Аталган фестиваль Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Украина, Беларусь, Казакстан өңдүү өлкөлөрдө өткөрүлөт.
Өлкөдө бийликти бир беткей мактап, Акаев доорунан бери кайталанып жаткан катачылыктарга көз жумуп, коомчулукка чыныгы абалды айтпай жаткан ЖМКлар ар дайым жетиштүү. Кыргызда бардык президенттер эл көзүнө ЖМКлар акты ак, караны кара деши керек, чындыктан тайбашы зарыл деп айтып жүргөнү менен, иш жүзүндө андай медиа эч бир бийликке жаккан эмес. Көз карандысыз медиаларга ар кандай ойдон чыккан дооматтарды коюу менен күчкө салып жаап салууга аракет эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тарыхында көп жолу болуп келди. Мындай өлкөдө коомчулук альтернативдүү маалымат булагына муктаж. Көз карандысыз “Супер-Инфо” гезитинин “жылдын мыктысы” деп табылышы андай муктаждык бүгүнкү күндө деле жогору экенин билдирет.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg