Ошончо эскертүү жана талкуудан соң адаттагыдай “бул жолу өткөрүп коё берели, кийинкисинде жол бербейбиз” деп депутаттар келишимди 86 добуш менен дароо 3 окууда колдоп берди. Эске салсак, 2013-жылы Бишкек
ЖЭБин жаңылоо боюнча келишим да Жогорку Кеңеште ушундай шашылыш кабыл алынган. Ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев келишим дароо 3 окууда бекитилбесе, кредит алынбай каларын айткан. Шашылыш бекитилген келишимдин аягы эмне болгонун ЖЭБди жаңылоодо сатып алынды делген 600 долларлык кычкачтын мисалынан эле көрүүгө болот. Мыйзамдуулуктун үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш болгон парламент 24 миллион долларлык келишимди да шашылыш, акча эмнеге жумшаларын ийне-жибине чейин тактабай туруп кабыл алып беришти. Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги учурда УКМКнын абагында отурган мурунку өкмөт башчы, министрлерден кем эмес.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg