Депутат Ирина Карамушкина «Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевде кош жарандуулук, тактап айтканда, Орусия жарандыгы да бар» деп парламент трибунасынан айтып чыкты. Анын маалыматы боюнча, Орусиянын Салык кызматынын сайтында Сарыбашев Таалайбек Насирбекович 1971-жылы туулган, учурда жашаган жери Новосибирск деп жазылып турат. Карамушкина бул маалыматты иликтөөнү талап кылып УКМКга кайрылды.
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы Таалайбек Сарыбашев 2000-жылдары Орусияда мигрант болуп жүргөнүн, бирок ал жактан жарандык албаганын билдирди. Кош жарандык маселеси Кыргыз чиновниктерине карата көп көтөрүлөт. Буга чейин парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунда кош жарандыгы бар экени белгилүү болгон. Өмүрбек Бабанов, Жыргалбек Саматов, Кубанычбек Кулматов өңдүү чиновниктердин да кош жарандыгы тууралуу маселе көтөрүлүп, бирок расмий тастыкталган эмес.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg