“Бал шириндер” аталган жубайлар Урмат менен Неля бактылуу өмүр кечирип, эки баласын тарбиялап келе жатышат. Бул жолу Неля айым менен үй-бүлөдөгү аял-эркектин орду, балага кандай тарбия берүү, мурункулар жана келечектегилер тууралуу маектештик.
– Неля, бул жолу аялзаты тууралуу сөз кылсак деп турам. Аялга канчалык жүк жүктөлүшү керек?
– Менимче, аялзатынын моюнунда кыргызда эле эмес, адамзат тарыхында илгертеден бери эле ат көтөргүс жүк, жоопкерчилик болуп келген, мындан ары да боло берет. “Аял жакшы – эр жакшы” деп бекеринен айтылбаса керек. Эгер эркек эл алдындагы чоң милдеттерди аткарып келсе, аял андан да чоң милдетти аткарат. Болгону алар айтылбайт. Буга тарыхтагы Жаңыл мырза, Курманжан датка сыяктуу баатыр энелерибиздин жасаган иштери күбө. Апаат согуш күндөрдө эркектер фронтто болсо, аялдар тылда курал-жарак, ок-дары, кийим-кечек, тамак-аш менен камсыз кылган. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Болгону азыр ал доорго салыштырмалуу аялзатынын коомдогу орду тууралуу көбүрөөк айтылып жатат. Көп талкуу болуп жаткандыктан да кайчы пикир жаратып жатышы мүмкүн. Аялзаты өзүнө жараша жүк көтөрүп келгени жакшы эле нерсе.
– Ар бир жыл бизге жаңы тажрыйба берет эмеспи. Жаңы ырдап чыккан Неля менен азыркы Нелянын ортосунда кандай өзгөрүүлөр болду? Кандай тажрыйба топтолду? Турмушта, чыгармачылыкта?
– Мурунку Неля менен азыркы Нелянын айырмасы чоң. Эң биринчи эле жашоого болгон көз караш, ой-максат таптакыр өзгөрдү. Ошол учурда баалуу болгон нерселер азыр мен үчүн барксыз, же тескерисинче, ал убакта маани бербеген нерселер азыр өтө маанилүү. Жашоодон көп сабак алдым, адамдарды иргеп тааныганды үйрөндүм. Турмуштан алган ар бир сабак мени күчтүү жана сабырдуу болууга үйрөттү. Чыгармачылыкка да башкача көз караш менен карап калдым. Ырлардын сөзүнө, маанисине, темасына көбүрөөк көңүл буруп, сапаттуу болушу үчүн аракет кыла баштадым. Замандын талабынан артта калбаганга умтулуп, жаңылануу менен изденебиз. Ар бир күн, ай, жыл бизге тажрыйба берди.
– “Бал шириндер” атыңардан жазбай келе жатасыңар, бул нерсе көп эмгекти талап кылса керек?
– Максаттуу түрдө үлгүлүү көрүнөлү деп көздөгөнүбүз жок. Бардык эле жаштар үлгүлүү, бактылуу үй-бүлө кура алышат. Канткенде? Мен үчүн бир эле формула бар – үйдө эркек өз милдеттерин, аял өз ордун так билгенде туруктуу ынтымак орнойт.
– Учурда өкүл ата, өкүл апа шайлоо мода болбодубу. Алардын баары менен катышасыздарбы?
– Өкүл ата, өкүл апа жакындан таанып-билген, турмушта жол көрсөтүп, кеңеш берчү адамдар болушу керек. Милдети – балдарынын жашоосунан дайыма кабар алып, өз ата-энесине айталбаган жагдайларда биринчи болуп жардамга келип, маселени калыс чечүү болуп саналат. Азырынча тыгыз катташууга алыбыз жеткидей өкүл балдарыбыз бар.
– Аябай токтоо адамдай таасир калтырасыз, жинденген учур болгондо бугуңузду кантип чыгарасыз?
– Бардык аялзаты сыяктуу эле бугум толгондо ыйлап алышым мүмкүн.
– Учурунда популярдуу эки жаш ырчы элеңер. Баш кошкондон кийин чыгармачылыгыңар солгундап кеткендей сезилет...
– Бул нормалдуу эле көрүнүш. Чыгармачылык кээде тыныгууну талап кылат. Жогоруда айткандай, бул форматты өзгөртүү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Урмат экөөбүз үй-бүлөгө көбүрөөк убакыт бөлдүк. Азыр күйөрмандарыбызга кайтып келип, Кудайга шүгүр, үзүрлүү иштеп жатабыз.
– Урматты саясий чөйрөдөгү адамдар менен көп көрүп калабыз, келечекте саясаттан көрүшүбүз мүмкүнбү?
– Урматтын чоң максаттары бар. Ал ырдоо менен гана чектелгиси келбейт. Өлкөнүн өзгөрүүсү, өнүгүүсү үчүн дайыма кабатыр. Ал максаттарын ишке ашырууда колуна кол, бутуна бут болууга даярмын. Маданият тармагын өзгөртүү үчүн конкреттүү пландары бар.
– Сынга кандай карайсыз? Өзүңүз сын айтасызбы?
– Сын орду менен болсо эске алам. Ал эми өзүм бирөөнү сындабайм. Башкалардын жашоосу мага кызык эмес.
– Бала тарбиялоо да тынбаган эмгек эмеспи, балдарыңарды тарбиялоодо өзгөчө бир ыкма барбы?
– Үйдө эненин берген тарбиясы баланын ички туюмун калыптандырат деп ойлойм. Баланын мүнөзү, ой жүгүртүүсү, билими энеге байланыштуу. Ата баланын ыйманын, маданиятын, дилин, жүрүм-турумдарын, мамилесин түптөйт. Экөөнү айкалыштырып тарбиялап келе жатабыз.
– Айрым жылдыздар өздөрүнө гана эмес, балдарына да социалдык баракча ачып жүрүшөт. Негизи эле телефон колдонуу жактан балдарыңарга чектөө коёсуңарбы?
– Албетте, чектөө бар. Дем алыш күндөрү гана 1 саатка уруксат берилет. Себебин, зыян экенин өздөрү да жакшы билишет, ошондуктан анчалык кызыгуу деле жок. Көбүнчө оюнчуктары менен ойношот. Уулум Нурэл шахматты жакшы көрөт. Кызым Жазел сүрөттү сүйүп тартат. Өз баракчалары тууралуу айтсам, азыркы учурда социалдык баракча эмес, смартфондору да жок. Атасы "6-класста алып берем" деген, ошону күтүп жүрүшөт. Мен да бул ойду кубаттап, азыр эрте деп ойлойм.
– Балдарыңар силердин жолду улантам деген чечим кылышса колдойсуңарбы?
– Балдардын кесип тандоосуна эркиндик беребиз, эгер чыгармачылыкты тандаса пайдубалын бекемдеп, сапаттуу билим алуусуна кам көрөбүз. Азырынча алардын милдети – мектепти ийгиликтүү аяктоо.
– Эмнеден ырахат аласыз?
– Тынч жашоодон, үй-бүлөлүк бакыттан, чыгармачылыктан ырахат алам.
– Эгер ырчы болбосоңуз кандай кесипти тандамаксыз?
– Бул жөнүндө ойлонуп көрбөптүрмүн. Балким, менден жакшы дизайнер чыкмак.
– Сизди чоң сахнага Асел Турдалиева алып чыккан деп уктум...
– Ооба, Асел эжеке менин устатым деп айта алам. Сахнанын сыйкырын ушул адамдын жардамы менен сездим. Ага дайыма ыраазычылык билдирип келем. Кичинемден ырдагым келчү. 3-классымда каникул убагында ата-энем жакын жердеги концерттерге алып барып катыштырып келчү. Алар да менин сахнага болгон сүйүүмдү сезишсе керек.
– Маегиңизге рахмат, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg