«СУПЕРДИН» ТАНДООСУ – 2018. ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫН ТАНДОО МААЛЫ КЕЛДИ. ЖЫЛДЫЗДАРГА ДОБУШ БЕРИҢИЗ!

2018-жыл менен коштошуп, жаңы жылды тосуп аларыбызга аз убакыт калды. Маданият, шоу тармагында кара тер төгө, тыным албай иштегендер кимдер болду? Алардын элге тартуу кылган чыгармалары канчалык элге жакты, канчалык жүрөктөрдөн орун алды, аныктоочу маал келди. Жылдын мыктыларын сиздин добушуңуз чечет. Ырчылардын, актёрлордун, актрисалардын, вайнерлердин, тасма, клиптердин тизмеси SUPER.KG порталына жүктөлүп, добуш берүү башталды.

Жылдын супер тандоосуна 2017-жылдын ноябрь айынан үстүбүздөгү жылдын ноябрына чейин жарык көргөн ырлар, клиптер, тасмалар катышат. Добуш берүү 30-ноябрдан 22-декабрга чейин уланат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен эң көп упай топтогон талапкер «Жылдын супери» деп табылат.

Буга чейин “Заманыбыздын супер ырчысы” наамын алган ырчы айымдар жана мырзалар жылдын тандоосуна катышпайт.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nazgul02
2018-12-04 14:04:10
Жылдын супер дебюту наамына Толгонай Арзыкеева
+1
ajos
2018-12-04 17:39:17
"Ата" кино тасмасы ьардык тараптан талашсыз биринчи орунда болуш керек!Альбина Имашова албетте кучтуу актриса, бирок Мегатой-1 ото кызыксыз, экинчисин корбоптурмун. Жийдеш азамат! Сайкал Сыймык Бейшекеевдин ырын бузуп койгон. Баарынан да "Ата" кино тасмасы жеткиликтуу сыйланышы зарыл! Бул менин жеке оюм!
0
LittleBarbie
2018-12-04 22:00:17
Кыргыз тилдуу супер вайнер талашсыз Шумкарбек!!!
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан