Азамат Байматов: “ЖИБЕКТИ ФОРТЕПИАНОДО ОЙНОГОНУН КӨРҮП ЖАКТЫРЫП КАЛДЫМ”

Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов үйлөндү. 18-ноябрда Азаматтын сүйүктүүсү Жибекти ата-энеси той менен футболчу жигитке узатышты. Азаматты жакшылыгы менен куттуктап, эки жаш тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды алдык:

Келинчегимди биринчи жолу Инстаграмдан көрүп, таанышып калганбыз. Мен мурунтан фортепианодо ойногон айымдарды жактырчумун. Жибектин да ошондой видеосун көрүп, көңүлүмө ого бетер жакты. Келинчегим экөөбүз тең декабрда төрөлгөнбүз. Ал, буюрса, 22 жашка чыгат. Бишкекте төрөлүп-өскөн, үйдө жалгыз кыз, бир иниси бар. Экономикалык кесип боюнча эки жогорку билимин алып, азыр үчүнчүсүн аяктап жатат. Жубайым үйдө отура турган кыз эмес, окуусун бүтүрсө кесиби боюнча иштейм деп жүрөт. Азырынча заманбап тоюбуздун датасын айта албайм. Анткени жумушума байланыштуу пландар өзгөрүп кетиши ыктымал,- дейт Азамат. Эки жашка бакыт каалайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
HAPPY.GIRL
2018-11-27 11:36:13
Бактылуу бол. Анан бул дагы менин кыялымда эмес экен дей берчу элен☺
+7
Fekus
2018-11-27 11:57:23
Девушкасы асманда карап баскан неме. Мирбектин концертинде кайкалап, асманды карап басып, бутуна чалынгандарды көзүнүн төбөсү менен караган. Кыскасы адамгерчиликтүү кыздай көрүнбөгөн. Ага караганда Азамат жөнөкөй...
+10
tram-lam
2018-11-27 13:13:12
Fekus,буга ушундай кыз керекпи деп койдум. Жонокой, жакшынакай аялын таштап кетти го
+6
Shokoladka94
2018-11-27 12:15:32
Ииий бул канчанчы аялы?
+5
evidens
2018-11-27 12:17:28
Shokoladka94,аты Токтокан эмес экен)))
+4
Tyty1990
2018-12-03 13:49:08
evidens, аты Токтокан. Паспортун да Алмаш
0
Fresh_hit
2018-11-27 14:28:12
Азамат бактылуу болгула
0
Aielina9595
2018-11-27 16:35:40
Бактылуу болгула
-1
Busi06
2018-11-27 17:25:56
Тооба макул эми бактылуу болсун... Азыр уйлондум суйдум ай куйдум дегендер ге да анча ишенбей калдым
+2
bek_tash
2018-11-27 17:53:33
Адебиңди бере турган аял алыпсың барат ))) бул деген Жиибек
+3
murat17
2018-11-28 01:11:15
бактылуу болгула мен урматтайм футболчу катары дагы жана адам катары дагы бул жердеги ушакчыларга эсе ийгилик дагы силерди зеериктирбей турган ушактар чыгып турсун мен тан калам байматовдун жеке жашоосу ага анчейин сын айтууга эч кимдин акысы жок эмне себептен ажырашып кеткен чын тогунун билбей эле ойунан токуша берет бул жашоо албетте жанылбаган адам болбойт
-2
Asanovna1805
2018-11-29 02:14:46
Жибектей чубалып туруп, Азаматтын акесин окут
+1
raykray
2018-12-02 11:59:13
Байкуш эми сулуу аялына-боорун ачыйт экен, мунозу оор бала, Жибек-мн бактылуу болсун
0
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан