ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Уйку деле жок. Тунарган дубалдарды тиктеп балдарын ойлоп жатты. Балдарынын көзүндөгү сагыныч жанын кашайтып жиберди. Айрыкча кетерде Алиянын көздөрүнө жаш толуп баратканын билгизбей бурулуп кеткеничи. Онтоп жиберди. Жаздыгынын алдында катылган балдарынын кийимдерин мурдуна алып келип жыттап алды. Кызынын көзүнөн толуп турган бир тамчы жаш үчүн дүйнөнү от жагып өрттөп жибергиси келди. Өзү кептелген бул абалга, ден соолугуна, жанын ачып таяк жегенине да кайыл, көз алдында Алиянын көзүнө толуп бара жаткан тамчы жашы.

– Аттиң, ушундай болбосо эмне? Аман өлбөсө, аркасында миң сан ойлорду калтырбаса, ызадан көөдөнүм жарылып кетчүдөй болбосом эмне? Аманды кезиктирбей калсам, аны сүйбөй калсам эмне? Андан бала төрөбөй, анын миң сырдуу дүйнөсүнө кирбей койсом эмне? Балдарымды минтип жалдыратканча төрөбөй койсом эмне? Же өзүм таптакыр жаралбай койсом эмне?

Бул “эмнелердин” аркасы таптакыр бүтпөчүдөй чубалып бара жатты. Аттиң деп башын койгулай берип чарчады. Жоопсуз суроолорду бере берип чарчады. Мээсине чак-чак урулган бул ойлордон чарчады.



ххх

Эмнегедир кара кийинчү. Көйнөк, иймек, жалтырак-жултурак, дегеле аялзатына тиешелүү нерселер анда жок болчу. Сөздөрү да кыска, так, түшүнүктүү. Уйкусураган, чарчаган, аялдарга кошулуп ушакташканын көрүү мүмкүн эмес эле. Андыктан андан башкалар өздөрүн оолак кармашчу. Иш арасында кимдир бирөөнүн телефон номерин сурап же жардам сурап эле кайрылышпаса, дээрлик эч ким менен сүйлөшчү эмес. Ал дайым эч ким көрө албаган, биле албаган өз дүйнөсүндө эле.

– Азема...

– Ии?

– Каза болгон солдаттын материалы мыкты болуптур. Азаматсың!

Баш бармагын көрсөтүп койгону болбосо, эч бир эмоция билдирбеди. Чапчаң кыймылдап, жазгандарына үйүлүп, диктофонун тыңшап иши менен алек. Телефон “чырр” деди.

– Бандит, сага бир иш чыгып жатат,- деди тааныш бир агасы.

– Айтыңыз.

– Учугу Сыялы Тумановго алып бара турган бир иш бар экен. Сен “сүйөсүң” го ал кишини. Мына сага иш!

Аземанын башы чуулдап кетти. Каны кызып чыкты. Тигинин ар бир сөзүн угуп эмес, жутуп жатты.

– Кайдан табам?

– Адвокаты менин жанымда отурат. Кааласаң кел.

– Азыр эмес, мага телефонун бериңиз, өзүм сүйлөшөм.

Адатынча кыска сүйлөштү.

ххх

– Апаң сени бакчага эмнеге алып келбей калды?- деп сурады Алиядан бакчадагы кичине кыз.

– Ал... Жумушта.

– Силерди алып келип жаткан аял ким?

– Таенем.

– Калпычы, сенин таенең жок болчу. Менин чоң энем да, таенем да бар, а сеники жок болчу.

Алия эмне дээрин билбей калды. Чын эле Зирек таенеси эмес да. Бирок болсо так эле ушундай болмоктур. Дал ушундай күндө бетинен өөп, чачын тарап каалагандай өрүп, каалаган тамагын жасап бермектир. Мейли эл эмне десе, ал Алия менен Адамдын таенеси! Өзүнө-өзү ушинтип айтканы менен, кичинекей жүрөгү ызаланып турду. Тиги кыздын жаңы көйнөгүнө суктана карап алды. Кайра өзүнүн башы ачылып бара жаткан бут кийимин карады. Улутунуп алды.

Кечинде бакчадан кетип бара жатып Алияга бир нерсе болгонун Зирек байкады. Өзү айтабы деди эле, үн каткан жок.

– Алия, Адам, бүгүн сейил бакка баралыбы?

– Жок.

– Эмнеге?

Алия үн катпай бутунун башын көрсөттү. Бут кийими жыртылып калган экен. Зирек күйпөлөктөп кетти.

– Алияш, мага айтпайт белең, кызым. Ушуга маанайың түштүбү сенин?

– Жо-ок, ага эмес, таене, Саку мага бүгүн “сенин таенең жок” деди. Айтсаң, апам келгиче сен бизди таштап кетпейсиңби?

– Мен силерди таштап кайда барам, кызым? Мен... Жүрү бул жакка отуралычы.

Экөөнө балмуздак алып берип, скамейкага отурушту. Бир аздан кийин Адам чуркап ойноп кетти.

– Алия, экөөбүздүн сырыбыз болсунбу? Мен сага бир нерсе айтсам, эч кимге айтпайсыңбы?

– Жок, эмне айтайын дедиңиз эле?

– Мен сенин чын эле таенеңмин!

Алия таң кала тиктеп алды. Кандайча деп жатты көздөрү. Зиректин кайра тили байланды. Эчен жолу тилине келип кетип жаткан нерсени кимге кантип айтат?

– Апаңа окшогон көздөрүңдөн сенин!

– Апама окшошмунбу?

– Ооба.

Кыз күлүңдөп койду. Зирек ошол күнү балдарды уктатып коюп, Элинага узун кат жазды. Качан берерин деле билбеди. Деги эле береби, аны да билбеди. Болгону жүрөгүнө ката албай, батыра албай калган ачуу чындыкты ак баракка шилеп чыгарып жатты.

“Кызым, алтын кызым, жашоомдун маңызы! Мен сени төрөгөн күндөн баштап өзүм менен кошо шорго малдым. Сага татыктуу эне боло албадым. Бирок сен меникисиң. Жылдардан соң сени көргөнүмдө түрмөнүн кара дубалдарына калган үмүтүм бошко чыкпаганын билдим. Сен мен каалагандан акылдуу, мен элестеткенден да сулуу аялзаты болупсуң. Сыймыктандым! Кызым, мени эч качан кечирбесиңди билгендиктен сенин энең экенимди айта албадым. Сен “апамды издегилечи” дегениңде да айтканга кайратым жетпеди. Коркоктук кылдым мен! Азыр сенин балдарыңдын жанындамын, өзүмдү бул эки баладан куткара албай калдым. Аларсыз дем ала албай калдым. Сенин эки көзүң – сенин балдарың. Сага болгон кусалыгымды, жылдар бою айта албай келген энелик мээримди бердим. Кайсы бир күнү мен тууралуу чындыкты билесиң. Сен мендей аялды эне дебесең керек. Сен өзүңдүн атаңды өлтүрүп салган аялды ЭНЕ деп айта албасыңды билем, кызым...”

Калем сынып кетти. Баракты кимдир бирөө жулуп алып Элинага жеткирчүдөй болуп жан талышып жыртып жиберди. Аргасыздык менен сүйүүнүн ортосунда кептелген эне байкуш алсыз денесин керебетке урду.



ххх

Түрмө. Беш тамга. Адамдардын тагдырын, жылдарын бооруна басып, так маңдайына мөөр сыяктуу өмүр бою жаза турган жаза үйү. Бул жерде акмагы да, акылдуусу да, күнөөсүзү да, күнөөсү тоодой болгону да бар. Азема бул жайга эчен жолу келип репортаж жасаган. Кере дем алды. Элинаны ал оңой эле тапты.

– Саламатсызбы?

– Салам.

Эки кыз бирин-бири үн катпай тиктеп алышты. Экөөнүн тең көздөрү курч эле. Экөө тең адилетсиздиктин айынан жапа чеккендерден, турмуш өзү такшалткан, тагдыр менен оңой күрөшпөгөндөрдөн эле.

– Журналистмин. Жаныбек жиберди.

– Мындан майнап чыкпайт. Бекер келипсиз.

– Кайдан билесиз?

Аземанын курч көздөрүнөн бул саам жалтана түштү.

– Сен канчадасың?- деди кызыга.

– Тең чамалашпыз.

– Сени Сыялы Туманов эки бүктөп чайнап, жутуп коёрун билесиң да.

– Сени, балким, жута алат, бирок мен анын тамагынан өтпөйм.

Ызалана түштү Элина. Столдон туруп басып кетмекчи болду. Ай ушу Жаныбек, ар дайым анын жашоосуна мурдун тыгат да турат. Ушу кыздын колунан эмне келмек? Элинанын көздөрүнөн ушуну окуду Азема.

– Алдыңа курсагы чыккан, жашы 40тан өткөн, тажрыйбалуу көрүнгөн бир эркек киши келсе, балким, ага менден да жакшыраак ишенмектирсиң. Бирок билип кой, алардын жамбашы жылуулукту сүйөт.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
originalkgz96
2018-12-04 09:26:57
Эхх
+1
Paprikafm
2018-12-04 10:30:28
Эх аягы кантип аяктайт экен
0
nurhan2702
2018-12-04 10:37:42
Сонун жерине келгенде токтотуп коюптурсунар даа
0
mamsali
2018-12-05 01:11:40
ушу кыз жардам берет экен да
0
Aigesha1511
2018-12-10 14:12:15
Бул сериалды турктордун мама деген сериалына еле окшото берем.менимче елинанын апасы куйоосун олтурбой еле елина озу олтургон атасын ошон учун кызынын ордуна апасы озу камалган.
0
Aigesha1511
2018-12-10 14:15:51
Атасы апасына коп кол которгон ошондон артында тырыктар калган.елина апасына боору ооруп атасын олтургон болуш керек
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан