми мага жазгандарга тамаша иретинде жооп кайтарам. Андай негативдүү адамдарды мен оңдой албайм да. Кээде эртең менен жакшы маанайда туруп негативди окусам, кадимкидей көңүлүм түшөт. Негизи мен алардын билдирүүсүн жүрөгүмө жакын албайм. Бирок кээде дарбазадан өтүп кетеби, жүрөккө тийип калат.

– Ушул кезге чейин Мыкыны чыгармачыл жактан билебиз. Сүйүүгө мас болгон Мыкыны көрө элекпиз...
– Азыр чынында эле сүйлөшкөн кызым жок. Бар болсо деле көргөзбөйм деп ойлойм. Бирок ким билет, мүмкүн сүйүүгө мас болуп сүрөттөрүн киргизип да калармын. Аны баштан өткөндө эле айтпасам. Мен негизи элге көрүнүү максатында бир нерсе кылганды жактырбайм. Жардам керек деп инстаграм баракчага бөлүшкөндөн деле көп жыйынтык болбосо керек деп ойлойм. Элге жар салбай эле колумда болгон 20-30 сом болсо да жардамымды берип коём.
– Элге көрүнүш үчүн чыгаргым келбейт деп атасың. А бирок эгер жүрөгүн толкуп ташып турса кубанычың менен кантип бөлүшпөй коё аласың?
– Мүмкүн жакшы көргөн кызым мени жактырбайсыңбы эмнеге чыгарбайсың деп суранса чыгарып калармын (күлүп).

– Өзүңдүн кесибиң боюнча иштөө пландарың барбы?
– Мен машина куруу факультетин аяктагам. Бирок али күнгө чейин дипломумду алган эмесмин (күлүп). Кесибим боюнча иштеп таба турган акчаны азыркы жумушум менен оңой табам. Адам акча табуунун оңой жолуна умтулат эмеспи. Андыктан азырынча кесибим менен иштөө планымда жок.

– Рахмат маегиңе. Дагы ийгиликтерди жарата бер!

    "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
    Комментарийлер (2)
    Aibyikem
    2018-11-27 09:46:12
    Ишинерге ийгилик, негативдерге конул бурбай эле койгула. Баарына тегиз жагуу мумкун эмес. Жонокойлук жакшы сапат. Ушунунардан жазбагыла, азамат!
    +10
    shadyeva
    2018-11-27 16:23:36
    Азаматсын.
    +1
    № 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
    БАШКЫ БЕТ
    СОҢКУ КАБАР
    СУПЕР-ИНФО
    SUPER.KG ВИДЕО
    МЕДИА-ПОРТАЛ
    Кинозал
    ЖЫЛНААМА
    Суперстан