Милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунда жашыруун сойкукана иштеп жатканын аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө сойкукананын ээси кыздарды кулча иштетип жүргөнү билинген. “Бизди сыртка чыгарбай иштетти” деген кыздардын бири токмок жей берип, көзү жакшы көрбөй калганын айтса, дагы бири ушул сойкуканада иштеп жүрүп 2 бала төрөгөнүн айтат.
“БИЛИМИ, ДОКУМЕНТТЕРИ ЖОК КЫЗДАРДЫ ИШТЕТИШКЕН”
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков сексуалдык кулчулукка кабылган кыздардын кордук көргөндүгү тууралуу буларга токтолду:
– Жалал-Абад ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү ыкчам маалыматтардын негизинде иш алып барып, Жалал-Абад шаарына чектеш Сузак районунун аймагында жайгашкан сойкулук уюштурган жашыруун жайды аныктады. Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери бул кылмыштын бетин ачуу жана зомбулукка кабылган кыздарды аныктоо максатында даярдык көрүшкөн. Ал үчүн атайын ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.
Ушул жылдын 26-ноябрь күнү биздин кызматкерди алдын ала даярдап, ага бул жактан көчүрмөсү алынган 1000 сомдук акчаны берип, эс алуучу катары бул сойкуканага киргиздик. Ал кызматкер администратор менен соодалашып, бир кызды “сатып алып”, миң сомду анын колуна карматкан учурда тергөө тобу кирип барып администраторду кармады. Үйгө тинтүү жүргүзүлүп, бул жайдын сойкукана экендигин аныктоочу бир топ далилдер алынды. Сойку катары кызмат көрсөтүп жүргөн 7 кыз бар экен. Тергөө учурунда алар алгачкы көрсөтмөлөрүндө жашыруун жайды уюштурган айым аларды жумуш таап берем деп алдап алып келип, анан короодон эч жакка чыгарбай камап, мажбурлап сойкулукка иштетип жүргөндүгүн билдиришти. 3 кыз сойкукананын ээсинен жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип анын үстүнөн арыз жазышты.
Бул жайда негизинен документтери, билими жок, туугандарынан алыс мамиледеги кыздарды иштетишкен. Сойкукананын ээси дагы бир кызды келин кылып алам деп ата-энесинен алып келген экен. Бирок ал кыз “күйөөсүн” такыр көрбөптүр. “Кайненеси” экөө ээрчишип кыздын ата-энесине конокко да барып турушчу экен. Кыздардын биринин айтуусунда, ал качып чыгууга да аракет кылып, бирок кармалып калыптыр.
Кыздардын сабалганы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайларды уюштуруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми жабыр тарткан кыздар менен учурда кризистик борбордун адистери, психологдор иш алып барышууда. Сойкукананы мыйзамсыз иштеткен деп шектелип 1967-жылы туулган Сузак районунун Таш-Булак айылынын М.Т. аттуу тургуну (эл арасында Зоя деп таанылган) жана анын шериги Ноокен районунун 1976-жылы туулган тургуну Жамийла аттуу айым айыпкер катары сурак берип жатышат. Бул айымдардын абакта жаткандар менен да байланышы бар деген маалыматтар алынып, алардын мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.
“СОЙКУЛУК КЫЛЫП ЖҮРҮП ЭКИ БАЛАЛУУ БОЛДУМ”
32 жаштагы Айгүл аттуу айым (аты-жөнү өзгөртүлдү) 9 жылдан бери сойкулук менен жан багарын айтат:
– 2009-жылы иштеп баштагам. Ал кезде көчөдө туруп иштечүбүз. Үй алгандан кийин сыртка чыгарбай камап иштетип калды. Бул жактан таңда саат 4тө тургузуп түшкү тамакка чейин муздак сууга кир чайкатат. Күндүзү үй жумуштарын кылабыз.
Ушул жакта иштеп жүрүп 2 балалуу болдум. Бирөө майып төрөлдү, буту баспайт. Боюмда болгондо жумуш кылганга алым келбей калса жүрөгүмдүн, өпкөмдүн тушуна муштап урчу. Төрт буттатып тургузуп алып, үбөлүк менен урат. Аркам көк ала, ооруйт. Башыма да урчу. Мына тактары дале бар. Депкирдин кыры менен маңдайыма, үбөлүк менен беттериме урган. Бетимде да тырыктар бар. Басып баратсак эле үбөлүк менен ура берчү. Минтип бир топ эле кордоду. “Уруп өлтүрүп, көмүп коём. Сенин өлгөнүң жакшы. Ата-энең, туугандарың жок. Сени эч ким издебейт” деп да айтчу.
Тынч чай иче алчу эмеспиз. Чай ичкенге отурсак эле кыйкырып тургузат. “Мынча нан жеп койдуң. Семирип кетесиң. Балдарың да жеп жатат. Сен биринчи иштеп акча алып кел. Анан жегиле” деп урушчу. Таяк жей берип жинди болуп калбасам болду деп ойлончумун. Кыскасы, жакшылык көргөн күнүм болгон жок.
“МЕНИ “КАРДАРЛАРГА ЖАМАНДАБА” ДЕП БУТУМА БЫЧАК САЙГАН”
Сойкуканада иштеген 23 жаштагы Айнаш аттуу (аты-жөнү өзгөртүлдү) кыз өзү психикалык жактан жабыркаарын жана бул жайдын ээси ошондон пайдаланып иштетип алганын айтат. Бир көзү көрбөгөн, бир кулагы укпаган Айнаш мындайча көрсөтмө берген:
– 3 жыл мурун көчөдөн такси тосуп турсам, бир таксист токтоп, “эмне кылып турасың?” деди. “Адашып калдым, такси тосуп турам” десем унаасына отургузду. Унаада сүйлөшүп, таанышып отуруп, жумуш сунуштап калды. Анан ошол жакка алып барып Зоя деген аял менен тааныштырып коюп, мени таштап, өзү кетип калды. Зоя мага “Бул жакта денеңди сатып иштейсиң. Башка кыздар да ошентип иштеп жүрүшөт” деди. Анын сунушун жактырбай, иштебей тургандыгымды айттым. Бирок айтканыма көнбөй зордоп эле алып калышты. Бул жактан сыртка чыгарбайт, баарыбыз үй камагында иштейбиз. Бетке чапчу, көзүмө да урчу. Ура бергенинен бир көзүм жакшы көрбөй калды. “Кардарларга айтпагыла, алар милицияга айтып коёт” деп сабачу. Былтыр жазында кардарга кирип баратканда “бизди жамандачу болсоң башка жагыңа сайып өлтүрүп коём” деп бутума бычак сайган. Анан коркуп эч кимге айтпай жүрдүм.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg