«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Диана, 45 жаштагы айым: «13 ЖАШЫМДА БИРИНЧИ ЖОЛУ БАҢГИЗАТЫН ТАТЫП КӨРДҮМ. ЖЫЙЫНТЫГЫ ВИЧ БОЛДУ»

№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл


1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. ВИЧ-СПИД! Бир укканда коркунучтуу сезилет. Бирок бул дарт өзүбүздүн башыбызга түшпөчүдөй, биздин маселе эместей экинчи планга жылып, аздан соң башка көчөгө бурулуп кеткен автоунаа сымал эсибизден кетип, унутулат... Чындыгында бул дартка кабылгандардын психологиялык абалы кандай, коомдогу орду кандай, алар кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп, жеңип же жеңилип келе жатышат? Бүгүнкү каарманыбыз Диана (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) ВИЧке кабылганга чейинки жана кийинки жашоосун баяндап берди. Каарманыбыздын баянынан көптөгөн тарбиялык мааниси бар учурларды келечек үчүн белгилеп алсаңыз ашыкча болбойт, окурман.

«БИРОТОЛО БЕРИЛИП КЕТЕМ ДЕГЕН СЕЗИМ БОЛГОН ЭМЕС»

- Көчөдө көрүнгөн менен мушташып, ичип-чегип жүргөн өспүрүмдөрдүн көбүн ата-энеси кароосуз калтырган же жетишсиз жашоодо жашаган үй-бүлөнүн балдары деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок меники андай эмес болчу. Бишкек шаарында төрөлүп, ушул эле шаарда чоңойдум. Ата-энебиз агам экөөбүздү тамак-аштан, кийим-кечеден кем кылбай чоңойтушту. Атам оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, апам аскер кызматкери эле.

Мектепте алгач жакшы окучумун, бирок классым жогорулаган сайын окууга көңүлүм чаппай калды. 12-13 жашка чыгып калганда эч кимди тоготпой, “баарынан кыйын” адамга айландык. Ал убакта классташ кыздар өзүбүз менен тең балдарды теңсинбейт элек. Ошентип жүрүп менден бир топ жаш улуу балдардын тобуна кошулуп, 13 жашымда биринчи жолу эфедрин деген баңгизатын сайынып көрдүм. Анда биротоло берилип кетем деген сезим болгон эмес, тескерисинче, каалаган убакта таштап коём деп ойлочумун.

«15 ЖАШЫМДА ТУРМУШКА ЧЫГЫП, ОРУСИЯГА КАЧЫП КЕТТИМ”

- Ата-энебиз күнүмдүккө акча берет да, аны чогултуп бир жумада 1-2 жолу баңгизатын сатып алууга колдончумун. Ата-энем билбейт эле. Ал маалда баңгизатына көз каранды эмес болчумун, бирок барган сайын “дозаны” көбөйтүп баштаганбыз.

Кудай мага колдоочу катары жибердиби, билбейм, мени ал топтон сууруп чыккан адамга жолуктум. Ооба, бир жигит менен таанышып, аны баш-отум менен сүйүп калдым. “Мени сүйсөң ташта” деди, таштадым. Экөөбүз үйлөнөбүз десек, ата-энем каршы чыкты. Кайсы ата-эне 15 жаштагы кызын турмушка бергиси келсин? Кызуу кандуулук менен Орусияга качып кетип, экөөбүз үйлөнүп алдык. Ростов-на-Дону шаарында туруп калдык. Ата-энем мага таарынып 1 жыл сүйлөшпөй койду, бирок биринчи балабыз жарыкка келгенде түтпөй кетип, кайра келишти. Кайын журтум жакшы адамдар, жолдошум да менин көзүмдү карап, иштетпей "бала менен үйдө отура бер" деп турчу. Алардын мага болгон мамилесин көрүп апамдын санаасы тынып, кайра Бишкекке кетишти.

«БОЛДУ, УШУЛ АКЫРКЫСЫ, ТОКТОЙМ ДЕЙМ, БИРОК...»

- Экинчи уулубуз жарыкка келгенден кийин жумушка чыктым. Бирок кайрадан баңги тузагына илиндим. Жумушта дагестандык жигиттер менен таанышып калып, бир эле жолу сайынам, анан таштайм деп баягы кумар сезимин кубалап кетип, токтоно албай калдым. “Багы жокко дагы жок” болуп, жолдошум перитонит дартына кабылып, көп өтпөй каза болуп калды. 2 балам менен калдым. Жашоо оор болуп кайрадан мекениме, апамдыкына келдим. Карылар үйүнө багуучу болуп, көп кабаттуу үйлөрдүн полун жууп иштей баштадым.

Бир жолу баягы баңги достордун бирине жолугуп калып, алардын “чогулушуна” бардым. Ошентип кайра баары башынан башталды. Баңгизат дегенде кайдан болсо да акча табылчу. Түнкү саат 3-4 болобу бир чалуу менен шаардын кайсы бурчуна болбосун чогулабыз. Канча жолу милиция кызматкерлери кармап кетти, дагы кармай турганын билсек деле токтой алчу эмеспиз. Дубалдардан ашып өтүп каччу элек. “Болду, ушул акыркысы, токтотом, дарыланам” дейм, бирок баңгизатынын таасири тарап баратканын сезгенде жерден болсо да чукуп табыш керек болуп калат. Баңгизатын саткан адамдын үйүнүн астына барып жатып алам, “бересиң же мен ушул жерде өлөм” деп.

«КОЛДОРУМДА ТАМТЫК ЖОК, ИЙНЕ КИРЧҮ ОРУН ДЕЛЕ ЖОК БОЛЧУ...»

- Жөнөкөйгө алымсынбай, кийин героинге өттүм. Бирок андагы кайф деле өттү. Эми менде жөн гана игломания башталды. Иши кылса ийне сайылыш керек эле... “Ийне тазабы, аны мурун ким колдонду?” деген ой жок. Порошокту аралыштырганга эч нерсе таппай калсак жердеги карды, кир сууну деле аралаштырып сайынчубуз. Ийне сая берип мокоп, кан тамырга кирбей калса аны бычак менен курчутуп алып саяр элек. Колдорумда тамтык жок, ийне кирчү орун деле жок болчу... Эч нерсеге көңүл жок, көзүмө ийне гана көрүнүп калган. Ошол кезде салмагым 40 килограмм болуп калган...

«ВИЧ ЭКЕНИМДИ УККАНДА НЕС БОЛДУМ”
- 2011-жыл. Акыры ата-энемдикине бир басып, бир жөрмөлөп, сүйрөлүп отуруп жеттим. Апам аймактык тескөөчүнү чакырды. Ал келип уулум экөөлөп мени унаага салып, наркологиялык борборго алып барышты. Ошол жерден ВИЧ экенимди билдим. Укканда нес абалда калдым, жашоону улантыш керекпи же өз өмүрүмө кол салыш керекпи? Бардыгы бүттү... башымда ушундай гана ойлор эле. Мени тегеректеп турган балдарымды, апамды көрүп кандай туура эмес жолдо жүргөнүмдү, ийненин аркасынан жүрүп үй-бүлөмдүн жанындагы сонун көз ирмемдерди, бактымды өткөрүп жибергенимди түшүндүм.

Бир аз өзүмө келип калганда наркоборбордо дарыланып жаткан адамдар менен таанышып калдым, алардын айрымдары ВИЧ илдетин жуктурушкан экен. Мени таң калтырганы, мага окшоп мүңкүрөгөн эч ким жок, баары күлүп-жайнап отурушат. Эмнеге?

Мага бул илдет менен жашаса болорун көптөр түшүндүрдү, колдоо кылышты. Акыры ооруну кабыл алдым, жашайын деп чечтим.

Дарыланып чыккандан кийин “эски” достор кайра чакырышты. Жок дедим. Ошол бойдон баңгизатын колума алган жокмун. Азыр меникиндей абалга, дартка кабылгандарга кеңешимди берем, негизгиси өзүңөрдү таштабагыла, бекем эрктүү болгула дейм. ВИЧ – бул өкүм эмес. Ошол кезде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жардам берген “Астерия” коомдук уюмунун кызматкерлери менен дагы деле байланышып, сүйлөшүп, керек болсо жардам алып турам.

«ЭГЕР ҮЙ-БҮЛӨМДӨН КОЛДОО БОЛБОСО, МЕН АЗЫР ЖОК БОЛСОМ КЕРЕК ЭЛЕ»

- Наркоборбордо дарыланып жүрүп бир жигит менен таанышып калдым. Экөөбүз мамилебизди токтоткондон кийин гана кош бойлуу экенимди билдим. Кайрадан кооптонуу болду, бирок врачтар текшерип, бардыгы жайында дешти. Ошентип дени сак кыз төрөдүм. Эгер үй-бүлөмдөн колдоо болбосо, мен азыр жок болсом керек эле.

Апам... Апам менин баңгизатын колдонорумду билгенде психиатриялык ооруканага да жатып чыкты. Бирок чыйралып, менин ордума балдарымды тарбиялап-чоңойтту. Ооруганымды билгенде да баары жакшы болорун айтып, биринчи колун сунган апам болду. Азыр жашы 70ке келип калды. Балдарым таенесин жанындай көрүп, сыйлап турушат, ошого да шүгүр кылам. Атам мындан 3 жыл мурун каза болгон.

Балдарым... Балдарымды жарыкка алып келгенден кийин алардын жанында болбой, тарбия бербегеним үчүн өмүр бою өкүнсөм керек. Мен кандай болбоюн “апалап” турганына, менден жүз буруп кетишпегенине ыраазымын, карыздармын. Мен ВИЧке кабылганымды укканда улуу балам сүйлөшкөн кызына сөйкө салганы жаткан. Балама “эми эмне болот, балам?” десем, “апа, сен азыр өлчү дарт менен оорубайсың да. Баары жакшы болот” деп тынчтандырып койду. Азыр 2 уул, 1 кыздуу болуп, мага чоң эне статусун берди. Ортончу балам 9-класста окуйт, тайбокс, бокс менен машыгат. Кызым 6га чыкты, гимнастика, бий менен алектенет. Балдарым үчүн баары бир корко берем, жүрүм-турумунда өзгөрүү болбой элеби деп аңдыйм. Баңгизатынан ушунчалык көңүлүм калыптыр, балдарым ооруп калса укол сая албай колум титирейт, таблетка бергим келбейт. Андан көрө деп сарымсак, пияз, бал колдоном.

ВИЧ дагы Кудайдын сыноосу, жашоо үчүн берген мүмкүнчүлүгү. Буюрса, сыноону татыктуу көтөрөм деген оюм бар.

«ВИЧ ООРУЛУУНУН КЕЛЕЧЕГИ ЖОК ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС»

Жогоруда каарманыбызга жардам көрсөткөн “Астерия” коомдук фондунун директору Ирен Ермолаевага кайрылып, фонддун ишмердүүлүгү менен тааныштык:

- Бизге жылына 150-300гө чейин кыз-келиндер кайрылат. Башкача айтканда, фонд баңгизатын сайынган, түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп келген жана ВИЧ илдетин жуктуруп алган аялдар, алардын балдары, түгөйлөрү менен иш алып барат. Аларга укуктук, медициналык жактан жардам беребиз.

ВИЧ илдетине кабылгандар ушунчалык оор эмоционалдык абалда болот. Эгерде түшүндүрүү иштери жүрбөсө, ал адамдан айрылып калышыбыз ыктымал. ВИЧ оорулуунун келечеги жок деген туура эмес. Кадимкидей балалуу болуп, үй-бүлө куруп, жумушта иштей алышат. Башка соо адамдардан эч кандай айырмасы жок. Кантип? Биз ушул суроо менен келгендер менен иштешебиз. Ар бирибиз ВИЧ, СПИД тууралуу сабаттуулугубузду арттырсак, негизгиси бул дарттын алдын алмакпыз, оорулууларды жектебей, коомдо өз ордун тапканга жардам берген болот элек.

Республикалык СПИД борборунун статистикасы

ВИЧ-СПИД дартына чалдыккандардын жалпы саны – 8214

Алардын ичинен жаш балдардын (14 жашка чейин) саны – 648

2018-жыл ичинде (1-ноябрга чейин) катталгандардын саны – 682:

Бишкек шаары боюнча жалпы – 256 оорулуу

Ош шаары – 40

Чүй облусу – 189

Ош облусу – 75

Жалал-Абад облусу – 69

Ысык-Көл облусу – 20

Баткен облусу – 15

Талас облусу – 12

Нарын облусу – 6

Бул оорудан каза болгондордун жалпы саны – 1874

Асыл Орозбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
04.12.2018. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
16-02-2016
Соӊку аракети:
11-12-2018 01:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Город 3722
+19
Откоол курак эн коопттуу маал, мындай сыноолор эч кимдин башына тушпосун.
04.12.2018. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
14-05-2012
Соӊку аракети:
04-12-2018 16:23
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эми да кеч эмес. Негизгиси мындан аркы жашоону жакшы алып кетиниз
05.12.2018. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
01-04-2015
Соӊку аракети:
06-12-2018 18:02
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым сактасын да илдеттен,ата энелер балдарын кыздарын токтолгонго чейин ар бир кадамын козомолдоп туруш керек да ошон учун,Ош базар жака барсан мурда балдар тийишпесе экен дечу элек азыр тескерисинче,ошонун баары тарбиядан экинчиден адамдын озунон, баланынбы кыздынбы айланасындагы досторунан зависит этет
10.12.2018. 16:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
07-04-2017
Соӊку аракети:
10-12-2018 16:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Токмок
0
Окуп алып аябай ыйлагым келди эмнегедир. Мындан кийинки жашоонузда жалан жакшылыктар гана болсун. Сиздин башыныздан откон кундорунуз баарыбызга сабак болот деп ишенем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21565;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: