Назира Жетигенова, куудул, телеалпаруучу: «ЧАТЫРДА ЖАШАП ЖҮРҮП ҮЙ КУРДУК»
Кыргыз элинде "үңкүр да болсо үйүм бар" дешет эмеспи. Чындыгында эле чарчаганда барып бутту сунчу, түрлөп тамактарды жасап конок тосчу же жөн гана эс алганга үйүм болсо деп баары эле кыялданса керек. Бул ирет биз куудул, телеалпаруучу Назира Жетигенованын жаңы конуштардын бириндеги үй-жайы менен таанышып кайттык.
– Биздин үйгө келген адам биринчи эле ашканага баш багат. Бул жер мурун тар болчу, кийин залды бузуп, кеңейтип алдык.
– Бул менин бөлмөм. Жана айтпадымбы, конок бөлмөнү бузуп, ашкананы кеңейтип алдык деп, дал ошол кичирейтилген конок бөлмөнү мен өзүмө бөлмө кылып алгам. Алган сыйлыктарым ушул текчеде турат. Арасында силерден алган сыйлыгым дагы орун алган. Быйыл сыя түс мода болуп жатат дегенинен мен дагы модадан калбайын деп бөлмөнү жасалгалоодо ушул түскө басым жасадым. Ак түстү да жакшы көрөм. Ошондуктан обои дагы чаптаттырган жокмун, шейшебиң дагы аппак болсо уктаганда булуттун үстүндө уктагандай болуп, жакшы эс аласың.
– Үйдү жаңы салып жатышканда апамдар дал ушул бөлмөгө биринчи киришкен экен. Бөлмө чоңураак деп күйөө балам менен кызыма бөлүп берели десек апам болбой койду. Ал өз бөлмөсүн абдан жакшы көрөт.
– Улуу кызым Айперинин 3 баласы бар. Бул бөлмө ошол неберелеримдики. Аларга арнап атайын сүрөт тартканга доска сатып бердим. Үйдүн дубалдарына сүрөт тарттырбай, мурун эле алып берип койбоптурмун деп ойлоп калдым.
– Улуу күйөө балам менен кызым биз менен чогуу турушат. Үйлөнүшкөндө аларга да бөлмө бөлүп бердик. Ага чейин бул жерде мен жашачумун.
Чай маек. "ТОЙ БОЛОТ ДЕГЕНДЕ ҮЙҮБҮЗДҮ ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨРДҮК"
– Назира эже, батирден батирге көчүү деген түйшүк менен тааныш болуп калдыңызбы?
– Апамдар менен чогуу жашаганыма 10 жыл болду. Ага чейин батирде жашачумун. Биздин үй-бүлө, тагыраагы ата-энемдер бул жактан 1991-жылы жер тилкесин алып, жаңы көчүп келгенде кызгалдактар эле өсүп турган ээн талаа болчу. Алгач чатырда жашадык. Бул жакта биздин чатыр, дагы бир кишинин вагону, анан кызыл материалдан тосулган даараткана бар эле. Биздикине келгендер ошол кызыл материал аркылуу адашпай таап келишчү. Кийин үй салдык. 2 агам каза болгондон кийин бул үйдө апамдар менен жашап калдым.
– Гастролдоп төрт дөңгөлөктүн үстүндө жүрүп, тапкан акчаңызды үй салуу, оңдоп-түзөө үчүн жумшаган экенсиз да?
– Үйдүн жасалгасы мурун башкача болчу. Өзүңүздөр билгендей, жакында эле кичүү кызым турмуш жолуна аттанды. 2 жылдан бери оңдоп-түзөө иштерин кылабыз деп такыр убакыт таппай жатканбыз. Той болот дегенде үйүбүздү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алдык. Менден башка кыздар өз үйлөрүндө жашашат. Мен болсо апамдын колундамын. Эми минтип “өзүм билип, өтүгүмдү төргө илип”, каалагандай кылып жасап жатам. Кичүү сиңдимдин да табити жакшы, буюмдарды экөөбүз чогуу тандаганбыз. Уста жалдасак “20 күндө бүтүрүп беребиз” дешип, 2 айда бүтүрүштү. “Апамдын тамагы жагып калган окшойт” деп күлүп жүрдүк.
Назира Жетигенованын атасынан калган үйүндө конокто
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Nanei
2018-12-04 10:16:40
. Назиранын апасы жакшы Адам,Бермет Эжени жакшы тааныйм. Аман болсун,жузго чыксын. Комнатасын куйоо балам менен кызыма берейин дегени жакпай калды. Апанызды сыйланыз биринчи.
+13
Busi06
2018-12-04 21:17:16
Nanei,Даа туура Апасы жакшы айтыптыр озумдун болмомдон чыкпайм деп чон болмого кызы куйоо баласы жаткыдай эмне уй ошолордуку беле, керек болсо апасы озу каалаган комнатада болушу керекда
+10
binur5
2018-12-04 10:32:14
Эркек Адам керек да бир уйго бироо болсо да куйоо баласы жашаса эмне болмок
+10
Benazir08
2018-12-05 11:57:14
binur5,куйо баласы кийин сонгу уулун берип койсо Назира эже гулдой жашай берет кудай буйруса куйо балага деле уй жай болот мынтип чогу кантип эле калат эле Назира эже эркек неберенизди чонойсо багып алын уйлоп алсаныз ошонун сыйын корос. Бир кем дуйно баарында эле ушундай. Баары тегиз бсо жашоо кызыксыз бп калса керек
+5
Asel33
2018-12-04 10:34:32
Жакшы да, баары чоогу. Күйөө бала менен батышып жашаган Назира эже да, күйөө баласы да молодец экен. Өзү гастролдоп кеткенде апасы жалгыз калмак беле, туура кылат. Азаматсыз эже. Сизди жана чыгармачылыгынызды сыйлайм.
+23
Jyldyz16
2018-12-04 10:38:04
Эки агасы каза болсо алардын уй булоосу каякта болду экен. Же уй булоо куто элек каза болушканбы
+3
ekonomist.
2018-12-04 10:54:23
Азаматсыз, ынтымактуу уй булоодон болуп журо бериниздер, Апаныздын омуру узун болсун.
+5
aibars
2018-12-04 11:42:23
Тооктун аты Шура деген интермедиясы жагатда. Бактылуу болунуздар Эжеке. Уйго баары бир эркек керек. Куйоо баласы эмес озунун баласындай болуп Ынтымактуу жашаганга эмне жетсин.
+4
Begimaika86
2018-12-04 11:49:45
Назира эже жана апасы жакшы адамдар учун кыздары жанында. Аябай ичим жылып калды. Ал эми куйоо баласына асылгандарына айтаарым, алар жаш, келечекте уй луу жайлуу болушушуп алышат, квартиларалап темселегиче, чогуу турганы жакшы. Неберелери да эрмек болот.
+11
radostmoya
2018-12-04 15:04:48
Силер айткандай КЫРГЫЗ жигити болгондо капкачан бала чакасын алып чыгып кетмек. Биздин жигиттер отто "намыской" жигиттер. Бактыга жараша, Назира эженин куйоо баласы болок улут. Оз уулундай болуп журо берсин. Бакыт каалайм уй булоонузго!
+7
Nurkyz1977
2018-12-04 15:17:55
Мирлан Жетигенов агасыбы? же инисиби? деги эле бир тууганыбы?
0
Nanei
2018-12-04 15:56:14
Nurkyz1977,жок жон эле одно фамилец. Назиранын Алмаз Жана Чолпон деген агалыры болгон. Каза болуп калышкан
+3
love_you
2018-12-04 22:47:24
Nurkyz1977,ал таптакыр эле Ысык-Колдук. булар менен кайнаса каны кошулбайт. фамилия болсо элге бат таанылуу учун алган. супер, такталбаган маалымат деп очурбогуло, мен ал жигиттин айылынан болом
+5
Kgda
2018-12-10 04:06:19
Nurkyz1977, Ал мурдагы куйоосу болушу мумкун.
0
jashoonu-suiup-jashagyn
2018-12-04 15:47:35
Бизгеда ушундай уйлорду насип кылсын; оомин
+5
ajos
2018-12-04 17:44:15
Уйу абдаг сонун экен! Насип кылсын!
+3
KOCMOC
2018-12-05 01:40:46
Кыргыз жигиттери ото "намыской" келишет да, мен ойлогондой эле куйоо баласы башка улуттан экен. Кызыгып, интернетти тытып, карап келдим). Уй-булолук бакыт! Уйу да сонун экен.
-3
Kgda
2018-12-10 04:07:12
KOCMOC, Аа ошо мен айттым неге мындай болуп кетти деп.
+1
Pandora
2018-12-05 03:28:24
Уйунун жасалгасы мага жакты,мен жакшы коргон тус. Жакшылыктардын тору болгон уй болсун,сиздердин катарыныздарда бизге да буюрсун.Озунуздун эле комнатанызды берип салында,кызыныз менен куйоо баланызга.
Тамаша аралаш создорун угуп конулум ачылып калды.Сурот.
+1
sary-kara
2018-12-05 13:06:40
Экрандын ары жагынан сындагандар аман эле болгула да! Биз кыргыздар өзү бирөөнүн жашоосуна мурдубузду тыкмайынча жашай албайбыз!
+4
sabyr86
2018-12-05 19:23:49
Нурсат Садыров да апама уй белек кылдым бирок бир комнатасында озу жалгыз жашайт. бир команатасында апасы эжеси жездеси жеендери менен жашайт. Апасына белек кылганы чын болсо бир команатасын берсин апасына.калп эле эл козуно пияр кылбай.
-2
gulmi
2018-12-10 16:44:37
sabyr86,жездеси озунун уйундо жашасын, кайынэнесинин устуно кирип жашабай
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.