МУРАДИЛ ДАНИЯРОВ СТУДЕНТТЕРДИ ЖЫРГАТТЫ

Концерттин аталышы – «Малика»
Өткөн күнү – 17-ноябрь
Өткөн жери – Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 18:30 (1 саат 10 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Алпаруучулар – «Универсал» командасынын жигиттери
Билет баасы – 300-500 сом
Мыкты номер – «Малика», «Кыз-жигит», «Замана» ырлары

 

Студенттердин майрамына карата ырчы Мурадил Данияров алгачкы жеке концертин берерин угуп, мен дагы студенттик күндөрүмдү эске салууну эңсеп суукка карабай Спорт ордосуна жетип келдим.

Кире бериште кезек күтүп турсам, улам бирөө сыртка билет алып чыгып кетет. Жанымдагылар «Мурадил студенттерге бекер билет берип жатат» дегенин кулагым чалды. Чын эле ошондой болсо, ырас эле кылыптыр, билет сатылбай калгандан көрө залга эл толо түшсө, алардын деми менен жылуу-жумшак концерт көрүп отурган жакшы эмеспи. Концерт башталгыча эл агылып кирип жатты, баары бир кечигип башталат дешкен го. Концерт кыргыз бийи менен ачылды. Андан кийин Мурадил өзү чыгып эл оозуна алынган чыгармаларынан аткара баштады. Бул ортодо Мурадилдин бетиндеги уячасы тууралуу жанымдагы кыздар сөз кылып бүтө албай коюшту. Бул сөздөрдү угуп туруп «бүгүн далай студент кыздардын жүрөгүн багындырды го» деген ой келди. Мейли эми, сүйүүсүн тапса тапсын, арасынан бирин чапсын. Мурадил 25 жашка чыгып, Чыңгыз Мырзаевдин ырында ырдалгандай сүйүү багы бышып турган кези эмеспи.

Конок катары ырчы Султан Садыралиев келиптир. Рыспайдын ырларын жандуу үн менен созгондо залдагылар кошо ырдашты. Көрсө, эл деле жандуу үнгө суусап турган экен. Андан соң Сайкал Садыбакасова «Жакшы сөз айтчы мага» деген ырын аткарып элди бир топ ойго салып койду. Ырды угуп жашып алгандар да болду. Сайкал Садыбакасова ырларды ушундай образга кирип, ийине жеткире ырдаса угуп отурган адам жеке жашоосунда баары тынч эле болду бекен деген ойго жетеленери анык... Тфу, оозума таш, баары жакшы болсун! Сайкал «Кыз-Бурак» тобунун жаңы курамын ээрчите келиптир, алар да куттуктап ырдап өтүштү.

«Универсал» командасынын жигиттери алпаруучулук милдетти моюнга алышкан экен. Бул мырзалар Мурадилдин күйөрмандарына даярдаган белектерин залды аралап чуркап таратышты го чиркин. Белек катары Мурадилдин сүрөтү түшүрүлгөн календарь жана самын берилди. Мени жуунганда да эстеп тургула дегени го. Же күйөрмандарын мокочо элестеттиби, ким билсин?

Мурадил Данияровду мен «Малика» деген ыры менен тааныгам. Ошондуктан дал ушул ырын абдан күттүм. Сахнада да клиптегидей адамдар эки тарапка бөлүнүп, бир тарап Маликаны Мурадилге берүүгө каршы, экинчи тарап Мурадилди колдоп келген жоро-жолдошторунун ролун аткарышып, элдин маанайын көтөрүштү. Ал арада Мурадил апасына арнап ыр гана сунбастан, эл аралап барып гүлүн дагы сунду. Мурадилдин продюсери Лутфилла Бусурманкул уулунун өзүнүн баласы дагы сахнага аттаныптыр. Эң кызыгы, ал ырдап баштаганда фонограммасы өчүп калса болобу? Эл дагы баланын шагы сынбасын деп дүркүрөтө кол чабышты. Бала деген бала да, эч нерсе болбогондой улантып кетти. Аны кийин Лутфилла «Бизди көрө албагандар кылышты» деп кыйытып өттү. Баса, бул байкем Мурадилден башка дагы эки баланы кол алдында таптап жатыптыр.

Мурадилдин ата-энеси дагы уулунун продюсерине ыраазычылыгын айтып «биздин буюрбаган белегибиз бар эле» деп кийит кийгизишти. Баласынын жакшылыгына жетине албай толкунданган апа «арзыбаган» деген сөздү «буюрбаган» деп айтып алды. Бул көрүнүш мага эмнегедир өөн учурады. Кийит-кечек, белек-бечкек дегендерди сахнанын артынан бүтүрсө боло турган иш да. Кантсе да көрүүчүлөр билет сатып алууга акчасын, концертке келүүгө убактысын кетиришет эмеспи.

Ошентип «сахнадагы той» аяктап концерт эң «даамдуу» жерине келди. Мурадил жандуу үн менен аккордеондун коштоосунда ырларды попурри кылып ырдап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү. Мурадил алгачкы жеке концертин сахнадан тапкан бир туугандары менен жыйынтыктады. Ушуну эле күтүп тургансып элдин баары чыгууга камданып эшиктин жанына үймөлөктөшүп калышты. Мурадилдин чыгармачылыкка аралашканына аз эле убакыт болсо дагы жеке концертин берүүгө жетишип отурат. Концертке орто деген баа бердим. Жигит дагы өсүп, изденүүсү керек экен. Ушул нук менен кетсе жакшы ырларды жаратчудай. Ошол ырлардын күүсү менен үйгө жеткенче
«Мали-ли-ли-ка» деп кыңылдап ырдап бардым.

Толик сынчы

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
love_you
2018-11-27 10:10:47
тфу, оозума таш, Толик сынчынын таппаганы жок
0
PrinsessaNuri
2018-11-27 13:08:54
Videosun kordum. Sonun boluptur konsert. Berilip yrdayt ko chirkin. Birok el az keliptir da.el jakwy taanybayt ko
+2
leili1
2018-11-27 13:28:29
Мали-ли-ли-ка,деп уйго кайткан жери жактыго чиркин
+2
Fresh_hit
2018-11-27 14:33:10
Көпкө барбайт бул балашка...Чыйылдап продюсеринин күчү менен жүрөт.....
-11
Zhiidegul_Abdinazarova
2018-12-02 23:49:02
Fresh_hit, саламатсызбы? Мен сиздин оюңузга кошулбайм. Үнү азыркы кээ бир популярдуу ырчылардын үнүнөн сонун. Сиз жандуу ырдаганын уга элек окшойсуз. Ошол эле продюсеринен да жакшы ырдайт менимче
+1
Lui
2018-11-28 13:04:59
Толик сынчы убактылуу эс алууга кетип, ордуна башка бир адам сынчылык кылып жаткандай сезилди мага. Супсак. Сайкалдын жеке жашоосу эмне кыпчып..?! орунсуз болуп калган. Айдана Деканын концертине баа берүүдө"мурду шыр" деди деп. Бул нерселерди айтуу ошончолук зарыл беле? С кем не бывает? Ырчылык өнөрүнө баа берсин, макаланы жөн эле кооздойм деп убара болбой..
+3
mirana9395
2018-11-30 16:36:18
Мурадилдин апакесин жон эле койбопсуз,башкасына асылсанда апакебайга тийбейле койбопсуз да,эне да сурдоп аткандыр сахнага чыгып
+2
Tyty1990
2018-12-02 23:55:41
Самын берсе не болуптур .
+1
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан