МИРБЕК АТАБЕКОВ ТОЙ ӨТКӨРҮҮГӨ ЖАҢЫ МАДАНИЯТ КИРГИЗДИ

27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков борбордогу тойканалардын биринде уулу Адамды сүннөткө отургузуп, кызы Ыймандын жентек тоюн өткөрдү. Ырчыны жакшылыгы менен куттуктап ага байланыштык: "Сүннөткө отургузуу, жентек той илгертеден келе жаткан кыргыздын салты эмеспи. Андан сырткары тууган-урук, куда-сөөк, жоро-жолдошторду чогултуп жакшылыгыңды тең бөлүшүп, бата алууга жакшы себеп болот. Бизди башка улуттардан өзгөчөлөнтүп турган да дал ушул нерселер деп билем. Тоюбузга жалпысынан 300дөй адам келди. Үлпөт тоюбуздагыдай эле бул ирет дагы ичимдиктери жок адал той өткөрдүк. Келген конокторго устукан тарткан жокпуз. Муну менен биз ашыкча ысырапкорчулуктан алыс болдук. Ашыкча каражат болсо жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулукка жумшаганыбыз оң. Тойдо балдарыма арнап сөзү, обону Бакыт Алишеровго таандык “Балама” аттуу ырды аткардым. Азырынча бул ыр жакшы быша элек. Кайрадан ырдын үстүнөн иштеп, жакында жалпы элге тартуулайм".

Адам менен Ыйманга бекем ден соолук, бактылуу балалык каалайбыз!

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирбек Атабеков балдарына той берди. Устукансыз, ичкиликсиз өткөн тойдон репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kakukani
2018-12-04 09:17:47
Бактылуу акыл эстүү балдардан жана кыздардан болсун!
+2
Orujie
2018-12-04 10:44:10
Азаматсын Мирбек
+5
Paprikafm
2018-12-04 11:38:10
Оо мына болот экен го, сен устуканды жок кылсаң, кийинкиси дагы бир нерсени кыскартса ошентип барып, үнөмдөөчүлүккө өтөбүз
+18
jashoonu-suiup-jashagyn
2018-12-04 16:00:09
Мирбек Атабековду ото сыйлайм уй булоонуз мн бактылуу болунуз элге жакшы жактарыныз менен улгу болуп журо бериниз
+6
Byrmachach
2018-12-05 09:32:53
Мирбек,Адам менен Ыймандын келечеги кең болсун. Бактылуу үй бүлөлөрдөн болгула. Сый урмат тартылган устуканда эмес, узак, ынтымактуу мамиледе болуш керек.
+2
Pandora
2018-12-06 12:51:01
Балдарыныздын омурун берсин.Ысымдарына жараша мыкты адамдардан болсун.Бизге дагы кудайым жээнтек той,суннот той,уйлону тойлопду откорууну насиб кылсын.
Актан жакшы ырдаптыр,уну жакшы экенин мурун байкаган элем Самат менен билгеликте аткарганы жакты мага.)))
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан