«Азия Мix” КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил социалдык тармактагы баракчасына ажырашканына 1 жыл болгонун жазды. Мындайды күтпөгөн окурмандар бул ажырашуунун ар кандай себептерин жазганга үлгүрүштү. КВНчинин жубайы төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: “Мындан 1 жыл мурун ажырашуу тууралуу чечим кабыл алдым. Мен эң жакын деп эсептеген адамымдан колдоо көрө алган жокмун. Бардык түйшүк менин моюнумда болчу. Балдарым төрөлгөндө дагы жалгыз болдум. Себеби сүйүктүү адамым мындан да “маанилүү жумуштары” менен алек эле. Ортодо уруш-талаш болгон жок. Жолдошума ар тараптан колдоо көрсөтүп, долбоорлоруна жардамымды берип жүрдүм. Баарына сабыр кылдым.
Эң жакын адамым тууралуу бир чындык менин көзүмдү ачты. Ага да көз жумуп, дагы бир мүмкүнчүлүк бердим. Мамилебизди сактап калууга 2 жыл аракет кылдым. Бирок аракет бир тараптуу болгондуктан ишке ашкан жок. Мен баарына чекит коюп, ажырашууну талап кылдым, бактыга жараша, тынчтык жолу менен эки жолго түштүк. Учурда балдарыбыз мени менен жашайт. Эльдияр экөөбүз достук мамилебизди сактап калдык. Азыр дагы анын долбоорлоруна жардам берип келем. Бул билдирүү аркылуу мен өзүмдүн үй-бүлөлүк абалымды билдирейин деген оюм жок. Болгону ар бир адам өзүнүн жашоосу үчүн өзү чечим кабыл алуусу керек деген ойду айткым келди”.
Ал эми Эльдияр Кененсаров өзүнүн жеке баракчасына чын эле ажырашкандыгы тууралуу: "Кыскача жазып коёюн. Бул билдирүүдөн кийин эч кандай суроолор жаралбайт деп ишенем. Мен өзүмдү жакшы көрбөйм, көп кемчиликтерим бар. Мындай адам ортодогу мамилеге жарык чача албайт. Өзүмдөн гана бакыт издейм. Эгер ошол бактылуулукту өзүмдөн таба алсам, анда өзүмдүн адамым менен бөлүшөм... Бүттү!"- деп жазган. Кийинчерээк жогорудагы билдирүүсүн өчүрүп, "түшүндүрүп айттым! Бардыгыңарга түшүнүктүү болду деп ойлойм" деген.
Белгилей кетсек, Эльдияр Кененсаров менен Камила Абдил 2009-жылы баш кошушкан. Ортодо бир кыз, бир уулу бар.