Адахан Мадумаров: «КУРУЛТАЙ КЫРГЫЗ КЕЛЕЧЕГИНЕ КҮЙҮҮ ЭМЕС, БИРӨӨЛӨРДҮН ПАЙДА ТААП КАЛУУ АРАКЕТИ БОЛДУ»

24-ноябрда Бишкекте саясий күчтөрдүн курултайы өттү. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусу, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык иши, өлкөнүн учурдагы абалы талкууланды. Адахан Мадумаров бул жыйынга баруудан баш тарткан. Себебин “Супер-Инфого” минтип түшүндүрдү:

– Соңку мезгилдерде төрт кишинин башы бириккен жерде “курултай өткөрөбүз” деп курултай деген сөздүн дагы ашмалтайын чыгардык. Демократия, реформа, парламентаризм деген сөздөрдүн кадырын кандай кетирсек, курултайдын да ошончолук кадыр-баркын кетирдик. Эмне максатта чогулду? Уюштуруучулар экс-президентке “биз курултай өткөрүүчүбүз, кааласаң биз сенин ушундай абалыңда колдоо көрсөтүп бергенге даярбыз” дегендей ишарат менен барышканын угуп жүрөм. Ал тараптан колдоо болбогон соң “анда биз мындайча өткөрөбүз” дегени –бул өчөшүү. Бул Кыргызстандын тагдырын ойлоп, келечегине күйүү эмес, азыркы түзүлгөн кырдаалда кандайдыр бир деңгээлде саясий дейбизби, же коомдук каржылык дейбизби, бир пайда таап калуу аракети.

Мен өткөндө маалымат жыйында “курултайга барбайм” деп так кесе жооп бергем. Ошондо “курултайга жыйналгандар ким да, өткөрүп маселе көтөргөндөр ким?” деген элем. Көзү ачыктык кылбайын, мен күткөн окуялар болуп өтүптүр. Өкүнүчтүүбү? Сөзсүз! Эмнеси менен өкүнүчтүү? Кечээ, 2010-жылы баары жетелешип келген азаматтар бүгүн бири-бирине карай таш ыргытканы. Аябагандай төмөн деңгээлге түшүп алып, бири-бири менен акыйнек айтышканы. Кээ бир азаматтар ошол “утурумдукчуларга”, андан кийин келген президентке, аркасынан чуркап жетпей, этегине намаз окуганга даяр болуп, “үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган бийлик келди, кеменгер, айкөл адам келди, мамлекеттин кадырын ай-асманга жеткирген киши болду” деген азаматтар трибунадан 180 градуска бурулуп, тескери кеткендиги өкүнүчтүү. Бул жигиттик касиетке, саясаттык, адамдык касиетке таптакыр туура келбеген көрүнүш. Эгерде ошол процесстерден сыртта туруп, ага аралашпаган башка бир күчтөр өткөн 6 же 10 жылдык дейбизби, Кыргыз тарыхына баа беришсе бул башка жагдай болмок. Башка планетадан түшө калгансып, бүгүн көздөрү ачылып кеткендей болуп айткандары, мен сыйлап жүргөн азаматтардын ошондой сүйлөгөндөрү, ачык айтайын, ар кандай сый-урматымдан кетишти. Аларга мындан ары сый-урмат көрсөтө албайм! Туруксуз, күн карама, кечээ мактап жүргөндү бүгүн тепкилеп, кечээ тепкилегенди бүгүн айга-күнгө теңеши, бул адамдык да, кыргыз касиетине да таптакыр туура келбейт. Кыргыз философиясына жат, кыргыз баласына жарашпаган жорук. Ушундай нерселерден улам бийликке келген кишини өзүбүз бузабыз.

“Биринчи жолу президенттин өкүлү катышып жатат” дешип бактылуу. “Ынтымак” курултайы деп бүтүндөй республикадан миңден ашык кишини чакырып, Курманбек Бакиев деле курултай өткөргөн. Маселе курултайды өткөрүү эмес, анда кандай маселе көтөрүлөт, сүйлөнгөн сөз ошол бойдон калабы, же аткарылып жыйынтык чыгабы? Бүгүнкү бийликтин 1 жылдык иши канааттандырарлык дедиңер. Кайсы иштери, кайсы тармак? Канааттандырарлык болсо эмне үчүн 5 же 10 жыл баштагы Кыргызстандын эл аралык аренадагы ээлеген рейтингинен түшүп кеттик, эмне үчүн айлык акыбыз төмөндөп кетти? Эмнеге керектөө куржуну жукарып кетти? Эмнеге 1 жылда, 2018-жылы 220 миң жаран Кыргызстандан чыгып кетти? Эмнеге кыргыз дыйкандары өндүргөн жүз миңдеген тонна жашылча-жемиштер кайра артка кайтып келди?
1 миллион 200 миң тонна буудай өндүргөн Кыргызстан 500 миң тоннага да жете албай калдык? Ушул суроолорго жооп тапса курултайды кош колдоп мен дагы кол чапмакмын. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан