Баткен облусунун прокурору АНАРБАЙ МАМАЖАКЫПОВ КИШИ колдуу болуп каза тапты. Кылмышка шектелип жергиликтүү чиновник кармалды.
Лейлек районунда үйүнүн алдынан бирөө атып кеткен айылдык кеңештин 32 жаштагы депутаты КУБАНЫЧ БАЯНОВ каза болду.
Жылуулук өткөрүүчү түтүктөр жарылып, Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы айрым үйлөргө ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ ҮЗГҮЛТҮККӨ учурады.
Миграция кызматы: «1991-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн 500 МИҢДЕН АШЫК жараны Орусия жарандыгын алган».
«Вечерний Бишкек» басылмасынын учурдагы ээси АЛЕКСАНДР РЯБУШКИН камакка алынды.
Жогорку Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВду 28-ноябрга чейин камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Өлкөдө бойдон алдыргандардын 6,8 пайызын 40 жаштан жогорку аялдар, 7,5 пайызын 19 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ жаш кыздар түзөт. Маалымат Бишкекте өткөн тегерек столдо адистер тарабынан айтылды.
Кыргыз өлкөсүнүн авиакомпаниялары 2019-жылы Евросоюздун «КАРА ТИЗМЕСИНЕН» чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди.
«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирсе, күнүнө 36 МИҢДЕН АШУУН жол эрежесин бузуу фактысы аныкталат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары НУР САТЫБАЛДИЕВбилдирди.
Ысык-Көл облусунда элик аткан БРАКОНЬЕР КАРМАЛЫП, ага 50 миң сом айып салынды.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп МАКСАТ ДАМИР УУЛУ дайындалды.
Парламент депутаты МАРЛЕН МАМАТАЛИЕВ 6 айдын ичинде Бишкектеги коомдук автобустарды газ менен жүрүүгө өткөрүүнү сунуштады.
Депутат РАДА ТУМАНБАЕВА 2019-жылды экология жылы деп жарыялоо керектигин айтып чыкты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.