БАТКЕН ОКУЯСЫНЫН БААТЫРЛАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Бишкекте Баткен окуясынын ардагерлери митингге чыгышты. Себеп – Баткен окуясында каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 1 жылда 1 жолу төлөнүп жүргөн социалдык колдоонун берилбей калышы. Ардагерлер коомунун төрагасы Сатыбек Молдалиевдин айтымында, аталган окуяда каза тапкандардын үй-бүлөсүнө мамлекеттен жыл сайын 5 миң сомдон берилип келген. Быйыл Каржы министрлиги акча бөлбөй жатканын билдирди. Маалыматка таянсак, бул социалдык колдоону алуучу 54 үй-бүлө бар. Жылына 270 миң сом төлөө кыйынчылык жаратып жатса, өкмөттүн абалы кыйын окшойт деген пикирлер айтылууда. Митингге чыккандарды Каржы министрлигинин өкүлдөрү кабыл алып, алардын талабын айдын аягына чейин чечип берүүнү убадалады. Жакында парламент депутаты Таабалды Тиллаев пенсияга чыгып алып иштеп жүргөн адамдарды же пенсиясынан же маянасынан ажыратууну сунуштап, сынга кабылган эле. Пенсионерлер жыргаганынан иштеп жатпаганы түшүнүктүү. Депутат көп өтпөй «мен карапайым пенсионерлерди эмес, эрте пенсияга чыгып, жогорку суммада маяна алган мамлекеттик кызматкерлер тууралуу айттым» деп сөзүнө түзөтүү киргизген.

Афтандил Добулбеков

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан