«АЧЫК АСМАН» РЕЖИМИ: МОНОПОЛИСТТЕР КАРШЫ ЧЫГУУДА

Парламент өлкөнүн «Аба кодексине» өзгөртүү киргизүүчү мыйзамдын долбоорун 2-окууда жактырды. Максат – «ачык асман» режимин ишке киргизүү. Мыйзам кабыл алынса, чет элдик авиакомпаниялардын учактары Кыргыз аба майдандарына конуп, башка өлкөгө учуп кетүүсүнө жол ачылат. Мыйзамдын авторлору «ачык асман» режими жүргүнчүлөрдүн сыртка коопсуз, заманбап учактарда арзан учуусуна шарт түзөт деп жатышат. Түз каттамдар көбөйсө Кыргыз жерине келген туристтердин саны өсүп, өлкөнүн кирешеси көбөйө турганы да айтылды.
Учурда Кыргыз өлкөсүндө 3 авиакомпания иштеп, ички жана тышкы каттамдарды ишке ашырууда. Билеттин баасы кымбат, учактары эски. Депутаттар ички каттамдарга билет бааларын арзандатууну талап кылып, өкмөт 1,5 жылдан бери «бааларды тескөөгө акыбыз жок» деген жоопту айтып келе жатат. Демилгечилер «ачык асман» режими ишке кирсе, авиакомпаниялар ортосунда эркин атаандаштык түзүлүп, Кыргыз асманын ээлеп алган саналуу авиакомпаниялар элге арзан кызмат көрсөтүүгө аргасыз болушат дешет. Буга жергиликтүү авиакомпаниялар, айрым депутаттар каршы. Депутат Улукбек Ормонов жергиликтүү авиакомпаниялар негизги кирешени эл аралык каттамдардан табарын, эгер «ачык асман» аркылуу жүргүнчүлөр сыртка чет элдик компаниялардын арзан баадагы каттамдары аркылуу учуп баштаса, алар банкрот болорун, ошентип ички каттамдар да токтошу мүмкүн экендигин айтып чыкты. Депутат Алтынбек Сулайманов кесиптештерин монополист болуп алган авиакомпанияларды коргобоого чакырды. Депутат Каныбек Иманалиев «ачык асман» режими карапайым элге керек, эгер жергиликтүү авиакомпаниялар чет элдик компанияларга атаандаш боло албаса ишин токтотсун же алар менен бирге иштешүү жолун тапсын» дейт. Көпчүлүк депутаттар жергиликтүү компанияларды салык жеңилдиктерин берүү менен колдоого алса болот дешти. Буга чейин депутаттар жергиликтүү авиакомпанияларды «пайда таап эле жатышат, бирок учактарын жаңылабай коюшту, элге шарт түзүүгө аракет кылышпайт» деп сындап келишкен. «Ачык асман» режими саналуу компаниянын кирешесин бууганы менен, жүз миңдеген кыргыз жарандарынын арзан учуусуна шарт түзөт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан