Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Активдүүлүк күчөйт. Түшүнүксүз нерселер айкын болот. Сыр жашыра билиңиз. Сүйүктүүңүз, балдарыңыз же жакындарыңыз кубантат. Үй чарба иштери ойдогудай бүтөт. Ийкемдүү болсоңуз колуңузга акча тийиши мүмкүн. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Курбу, кесиптеш, айрым мекеме кызматкерлери менен алака кылууда абайлаңыз. Түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. Жан шеригиңиз, жакындарыңыз менен жакшы тил табышасыз. Көңүлүңүз көтөрүлөт. Таанышуулар болот.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичи жетекчиликтен, өкмөт адамдарынан оолак болгонуңуз оң. Жаңы нерселерге умтулуу күчөйт. Ден соолук, жумуш жайында болот. Кесиптештер сизге көңүл бурушат. Туугандар менен баарлашасыз. Азыраак суммадагы акча тиет. БӨЙӨН (22.06-22.07)
Башка жактык өнөктөш, текшерүү органдары, дин өкүлдөрү менен иш алып барууда токтоолук керек. Болбосо таарынуулар чыгат. Балдарыңыздын, сүйүктүүңүздүн урматына ээ болосуз. Иш илгерилейт. Акчанын келиши күтүлүүдө.
АРСТАН (23.07-23.08)
Акча, буюмга байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Эс алууга же балдардын керектөөсүнө акча сарптайсыз. Купуя ой-тилектер оңой ишке ашат. Үй тиричилик, уюштуруу иштери жакшы жүрөт. Жакын адамдардын мээримине бөлөнөсүз.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кээ бир адамдар менен мамиле бузулат. Канткенде да эмоцияны көзөмөлдөңүз. Дос, кесиптеш, туугандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Үйүңүзгө конок келет, же кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жумушуңузда көйгөй жаралышы мүмкүн. Документ, иш кагаздарына так болуңуз. Аргасыз көп иштөөңүз мүмкүн. Жардам керек болсо жетекчиликке, курбуларга кайрылыңыз. Акча аласыз же жакшы кабар угасыз.ЧАЯН (24.10-22.11)
Балдар же эс алуу жаатында маселе жаралат. Пикир келишпестиктер болот. Аргасыз акча сарптоого туура келет. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Лидерлик сиздин колго тиет. Текшерүү органдары менен иштешүүгө туура келет. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үй чарба иштерин аткарууда шашмалыкка алдырбаңыз. Шаймандарды, ысык сууну колдонууда этият болуңуз, жаракат алып калууңуз мүмкүн. Купуя аракеттерди жасайсыз. Чөнтөгүңүзгө акча түшөт.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Кооптуу мезгил. Кошуна, бир туугандар менен баарлашууда токтоолук керек. Тирешүүлөр болот. Аз өлчөмдө акча аласыз. Жубайыңыз же курбулар менен жагымдуу көз ирмемдерди баштан кечиресиз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада акча муктаждыгы жаралат же күтүүсүз чыгымга учурайсыз. Сарамжалдуу болууну унутпаңыз. Дос, өнөктөштөр менен мамиле өзгөрүлүп турат. Ал эми кесиптештер, кызматтагы адамдар менен мамиле жакшы жүрөт.БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада маанайыңыз абалга жараша өзгөрүлүп турат. Аракет демейдегиден көп болот. Азыраак тоскоолдуктар чыгат. Башкысы, ачууңузду ооздуктай билиңиз. Өнөктөштөр, жогорку кызматтагы адамдар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт.