КОРЕЯГА ЖЕТЕЛЕГЕН АЙДАНА ДЕКАНЫН АЛГАЧКЫ КОНЦЕРТИ

Концерттин аталышы – Айдана Декадан шоу-концерт
Өткөн күнү – 16-ноябрь
Өткөн жери – Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 18:00 (1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алпаруучулар – Актан Рыскелдиев, Радик Эшимов, Чыңгыз Султанов, Мыктыбек Мукаев (Мыкы)
Билет баасы – 300-500 сом
Мыкты номер – Айдана Дека менен Алина Жетигенованын «Кыздын сыры» дуэти, бир тууган агасы Канат Деркембаев менен аткарган «Энекем», Аваз Акимов менен биргеликте аткарган «Жаным» аттуу ырлары.

 

Ырчы Айдана Деканын тушоо кесүү концертинде жигити Аваз Акимов колун сурайт деген кептерди кулагым чалып, Спорт ордосуна барсам көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү жаштар экен. Кире беришке Айдананын сүрөтү коюлуптур. Эшиктен киргендерди мамалак менен панданын костюмун кийген эки адам тосуп алып жатты. Сахна жакшы жасалыптыр, каражат аябаганы билинип турду. Көнгөн адат менен концерт 1 саатка кечигип башталды. Концертти «Deka dance» бий тобунун кыздары ачып беришти. Андан соң сахнага көпкө күттүргөн Айдана Дека чыкты. Ар бир ырына бий даярдалып, формаларына өзгөчө көңүл бөлгөндүгү байкалып турду. Алпаруучулук тизгинди «Эл эмне дейт?» долбоорунун 4 жигити колго алыптыр. Уюштурган оюндары элге жагып жатты. Айрыкча залдан чыккан 3 жигит жана алпаруучу 3 жигиттен түзүлгөн 2 команданын ортосундагы бий жарышы көрүүчүлөргө күлкү тартуулады.

Коңшу Казак өлкөсүнөн келген Нурболат Абдуллин аттуу ырчы мырза ары секирип, бери секирип бийлеп жатты. Эл кол чаппай койсо ийилип тура берген өжөр жигит экен. Ырдап бүткөн соң көрүүчүлөрдөн «айтайынбы же кайтайынбы?» деп сурады эле, эл дагы ошону эле күтүп жаткансып, кол чаап ырда дегендей ишарат кылышты. Баурдас дагы бир чыгармасын аткарып, анан коштошту. Андан соң Айдана менен Алина Жетигенова «Кыздын сыры» чыгармасын аткарышты. Бул дуэт бүткөн соң ырчы кыздын кесиптеш жигити Аваз Акимовдун апасы сахнага чыгып баласынын «девушкасына», ой, болочок келинине белек берди. Ырчы кыз ырдап-бийлеп жатып чарчагангабы, же концертке чуркап жүрүп тумоолоп калганбы, айтор, ырдап бүтүп, фонограмманы өчүрүп, сүйлөмөкчү болгондо мурдун шуу-шуу тартканы микрофондон угулуп жатты.

Концертте отургандар өздөрүн Кореяда жүргөндөй сезишсе керек, себеби концерт k-pop стилинде өтүп жатты. Коңшу Казакстандан 2 жигиттен куралган «EQ» тобу дагы конок катары чакырылыптыр. Биринин чачы күлгүн, бириники көк, көзү-кашы боёлгон, тар шымдарды кийген казак жигиттери чыкканда «апей ботом, кыздарга окшоп кантет булар?» деп артымдан бир байбиче сүйлөндү. Небереси менен концерт көргөнү келген окшойт да. Дагы бир конок катары чакырылган казак кызы Ziruza Kesh чыгып Айдананы алгачкы жеке концерти менен куттуктап өзүнүн репертуарындагы ырларын элге тартуулады.

Айдананын бир тууган агасы Канат Деркембаев да убагында ырдачу. Бир тууган ага-карындаштын апасына жана таенесине арнап ырдаган «Энекем» аттуу чыгармасына таасирлендим. Анан сүйүү ырлары башталып, Аваз Акимов жүрөгүн сүйүүгө, кучагын кызыл розага толтура сахнага чыга келди. Беттен бир сүйүп гүлдү Айдананын колуна карматты. Азыр Аваз чөнтөгүнөн шакек алып чыгып, чөгөлөп Айдананын колун сурайт деп элестетип алганымды айтсаңыз. Бирок андай болгон жок. Аваз дагы «элдин баары ушул тууралуу айтып жатат» деп сюрприз даярдап койбогонуна өкүнүп жаткандыгын айтып калды. «Ай, Аваз сонун учурду колдон чыгардың да» деп кейип отурдум. Кыз-жигиттер «Жаным» аттуу ырын аткарышып, бири-бирине сүйүү сөздөрүн ыр аркылуу арнап жатышты. Ырдын соңунда Аваз Акимов ырчы кызды сахна артына «Айдана сүйгөнүм» деп узатып жиберди дагы, өзү «Жүрөгүм» аттуу ырын жалгыз аткарды. Андан кийин сахнага кайрадан Айдана чыгып «Кыргызым» ырын аткарып концертти жыйынтыктады. Концерт туура 3 саат 40 мүнөткө созулду. Жаштарга жакты, бирок мен тойбой калдым. Айдананын жандуу үн менен ырдаганы жетишпей калдыбы же мен көп нерсени үмүттөнүп алганмынбы, айтор, орто заар эмоция менен үйгө кайттым.

Толик сынчы

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Aikan1966
2018-11-27 09:47:35
чыгармачылыгына ийгилик, Аваз менен бактылуу болсун.
+1
Mydearzh
2018-11-27 17:17:48
Толик сынчы, ашыкча тантып кетипсиз)) Айрыкча, "Девушкасына, ой болочок келинине" деген жери жакпады...
+4
Sezimka27
2018-11-27 18:50:12
мурдун шуу тартканы деп кошуп койгонун
+3
belka
2018-11-27 20:33:46
Концертке баргандай болдум!
+2
Tyty1990
2018-11-27 22:23:24
Артымда бирөө мынтти деген эски сөздөр дагы деле бар экен. Толик изден ойлон тап
-1
Asanovna1805
2018-11-29 01:58:27
Толик сынчы качан ушундай сындачу эле? Бул жазгандар Толик сынчыныкына окшошпой атат. Толик сынчынын атынан барган бироо го.
+1
Aitun
2018-11-29 02:09:15
Толик сынчы айтып берсе концертке баргандай болуп калам тобо.
+3
jashoonu-suiup-jashagyn
2018-11-29 22:58:47
Толик сынча сенида бироо ушинтип сынаса экен мурдуну тартканындан бери
Коп сындасан балдарын ошондой болуп калат
-2
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан