Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Шубин атындагы музыкалык мектептин директору Гүлзинат Суранчиева 23-ноябрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата Каракол шаарында концерт өткөргөндүгү тууралуу кабарлады: "Бул концерттен түшкөн каражатты шаардын губернаторуна тапшырдым. Ал жакта атайын комиссия түзүлүп, алардын кароосу менен муктаж болгондорго берилет. Ошондой эле Ак-Суу районундагы психоневрологиялык жактан жабыркаган аялдарга бекер концерт берип көңүлдөрүн көтөрүп кайттык".