Борбор калаабыздын мэриясы менен «Пикир» аймактык эксперттер клубу уюштурган тегерек столдун катышуучулары түтүн менен күрөшүү ыкмалары аркылуу айлана-чөйрө чыгындыларын азайтууну талкуулашты.
АБА АШЫКЧА БУЛГАНУУДА
Үйлөргө жылуулук берүү башталганы борбор калааны калың боз түтүн каптаган көйгөй тургундарды катуу түйшөлттү. Бул тоого көтөрүлгөндө айрыкча байкалууда. «Move Green» коомдук кыймылынын активисттери шаардын ар тарабына орнотушкан датчиктер абанын булгануусу жол берилген чектен 6 эсе жана андан да көп экенин аныктаган! Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин жаратылыш чөйрөсүндөгү булганууга байкоо жүргүзүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, октябрь айында аба курамында азот диоксиди чектен 1,25 эсе, ал эми азот оксиди нормадан 1,2 эсе көп болгон. Формальдегиддин концентрациясы адаттагыдай эле жогору – ал нормадан 4,7 эсе көп болгон. Бул шаардыктардын ден соолугуна жакшы таасир этпеши белгилүү иш...
Эксперттер, активисттер жана шаар бийлигинин өкүлдөрү катышкан тегерек столдо Бишкек шаарынын экологиялык абалы жыл өткөн сайын начарлашынын негизги себептери айтылды. Абада зыяндуу заттардын чыгындылары көбөйүшүнө шаардагы жол тыгындар, солярка менен жүрүүчү маршруткалар жана жеке от жаккан конуштар себепкер экен. Мончо жаккандар өзүнчө эле чоң көйгөй. Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын өкүлдөрү жергиликтүү калк жана мончо ээлери арасында профилактикалык рейддерди жүргүзүүдө. Эреже бузгандарды таап, алардан мешке чүпүрөк жана резина жакпоону суранышууда. Эгерде эскертүүлөргө ынабаса, айып пул салынууда.
БАШ АЛАМАН УРУКСАТ БЕРҮҮ ЭМИ КОКОГО ЖЕТТИ
Кырдаалга шаардык транспорт башкармалыгы да кабатыр. 2019-жылдын биринчи чейрегинде метан менен жүрүүчү 11 автобус сатып алып, Бишкектин борборун маршруткалардан бошотууну убада кылды. Ал эми май куюучу жайларга сапаты төмөн бензин сатууга тыюу салынмакчы. Аракеттер азырынча көрүнүктүү жыйынтык бере элек. Шаар бийлигинин пландуу жана жоопкерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында жаралган экологиялык оор кесепеттерди жоюу оңой иш эмес. Эксперттер «Бишкек башкы архитектура» көп жылдар бою имараттарды курууга баш аламан уруксат бере берип, шаардын аэродинамикасынын бузулушуна алып келген деп белгилешти.
"Кайрадан таза аба менен дем алууну кааласак, аба агымдарынын башкы багыттарын өткөрүүчү магистралдык көчөлөрдү ачып, желдетүүнү кайра калыбына келтиришибиз абзел",- деп түшүндүрдү эколог Эмил Шүкүров. Анан, албетте, сөзсүз түрдө булгануунун негизги булактары менен катуу күрөшүү керек.
БААРЫ БАРЫП АКЧАГА ТАКАЛАТ
Шаарды каптаган түтүн өкмөттөгүлөргө да сезилген чыгар, кантсе да бир эле аба менен дем алабыз да. Премьер-министр абалды жакшыртуу үчүн комплекстүү аракеттерди иштеп чыгууну жана ага болгон күчтөрдү жумшоону талап кылды. Комплекстүү иш-чаралар боюнча сунуш жаңылык деле эмес. Шаарды түтүн каптаганда дайыма эле айтып келишет. Баарын билебиз, баарын түшүнөбүз, бирок эмнеге таза аба менен дем албайбыз?
Эксперттердин ою боюнча, каржылоонун жоктугу кол бууйт. Экологиялык маселелерди чечүүгө шаардык да, республикалык да казынада акча жок. Жыйынтыгында эң мыкты сунуштар да аткарылбай калууда.
"Абалдын дагы начарлашынын алдын алууга акча керек" дейт мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов. Бирок эгер мамлекеттин буга күчү жетпесе, көйгөйдү чечүү үчүн «Кумтөр» сыяктуу ишканаларды тартуу ашыктык кылбайт. Кыргыз өкмөтү былтыртан бери стратегиялык макулдашуу долбоорунун алкагында жаратылышты коргоо фондун түзүүгө «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Компания Ысык-Көл облусундагы экологиялык абалды жакшыртууга 50 миллион доллар бөлүп берүүгө милдеттенме алган. Эмне үчүн бул сумманын жок дегенде 10-12 миллион долларын өлкөнүн саясий, финансылык жана маданий очогу болгон Бишкек шаарына берүүгө болбосун?
Эксперттин оюнда, бул акча бюджет аркылуу өтпөшү керек. Андай болсо ал каражаттарды жөн гана башка иштерге коротуп салышат да (шаарга дайыма акча жетпейт!), экологиялык маселелерди чечүүгө кайрадан эч нерсе калбайт. Эң жакшысы – каражатты Бишкек мэриясында түзүлгөн экологиялык фондго берип жана каражат жумшоону көзөмөлдөө укугун жарандык коомго ыйгарыш керек.
Тегерек столдун катышуучулары катуу турмуш тиричилик калдыктарын жөндөө, калаадагы базарларды тартипке салуу, жол боюндагы бизнестерди жоюу (анын ичинде көчөлөрдү желдетүүгө жолтоо болгон жарнак такталарды) жана башка ушул сыяктуу сунуштарды президенттик аппаратка, өкмөткө жана Бишкек шаарынын мэриясына жиберишмекчи. Активисттер жооп катары аракеттер көпкө күттүрбөйт деп үмүттөнөт. Бишкек экинчи Пекинге айланышын ким кааласын? Кейиштүү келечекке жакындап баратабыз. Шаар абалы жакшырчудай эмес жана дарыгерлер бет кап кийип жүрүүнү сунушташат. Мындай чара ашыкча болбос.
Ибрагим Жусуев