“УУЛУМДУ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮШҮПТҮР. АНЫ КОЛУНДАГЫ ТЫРЫГЫНАН ТААНЫДЫК” дейт маркумдун апасы

Ушул жылдын 27-октябрь күнү Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылындагы арыктан белгисиз адамдын киши колдуу болуп каза болгон денеси табылган. Маркум Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну Бактияр Абдыкадыров болуп чыккан. Бир айдан кийин анын өлүмүнө шектүү Бишкектен кармалып, анын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги айтылды.

“КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР АДАМ ӨЛТҮРҮП, АНЫН УНААСЫ МЕНЕН МАЛ УУРДАШКАНЫН МОЮНДАРЫНА АЛЫШТЫ”

Бул кылмыш тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларга токтолду:

– 2018-жылдын 27-октябрь күнү эртең мененки саат 8дер чамасында Жети-Өгүз РИИБине Жон-Булак айылынан белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу арыктан жаш эркек адамдын өлүгүн табышкан. Маркум 32 жаштагы Бактияр Абдыкадыров аттуу Каракол шаарынын тургуну болуп чыкты. Маркумдун Ниссан Сефиро үлгүсүндөгү унаасы эки күндөн кийин Тамга айылынын четинен табылды. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун катуу нерсе менен сабалып каза болгондугун аныктаган.

Издөө иштеринин натыйжасында Бактияр Абдыкадыровду өлтүргөнгө шектелип Эрмек аттуу Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Буга чейин мал уурулук боюнча соттолгон. Андан тышкары 25 жаштагы Руслан С. аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектүү Эрмектин берген көрсөтмөсүнө караганда, анын маркум менен аласа-бересеси бар болчу экен. Канча сумма экенин айтпай жатат.

Ошол күнү ал маркумдун үйүнө келип, экөө жолугушат. Аласа-бересе боюнча экөөнүн ортосунда келишпестиктер болуп, анан шектүү маркумду Жон-Булак айылына өз унаасы менен алпарып, жыгач союл менен сабап өлтүрөт. Кайра Караколго келип, 25 жаштагы Руслан аттуу адамга жолугуп, экөө маркумдун шаардын Кашка-Суу кичи районунда токтоп турган унаасын айдап качышат. Андан кийин алар Липенка айылына барышып, ал жактан торпок уурдап, сатып жиберишет. Маркумдун унаасын Тамгага таштап коюп, Эрмек Бишкекке качып кеткен экен. Ал Бишкектен колго түшүрүлдү.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү), 172-беренеси (автомобилди же башка автомототранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) жана 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр кылмышын моюндарына алышты. Алар азыр Каракол шаарындагы СИЗОдо камакта. Тергөө уланууда.

“БАЛАМДЫН СҮРӨТҮН КӨРГӨН САЙЫН ЖАМАН БОЛУП ЖАТАМ”

Уулун жерге берген 57 жаштагы Элмира Абыдкадырова кылмышкерлер уулун канчалык мыкаачылык менен өлтүрсө, ошончолук деңгээлде катуу жаза алышын күтөт:

– Мен 8 баланын апасымын. Бактиярым үчүнчүсү. Ал жарандык никедеги аялы менен өзүнчө жашачу. Бизге кээде келип турчу. Минтип бир күндө эле уулумду жерге берип отуруп калдым. Уулумду жанынан табылган телефонундагы сүрөтү аркылуу милицияда иштеген кайнежемдин уулу таанып, бизге кабар берди. Балам таанылгыс болгончо сабалган экен. Туугандар барып шакеги жана колундагы тырыгынан таанышты. Байкуш уулум ай, мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр. Канчалык кыйналды экен, каралдым. Килтейген таяк менен сабалып, жаактарынын баары талкаланган. Оозу жарылып, тиштери күбүлүп түшкөн, денеси бүт көк ала. Колдору сынганбы, билбейм, кыйшайып калыптыр. Муну денени жууганга киргендер айтышты. Мага өлүктү көрсөтүшкөн жок.

Уулумдун өлүмүнө шектелип кармалган жигит анын кошунасы экен. Тергөөчүнүн айтканына караганда, Эрмек түрмөдө отурганда уулум ага 50 миң сом берген экен. Ошол карыздын айынан уруша кетишиптир. Анан экөө кайра чогуу Жон-Булак айылына Эрмектин унаасы менен барып, арак ичип отуруп дагы уруша кетишет да, Эрмек баламды таяк менен башка чаап сабаптыр. Бактияр өлүп калганда арыктагы сууга ыргытып салган экен.

Андан кийин уулумдун чөнтөгүнөн унаасынын ачкычын алып, Жон-Булактан Руслан деген таанышын таап, ага “мага бирөө карыз болчу, аны өлтүрүп салдым. Унаасын айдап кел” деп айтып, Бактиярдын үйүнүн алдында турган унааны айдап келүүгө жумшайт. Руслан дегени түнкү 11 жарымдарда унааны айдап чыгат. Келиним болсо терезеден көрүп, Бактияр айдап кетти деп ойлоп калат. Тиги экөө эки унааны айдап алып, Липенка деген айылдан Эрмектин мурунку кайнатасынын торпогун уурдап, Чоң-Өрүктүгө барып, кийинки кайнатасына саткан экен. Эрмектин Жигули үлгүсүндөгү унаасын да ошол жакка таштап, Бактиярдын унаасы менен келатып Түптөн дагы 2 кой уурдап, сатып жиберишиптир. Анан Бактиярдын унаасын Тамгага алып барып таштап салышкан тура. Андан кийин Эрмек Бишкекке барып өз унаасын да сатыптыр. Бактиярдын өлүгү табылганын, өлтүргөндөрдү милиция издеп жатканын интернеттен көрүп-билип эле жүргөн экен. Бирок Эрмек жалгыз өлтүрө алмак эмес деп ойлоп жатам. Бактиярдын буттары бут кийимдин боосу менен байланыптыр. Андан “эмнеге бутун байладың?” деп сурашса, “мен байлаган эмесмин” деп жооп бериптир. Демек, дагы бирөө бар.

Аялы Бактиярдын жанында 40 миң сом акчасы бар болчу дептир. Билишимче, анча акчасы жок болчу. Шектүү болсо “5 миң сому бар болчу. 1000 сомго менин унаама бензин куйдук. Ичимдик, майда-чүйдө алганбыз” дептир.

Уулумду өлтүргөндөр жазасын алышсын, алар Бактиярдан да катуу кыйналышсын. Менин абалым азыр жакшы эмес, баламдын сүрөтүн көргөн сайын ого бетер жаман болуп жатам.

“БАКТИЯРДЫН ЭЧ КИМ МЕНЕН АЛАСА-БЕРЕСЕСИ ЖОК БОЛЧУ”

Маркумдун аялы Бактиярдын душманы жана эч ким менен аласа-бересеси жок болгонун айтат:

– Экөөбүз нике кыйдырып жашап жатканбыз. Бирок расмий түрдө баш кошкон эмеспиз. 25-октябрь күнү мен атама куран окутуу үчүн айылга барып, кечки саат 8 жарымдарда үйгө келсем Бактияр кызуу экен. Анан “сен мени айылга алып барбайсың” деп калды, экөөбүз уруша кеттик. Ал мени сабап, мен кошунанын үйүнө кетип калгам.

Үйдүн алдында азык-түлүк саткан күркөбүз бар. Эртеси саат 10дордон өтүп күркөнү ачып, иштей баштадым. Бир маалда Бактияр үйдөн чыгып кетти. Колунда кичинекей баштык бар болчу. Мен таштанды төккөнү чыкты го деп ойлогом. Үйдүн ачкычын ала кеткен экен, саат бирден баштап телефон чалышып жаттык. Акыркы жолу кечки саат 8 жарымдарда сүйлөштүк. Ошондо ал ачкычты жоготуп алганын айтты. Телефондон кызуу экенин билдим. Унаадан радионун үнү чыгып жатканын уккам. Терезеден карасам менин да, анын да унаасы үйдүн алдында туруптур. Майрамдап жүргөн экен деп койгом. Анткени жанында акча бар болчу. Бир жума мурун 2 бука сатып, өзүбүзгө керектүү нерселерге жумшагандан кийин 46 миң сом калган. Аны өзүм товарга коротуп салбайын деп Бактиярга каттырып койгом. Бирок ал акча үчүн жолдошумду өлтүргөн деп ойлобойм.

Эмне үчүн өлтүрүлгөнү мага да табышмак. Анткени Бактиярдын эч кандай душманы жок. Аны өлтүрдү деп кармалган адам “мага акча карыз болчу” деп жатыптыр. Баханын эч ким менен аласа-бересеси жок болчу. Карыз болсо өлтүрбөй эле үйгө келип бир буюмун тартып алмак деп ойлойм. Бактиярга да эч ким карыз эмес. Ал Бишкекте иштеген кезде деле батирине, күнүмдүк жашоосуна жете турган гана акча тапчу. Акыркы убакта иштебей үйдө жаткан.

Баха ичип алганда бир аз мүнөзү жаман болгону болбосо, негизинен жакшы адам эле. Мен аны аябай жакшы көрчүмүн, ал да мени жакшы көрчү. Урушуп, үйдөн чыгып кетип эле кайра “сенсиз жашай албайм, сени эч кимге бербейм” деп келип, жанымдан чыкчу эмес. Анын карааны мага канча күч берчү эле...

Ал өлтүрүлгөндөн кийин мен күндө ооруп, “Тез жардам” чакырып калдым. Түндө уктай албай ойлонуп чыгам. Анын өлүмүн кабыл ала элекмин. Бир жакка кеткендей эле туюлуп жатат. Кечээ көчөдөн унаасын көрүп калып, азыр менин жаныма токтойт деп күтүп карап калыптырмын. Бирок унаа жанымдан өтүп кетти. Көрсө, аны иниси айдап жүрүптүр. Анан эстеп алып кечке ыйладым (ыйлап).

Жолдошумду өлтүрдү деп кармалган Эрмек деген жигит биз менен кошуна турган эже менен ушул жаздан баштап жашап жаткан. Ал экөө менен тең мамилебиз жок болчу. Баханын ал жигит менен бир жолу учурашканын гана көргөм. Экөөнүн сүйлөшүп турганын, чогуу бир жакка барганын көргөн да, уккан да эмесмин. Бактиярды жерге берген күнү Эрмек менен жашаган эженин 2 чоң сумкасын көтөрүп таксиге түшүп кеткенин көргөм. Андан кийин көргөн жокмун. Руслан дегенин тааныбайм.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Matahara1980
2018-12-04 11:28:56
Арактын айынан экенда
+2
Hacker99
2018-12-05 12:03:51
Байкуш эне
+1
Luna15
2018-12-08 14:12:52
Эмнеге жарандык Нике?Нике кыйылган болсо аялы да кадимкидей эле
+2
Surotchu-kyz
2018-12-09 13:17:33
Акыркы учурда ушундай мыкаачылыктар ачык-айкын бүт булактарга жарыяланып жатат. Муну өспүрүмдөр көрүп, "боло берет экен" деген жыйынтык чыгарып жатышат өзүнө. Ушундай кабарларды, жеке булак ачып, жашына чектөө койуп, чондор гана кирип койсо болмок беле деген ой...
Өз келечегибиз үчүн?!
0
Surotchu-kyz
2018-12-09 13:20:07
Surotchu-kyz, "чондор жана каалагандар гана кирип окуй турган кылып койсо, TVдан бербесе, социалдык булактарга тарабаса, бир аз болсо да жаап жашыруу болсо дегеним
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан