Кылычбек СУЛТАН: «ЧЫНДЫКТЫ АЙТУУНУН ӨЗҮ – КҮРӨШ»

Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан “Апрель” телеканалына маек берди. Анда экс-элчи Тышкы иштер министрлигиндеги коррупцияга каршы күрөшүү аракети, ага Ак үйдөгү бут тосуулар, кескин билдирүүлөрү, келечек пландары тууралуу кенен баяндап берди.

– Талкууну ток этеринен баштайлы, сиз дагы бул суроого даяр болсоңуз керек. Сиз буга чейин башка өлкөдөн башпаанек сурап, жакын арада Кыргызстанга келбейм деген өңүттө сөз айттыңыз эле. Окуя андай өңүттө өнүккөн жок, Кыргызстанга келдиңиз. "Корея башпаанек бербей коюптур" деген ар кандай сөздөр айтылып жатат, өз оозуңуздан уксак.

– Мен өз мекениме келдим. Мекениме келгеним үчүн мага эч кимдин доомат коюуга укугу жок. Себеби – жарандын мекенине келүүсүнө ар дайым жашыл коридор, жашыл жарык күйүп турушу керек. Ооба, буга чейин ачуу сөздөр айтылды, анткени шарт ошондой эле. Чыңалуу күч эле. Мекенге кайтуу ушул күнгө буюрган экен, келдим. Мындан ары кандай болот, бир Кудай билет. "Кореядан башпаанек бербей коюптур" деген боюнча... Азыр түшүнөн көрүп эле ушак жая берген заман экен. Корея башпаанек бербей койду, дегеле мени Кореядан башпаанек сурады деп ким айтты? Мунун баары жомок. Корея эмес, бир дагы өлкөдөн башпаанек сураган жокмун. Сөздүн төркүнү – ошол кезде менин эмне үчүн башпаанек сурадым деп айтканымда. Аны эмне үчүн айттым? Аны айтуудагы максатым эмне эле? Андан кандай жыйынтык келип чыгышы керек эле? Кеп ушунда.

– Ошондо ачууга алдырып жибердим дегени турасызбы? Башпаанек сурадым деп айтканыңыз бар го?

– Ооба, мен аны танган жокмун. Айтканым туура, а эмне максатта, кандай тактика менен айттым, кандай стратегиям бар эле – бул башка нерсе. Бул боюнча “Марал” радиосунда да элге кеңири түшүндүрүп бергенге аракет кылдым.

– Башпаанек деген сөздү кандай максатта айттыңыз? Элчинин башпаанек сураганы өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрөт деген сөздөр айтылууда.

– Окуянын таржымалы бир нече жыл мурункуга барып башталат. Мени Тышкы иштер министрлигине “парашют менен түштү” деп айтып калышат, бирок мен десант катары түштүм деп айтсам туура болот. Ал жерде мен күтпөгөн маалыматтар чыкты. Ошол маалыматтар көп окуялардын башаты болуп жатат. Мен ал маалыматтарды изилдеп чыктым. Ал эми мамлекеттик түзүмдөр изилдеп бүтпөй койгондуктан окуя ушундай нукта өнүгүп кетти. Чет өлкөдөн башпаанек сурадым деп жарыялаганымдын себеби – президент Сооронбай Жээнбековго маалыматты жеткирүү эле. Өлкөдө адилеттиктин үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш болгон адам бүт тарабынан курчоого алынып, ага маалымат жетпей жатканда ушул тактиканы колдондум. Катуу жарыя айтышым керек, ошондо жолду канчалык бууса да бул маалымат президентке жетет, андан соң териштирүү башталат деп чечтим. Президенттин тегерегиндеги адамдар мен чыркырап айтып жүргөн чындыкты көрсөтүүгө, айтууга аргасыз болушат деген тактика эле.

– Сиз мындай кадамга президентке өзүңүздүн оюңузду айтуу үчүн гана барган экенсиз да? Көңүл бурдургуңуз келген?

– Көңүл бурбай, тоскоол болуп жатышкан. Балким, маалымат барып жаткандыр, бирок ал маалыматты президентке бурмалап жеткирип жатышат деген жыйынтык чыгардым. Жыйынтык чыгарган соң эң оор артиллерияны колдондум десем болот.

– Ал өзүн актадыбы? Бир кишинин көңүлүн буруш үчүн өлкөнүн аброюна шек келтирүүгө даяр болдуңуз. Максатыңызга жеттиңизби?

– Максатыма жеттим же жетпедим, азыр белгисиз. Бирок мамлекеттин аброюна шек келтирди деп айтуу туура эмес. Мамлекеттин аброюн бир адамдын аброю менен өлчөбөш керек.

– Бирок сиз жөнөкөй киши эмес, бакыйган өлкөнүн элчиси болуп туруп ушундай билдирүү жасоонун өзү кандай көрүнүш? Дүйнөлүк практикада ушундай нерсе болду беле?

– Дүйнөлүк практикада жалгыз гана элчи эмес, элчиликтеги дипломаттык курам толугу менен башпаанек сураган да учурлар болгон. Кыргыз Республикасында мындай окуя болгон эмес жана болгон да жок. Мен айтып жатпаймынбы – эч кандай башпаанек сураган жокмун. Башпаанек сурадым деген сөз эмнеден келип чыкты? Биздин мамлекетти чет өлкөдө таанытып жүргөн дипломаттардын арасында кылмыш иштерин жасап жаткан адамдарга чара көрүү. Кыргыз өлкөсүн чындап уят кылып жаткандар ушулар да! Ал адамдар чет өлкөгө барып алып аларды ишенип кабыл алган мамлекеттин акчасын тоноп жатса, алар жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго жеткирейин десем бүт жагынан курчап, менин маалыматымды жеткирбей жатышса, кандай жол менен болсо да жеткиришим керек эле.

– Тышкы иштер министрлигинин кайсы кызматкери же кайсы элчилер жөнүндө айтып жатасыз?

– Эмне болгон кылмыштар экенин 22-сентябрда маалымат жыйынында айткам. Андан кийин “Дело №...” гезитине да чыкты. Бул – контрабанда... Биринчи жолкусу эмес. Мамлекет, президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт дипломаттык кызматтарга адамдарды жиберсе, алар ал жакта дипломаттык укуктарынан пайдаланып контрабандалык иштер менен алектенип жүрүшсө... Мунун баары маалымат каражаттарына чыгып эле жүргөн.
“Дело №...” гезити ТИМге байланыштуу үрөй учурган окуяларды жазып эле жатты да. Бийлик ушулардын баарына көңүл бурдубу? Жок.

– Азыркы бийликтен түңүлдүм дедиңиз эле. Азыркы бийликке пикириңиз өзгөрдүбү? Бул жакка келгенге азыркы бийликтин аппараты менен сүйлөшүү болдубу? Мисалы, “келе бер, бул жактан сүйлөшүү жүргүзүп тил табышалы” деген сунуштар болдубу? Кайтып келүүңүздүн себеби эмне болду? Президенттин дарегине айткан сын-пикириңизди кайтарып алган жоксузбу?

– Андан бери 2 айдай убакыт өтсө да аны кайтарып алууга эч кандай жөндүү себеп боло элек. Бир гана позитивдүү нерсени байкай алдым – куугунтукка кабылган жокмун. Мен өлкөгө тобокелге салып келдим. Өлкөгө келгенимди бийлик билет. Учактан түшөрүм менен колду кайрып башка жакка алып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болду. Мындан 1-2 жыл мурун абал кандай эле? Эгер адам бийликке жакпаган сөз айткан болсо эмне болот эле? Учактан түшө электе эле кармап кетчү. Мисалдарды санабай эле коёюн. Максатым – абал кандай жакка өзгөрүп жатканын билүү. Бул жактагы саясий күчтөр менен жолугуп, кеңешип эмне кылуу керектигин талкуулоо. Айрым адамдарда “алдын ала сүйлөшүп келди” деген ой болушу мүмкүн. Андай эмес, тобокелге салып келдим. Кайтып келүүгө түрткү болгон нерселер көп эле. Мекенге болгон сагыныч, бул жактагы ата-энем, бийликтин 2 айдан бери куугунтуктун белгисин көрсөтпөгөнү.

– Президент менен жолугам деп кайра сунуш киргиздиңизби?

– Эгер президент “биздин экс-элчибиз бир маалыматтарды айтайын деп мага кире албай калган экен, жолугуп угуп көрөйүн” десе, мен Антарктидада жүрсөм да жетип келүүгө даярмын. Бирок азырынча президент же анын айланасындагылар буга жол бере элек. Эгер президент “мамлекеттик органдардагы кандай туура эмес иштерге күбө болдуң, аны чечүүнүн жолун сунушта” десе сүйүнөт элем.

– Сиз алыстан туруп бийлик менен күрөшөм деп катуу билдирүү жасагансыз. Кыргызстанга кайтып келдиңиз, эми күрөштү улантасызбы же кызмат сунуштаса кызмат аркалайсызбы?

– Күрөштүн түрү ар кандай болот. Чет жерде жүрүп күрөшкөн жокмунбу? Күрөштүм. Азыр заман ушундай, сөзсүз эле рингге же "Ала-Тоо" аянтына чыгып күрөшүү шарт эмес. Кайсы жерде жүрсөң да чындыкты айтуунун өзү күрөш. Ар бир жазганымды (Фейсбукта) кеминде 5 миң киши окуйт. Ошентип коомдук пикир жаралат, анын негизинде кийинки шайлоолордо элдин ою өзгөрүшү мүмкүн.

– Бийлик иштешели деп бийик кызмат сунуштаса кандай жооп бересиз?

– Кызмат айрым адамдарды жеке өзүнө пайда алып келүү үчүн кызыктырат. Айрымдарга кызмат – эл үчүн жасайм деген пландарын ишке ашырууга шарт түзүү. Эгер кайсы бир кызмат сунушталып, мен аны менен элге пайда келтире ала турган болсом, эмне үчүн жок дешим керек?

– "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк-кландык режиминин курмандыгымын" деп жазган экенсиз. Кандайча курмандык болуп жатасыз? Өзүңүздүн маалыматыңызды президентке жеткире албаганыңыз үчүнбү?

– Курмандык деген кандай? Мисалы, мен мамлекеттик кызматта эл үчүн кызмат кылып жүрүп чындыкты айтам деп курмандык болдум. Айта коём деп эмес, муну баары бир айтмакмын. Балким, мен көргөн кыйынчылыктар кичинекей эле кыйынчылыктын башыдыр. Саясатта мындан чоң кыйынчылыкка туш болуп жаткандар бар, болуп эле жатат. Балким, мен азыраак жапа чеккендирмин. Мүмкүн, мындан чоң кыйынчылыктар күтүп тургандыр. Мен азырынча курмандыкмын.

– Сиз бул бийликти тааныбайм, күрөшөм деп жатасыз. Бирок кызмат сунуштаса барасызбы десе барам дейсиз. Муну кандай түшүнсө болот?

– Эгер бийлик кызмат сунуштаса, менин курмандык болгонум жокко чыгат. Мен айткан кемчиликтерди моюнга алып, мени менен кызматташууну сунуштаса, демек, бийлик мен айткан кемчиликтерди жоюуга белсенгени да. Эгер кайсы бир убакыттан кийин бул алдоо экени билинип калса алдоо экенин айтып чыгам.

– “Марал” радиосуна берген маегиңизде азыркы президенттен кечирим суроого даяр экениңизди кыйытыпсыз. Эгер чындыкты айтып, чындык үчүн талашып жатсаңыз, эмнеге кечирим сураганы жатасыз? Тескерисинче, сизден кечирим сурашы керек эмеспи?

– Кечирим суроону мен адамгерчиликтин белгиси деп түшүнөм. Бирок эмне үчүн кечирим сурайм? Президент деген миллиондогон адамдар “менин президентим” деп сыйлап турган адам. Дүйнөдөгү 200дөй мамлекеттин президенттери “ушул мамлекеттин падышасы” деп турса, мен элге коррупциянын бетин ачам деген максатта эч айлам калбай калган учурда эң орой сөз айтууга аргасыз болдум. Кандай жол менен болбосун президенттин көңүлүн бурдуруу максатында. Ал максатыма жеттим, көңүл бурду.

– Көңүл бурганын кайдан билдиңиз? Сиз айткан ТИМдеги коррупция четинен жоюла баштадыбы?

– Мен айткан күнү эле тышкы иштер министри кызматтан кетти. “Дело №…” гезитине 2 ай бою ТИМдеги үрөй учурган окуялар жазылып жатты, бирок реакция болгон жок да. Менин бир сөзүмдөн кийин моменталдуу кызматтан кеткени көңүл бургандын белгиси. Ал эми ушул окуядан кийин коррупция токтодубу-жокпу, билбейм. Себеби ошол кезде мурдагы министр өтө катуу таарынып кетип, балким, кайсы бир компроматтарды ачыкка чыгарып жибербесин дедиби билбейм, ага кошуп мени да жумуштан кетирди.

– "Президенттин тегерегиндеги адамдар ага маалыматты жеткирбей жатат" деп айтып жатасыз. Тегерегиндеги деген кимдер? Аппарат жетекчиси же кеңешчиси тоскоол болуп жатат деп атап айта аласызбы?

– Президенттин тегерегиндеги аппарат башчысы, бөлүм башчысы булар биз билгендер эле. Расмий кызматтагы аткаруучулар. Алардан башка тегерегинде толгон-токой адамдар болот. Мени президентке ким жакындатпай койду дагы деле билбейм. Формалдуу түрдө бул аппарат башчысы Досалы Эсеналиев деп айтсак болот. Албы же ал эмеспи, так айта албайм. Бирок мен маалыматтарымды Эсеналиевге айткам. Башында жакшы эле сүйлөшүп келе жатып, бир кезде сүйлөшүүбүз токтоп калды. Демек, Досалы Эсеналиевге маалыматтарды андан ары өркүндөтүүгө кайсы бир тараптан тыюу салынды же жол берилбеди, аныгын биле албайм.

– Саясатта досторуңуз барбы?

– Мен өзүмдү саясат чөйрөсүнө аралашып жаткан адам катары эсептейм, бирок саясатчымын деп айтууга эртедир. Достор жокко эсе. Кыйын кырдаалга кезиккенде достор эмес, кээде алысыраак туугандарың да жок болуп кетет экен. Азыр өлкөдө саткынчылыктын заманы орноп жатат деп ойлойм. Бул этаптан да өтөбүз.

– Келерки парламенттик шайлоого катышасызбы? Катышсаңыз кайсы партия менен?

– Катышууга менде каалоо күчөдү. Дипломаттын статусу айрымдар ойлоп жаткандай анчалык жогору эмес. Элчи – министрликке баш ийген орто деңгээлдеги эле чиновник. Чоң чечимдерге анын таасири жок. Чоң чечимдерди чыгарыш үчүн парламентке келишим керек экениме көбүрөөк ынана баштадым. Партия тандай элекмин, азыр бизде партиялык система ыдырап баратат. Балким, ыдырап барып кайра баштан түзөлөттүр. Кайсы саясий күчтөр менен келечекте бир болуп, бири-бирибизди түшүнүшө алабыз деп карап жатам. Кайсы партиялар саткынчылык илдеттен алыс деген да маселе турат.

(Маек айрым стилистикалык кыскартуулар менен берилди).

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан