КАЗАКТЫН АЙЫЛЫНАН ЧЫГЫП КМШны БАГЫНДЫРГАН СКРИПТОНИТ

Учурда жаштардын сүймөнчүгүнө ээ болгон ырчы Скриптонит жакында эле баш калаабызга келип кетти. Аз өтпөй Скрипи мындан кийин Бишкек шаарына келбесин айтты. Буга кыргыз элинин эч кандай тиешеси жок экендигин, жергиликтүү милиция кызматкерлери менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам ушундай чечимге келгенин айткан. Бирок Скрипи келбесе дагы анын ар бир ырын сүйүп уккан күйөрмандары бар. Бул ирет рэпердин бала чагына, алгачкы ийгиликтерине, жеке жашоосуна багыт алганы турабыз.

Аты-жөнү – Адил Оралбекович Жалелов

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 3-июнь

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 72 килограмм

Туулган жери – Казакстан, Павлодар облусу, Ленин айылы

Кесиби – Музыкант, рэпер, битмейкер

Жанры – Альтернативдүү хип-хоп, хип-хоп, трэп, трип-хоп

Лакап аттары – Скриптонит, Adikah, Скрипи

Белгилүү ырлары – “VBVVCTND”, “Космос”, “Муз”, “Ламбада”, “Бул сүйүү”, “Эске сал” жана башкалар

АТАСЫНА ИЧИНЕН ӨЛҮМ ТИЛЕГЕН СКРИПТОНИТ

Скриптониттин атасы талапты катуу койгон, мүнөзү катаал болгондуктан, кичинекей баласын көзгө илбестен, жубайын ыйлатканга чейин барчу. Адилдин “атама ичимден өлүм тилечүмүн” деп айткан жайы бар, бирок чоңойгондон кийин бул үчүн өкүнгөн. Кантсе да музыкага болгон сүйүүсү атасынан берилгенин айтып келет. Рэпердин “Атам Оралбек Кулмагамбетов чыныгы таланттуу адам, үнү уккулуктуу, ага кошумча баянда кол ойнотчу, ал артист болсо болмок, бирок ал өлүм алдында жаткан атасынын акыркы тилегин орундатуу үчүн инженерлик кесипти тандаган” деп айтканы бар. Атасы музыканын адамы болсо да болочок рэпердин музыка менен алектенүүсүнө каршы болуп, уулунун архитектор болуусун каалаган. Апасы иштеген май куюучу жайда иштеп жүргөндө битмейкерлик менен алектенип, кошумча акча иштей баштайт. Ошондо гана атасы музыка менен алектенүүсүнө каршылыгын көрсөтпөй калган.

Адил мектепте окуп жүргөндө сүрөттү мыкты тартып, баскетбол жана дзюдо менен машыкчу, мектеп театрында ойночу. Бирок бир күнү Адилдин ичинде азыркы “бунтарь Скриптонит” ойгонуп, мектепке чачын кырып алып барат. Ырчы мектепте жүрүм-туруму үлгүлүү болгон деген маалыматтар бар, бирок анын маектерин көрүп отурсаң, эки сөзүнүн бири сөгүнгөн сөздөр.

Ал 11 жашынан тарта хип-хоп менен “ооруп”, Децл, Эминем, 50 Cent, Snoop Dogg, Dr. Dre сыяктуу атактуу рэперлердин чыгармачылыгына кызыгып калат. 15 жашынан тарта өзүнүн ырларын жаза баштайт. Скрипи музыкалык билим алган эмес,бирок гитарада ойноп, ар кайсы багыттагы музыкаларды укчу – джаз, фолк, рок, фанк, соул.

ОРУС ЫРЧЫЛАРЫНЫН ЫРЫН УКПАЙТ

Биринчи ирет сахнага 16 жашында Павлодарда өткөн шаардык фестивалда чыккан. Угуучулар анын өзгөчө аткаруусуна баа беришкен. 2009-жылы Ануар (Niman) аттуу досу менен биргеликте “Jillzay” группасын түзүшкөн. Андан сырткары группага Юрий Дробитько (104), Саян Жимбаев (Truwer), Азамат Алпысбаев
(Six O) жана Айдос Джумалиновдор (Strong Symphony) кошулушкан.

Скриптониттин чыгармачылыгындагы эң маанилүү кадам 2013-жылы болгон. Анда ал Niman менен биргеликте “VBVVCTND” (ред.: «Выбор без вариантов, всё, что ты нам дал» деген сүйлөмдүн кыскартылган варианты) ырын жаздырышкан. Ырдын клиби Скрипинин туулган жеринде, бир кезде апасы иштеген май куюучу жайда, каралбай калган үйлөрдө тартылган. Рэпердин биринчи клиби 2-3 күн ичинде интернетте жарым миллиондон ашуун кароого ээ болгон. Ошондо аны “Gazgolder” продюсердик борбору байкап калып, иштешүүнү сунуш кылышат. Орусиялык “Gazgolder” жетекчиси Баста менен баарлашкандан кийин Скриптонит лейблдын резиденти деген статусту алган. Жогорудагы ырын “Gazgolder” менен биргеликте концерттик турнеге чыкканда дагы аткарган. "Скриптониттин ырларынын сөзү такыр угулбайт" деп айткандарга ал “мен муну атайын кылбайм, болгону мен рэпти ушундай окуйм. Сөздөрү түшүнүксүз болсо дагы, ырдын ыргагы уккулуктуу болуп жатпайбы” деген оюн айткан. Дал ушул продюсердик борбордон аты алыска кетсе дагы, ал өзүн казак рэперимин деп атайт. Орус эстрадасындагы ырчылардын ырларын укпайт. Анткени ырларында аларга окшоштук чыгып калуусун каалабайт. Ал Американын 60-жылдардагы ырларын сүйүп угат.

ЖЕКЕ ЖАШООСУН ЖАРЫЯ КЫЛГАНДЫ ЖАКТЫРБАЙТ

Рэпер азырынча бойдок. Жеке жашоосун жарыя кылганды жактыра бербейт. Убагында Марта Меремс аттуу сүрөтчү кыз менен болгон мамилесин жашырганга аракет кылган. Маалыматтарга караганда, “Сүйүү” аттуу ыры дал ушул бийкечке арналганы айтылат. Скрипи социалдык тармактарды жактырбайт. Айрым адамдардын жеке маселелерине чейин ачыктоосуна туура эмес көз карашта экендигин айтат. Рэпердин жеке баракчасында ал тууралуу эч кандай маалымат жок. Миллиондон ашуун катталуучусу болсо дагы башкаларга окшоп ашыкча сүрөт жүктөй бербейт.

2016-жылы 19-январда рэпер уулдуу болгон. 2017-жылы гана уулу Лучи менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Баланын апасы Скриптониттин мурунку сүйгөнү Нигора аттуу бийчи кыз болуп чыккан. Нигора Лучи менен Шымкентте жашайт. Азыр экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле жоктугун айтат. Уулу менен апасын Москвага алып келген, бирок бир нече убакыттан кийин кайра алар Шымкентке көчүп кетишкен. Ырчы мекенине барганда гана Лучини көрүп турат.

СКРИПИ ТУУРАЛУУ:

  • Маектеринин биринде рэпер өзүнүн “социопат” экендигин айткан. Ал адамдар көп жүргөн жерлерди жактырбасын, кыскасы, адамдар анын кыжырын кайнатарын айтканы бар.
  • Скриптониттин алпаруучу Юрий Дуд менен болгон маегинде көрүүчүлөрдүн эсеби боюнча рэпер 60 жолу сөгүнгөн. Ал эми маектин өзү 49 мүнөткө созулган.
  • Скриптонит орус рэпин такыр укпайт. Анын жакшы көргөн рэпери – Dr.Dre.
  • Рэпердин колунда “Акча бизге акча жөнүндө ойлонбош үчүн керек. Акчаны эртең кайдан алууну ойлонбоо үчүн бүгүн иштейбиз” деген жазуу бар.
  • Эң көп сатылган альбому – "Жашоодогу кадимки үй" ("Дом с нормальными явлениями").
  • Рэпер жеке концерттеринде 18 жаштан жогору адамдарды көргүсү келет. Анын айтымында, жаштар аны туура эмес түшүнүп алуусу же такыр эле түшүнбөй калуусу мүмкүн.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Paprikafm
2018-12-04 12:05:54
Таза эле башкача адамго ээ
+4
voennyi88
2018-12-04 12:52:51
А бизде деле бар Мотуев,чыпалак баатыр,кайрат кыргыз,гулзат мамытбек дегендер бар.
+4
Lisalisa
2018-12-07 23:41:33
voennyi88,)))
0
MKW.MYRZAiYM
2018-12-07 12:34:23
"Это любовь" деген эле ырын угам. калгандарынын бары уят
-2
baku24
2018-12-07 23:14:41
иий чычым
+1
Nurgazy80
2018-12-11 01:49:14
Менталитетке такыр туура келбеген жаңы казак. Кантсе да өз оокатын кылып жатат. Ламбада деген ыры Россияда популярдуу болду,ар кайсы жерде жаңырып. Ушундай ырды угушкан аудиториясы деле өзүнө окшогон адамдар го
0
VIP_
2018-12-11 05:11:47
Скрипи рулитго атак. Космос деген ыры менен девушкам экообуз ооручук. Это любовь деген ыры нечто. А вечеринка деген ыры Джах Кхалиб айтмакчы шедевр 21 века! Он под кайфом создаёт свои треки и конечно под кайфом читает. У него своя волна как и у меня. Многим это не понять. Скрипи Батя)
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан