АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ НААРАЗЫ

Жакында эле Айчүрөк Иманалиева Инстаграм баракчасына МАИ кызматкерлерине нааразы болгон видеону жүктөдү. Эки бөлүктөн турган видеонун бирин ырчы айым тарткан, экинчиси МАИ кызматкерлеринин видеосу. Видеодогу маалыматка ылайык, Айчүрөк айым уулу менен автоунаада келатканда МАИ кызматкерлери токтотушат. Коомчулукка видео “МАИчилер токтотконуна карабай качып кетишкен” деген аталышта тарап кеткен. Бул окуя боюнча ырчы айымга байланыштык. Ал:

– Бизди МАИчилерден качты деп чыгарышыптыр. Видеодон биздин жай ылдамдыкта баратканыбыз даана эле көрүнүп турат. Уулумду унаанын айнеги караңгылатылганы үчүн токтотушту. Мейли, айдоочу жол эрежесин бузду деп токтотушсун, айып пул салышсын. Мыйзамды сыйлаган үчүн уулум токтоп, айнектеги клеёнканы сыйрып, айып пулга жыгылып, документин берип, кечирим сурап отурат. Ага да болбой ар шылтоону айтып, убакытты созушту. Эң капа кылганы, алар жүргүнчү орундукта отурган мени видеого тартып, сайтына чыгарып салышты. Мейли, баламды айдоочу катары жарыялашсын. Бирок мени эмнеге чыгарышат, кала берсе “качып бараткан” деген жалаа менен?! МАИчилер биздин жарандык укукту тебелешти. Андыктан мен да Кыргыз өлкөсүнүн жараны катары өз укугумду коргош үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга документтерди чогултуп жатам,- дейт.

Тилекке каршы, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын укугун коргобой эле, тебелеп коюшат. Былтыр ырчы Клара Алибекова милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылып, алар жардам көрсөткөндүн ордуна видеого тартып, мазактап, интернетке таратып жиберишкен. Окуя канчалык чоң талкууну жаратса да, шылдыңдагандар жазасын алышкан эмес.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Nanei
2018-11-27 09:49:50
Оо Айчурок да баркенда бул санда
-5
barakcha
2018-11-27 10:33:30
Эже капа болбонуз.Бизде закон ноль.Маичилер отукторун баштарына кийип алышкан.Везде безпредел!
+6
Sambet08
2018-11-27 11:32:09
Тынар айткан туурада, болду эми мага мээнин кереги жок себеби МАИ ге жумушка кирдим деп. Баарыле эле эмес албетте бирок копчулугу ошондой
+9
Munar_6052
2018-11-27 12:02:33
МАИни бекеринен Машина Андыган Иттер дебесе керек
+3
PrinsessaNuri
2018-11-27 12:56:43
Aychuroktun ordunda jonokoy jurgunchu bolgondo videogo tartywpayt ele. Elge jaman korsotkusu kelgen da. Jyldyzdar uwunday joopkerchiliksiz dep
0
fanatka19
2018-11-27 12:57:09
Видеодо даана корунуп турат го качканы жана Айчурок эжебиз озу тушо калып аларды тартканы. Ырчыбы башкабы мыйзамга баш ийиш керек. эмне учун айнегин карангылатып алган мыйзамга туура кельешин билип туруп.
+4
Leilek91
2018-11-27 13:49:03
Айчурокту эч ким тарткан эмес ал озу тушуп барган коё бергилечи деп и качканы даана байкалат корсонор тушуносунор машинасы танировка ал ким экен аны коё бергидей закон баарына бирдей Ню твдан корсонор болот
+4
Nanei
2018-11-27 23:19:06
Ушу ырчылар оздорун кудай сезип алышты,айчуроктун баласына закон жок бекен??
+2
Paprikafm
2018-11-28 01:55:01
Айчүрөктүн чыры бүтпөйт, ырчы болсо эле балээ болупбу, өзүнө ырчы, каерде болсо урушуп жургонү жүргөн, дагы тарбиялуумун дегенине...
+3
Umakg
2018-11-28 13:56:48
Озу тушуп тартыго камерачы тарпасада кыйкырып журуп озун пиарлап
+1
Jigitchem
2018-11-29 00:59:48
Ой ар шылтоону айтпай эле протокол тузуп эле кое берити го. Жон эле ызы чуу кыла бербенизчи Айчурок эже. Андай болсо машинадан не тушо каласыз
+2
Bak.taalai
2018-12-01 21:09:03
Jigitchem,Ошо да Анжелика менен чыры бутуп озун эмне пиар кылаарын билбей калды да
0
AksyKum
2018-12-02 00:20:52
Өткөн да балам Расулдун баласы эмес деп өзүнчө эле
0
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан