ТҮРП САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Түрп – 300 грамм
Сууга бышырылган эт – 400 грамм
Пияз – 2 баш
Ашкөк же укроп – 6-7 талча
Майонез – 120 грамм
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Түрптү аарчып, сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Андан соң үстүнө жылуу суу куюп, 5 мүнөттөн соң төгүп салабыз (ачуусу чыгат).
Алдын ала сууга бышырылган этти таякча түрүндө туурайбыз. Бул салатка уйдун, тооктун, үндүктүн эти жарайт.
Пиязды аарчып, майда туурап, соолуганча майга кууруп алабыз.
Куурулган пиязга этти, түрптү, майда тууралган ашкөктү, майонезди жана татымына жараша мурч, туз салып аралаштырабыз. Даамдуу, тоюмдуу салатыбыз даяр!
ПЕКИН КАПУСТАСЫНАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Пекин капустасы – 100 грамм
Бадыраң – 1 даана
Консерваланган жүгөрү – 4-5 аш кашык
Сыр – 60 грамм
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Лимон ширеси – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Пекин капустасы менен бадыраңды жууп, ичке, ал эми сырды төрт чарчы формада туурайбыз.
Тууралган азыктардын үстүнө консерваланган жүгөрүнү, лимон ширесин, өсүмдүк майын жана татымына жараша туз, мурч салып аралаштырып коёбуз. Салат даяр!
«КҮЗ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Кызылча – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Алма – 1 даана
Грек жаңгагы – 5 даана
Уксус (9%) – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2-3 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Грек жаңгагын чагып, маңызын бөлүп, майда туурайбыз.
Кызылча менен сабизди аарчып, жууп, сүргүчтөн өткөрөбүз. Ал эми алманы кабыгы менен сүргүчтөн өткөргөн оң.
Сүргүчтөн өткөрүлгөн азыктарга өсүмдүк майын, грек жаңгагын, уксусту жана татымына жараша туз, мурч салып жакшылап аралаштырабыз. Уксустун ордуна лимон ширесин пайдаланууга болот. Даяр болгон салатты тарелкага салгандан кийин грек жаңгагынын маңызы менен кооздоп коёбуз.
«МОЗАИКА» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Пекин капустасы – 300 грамм
Колбаса – 200 грамм
Консерваланган буурчак – 100 грамм
Майонез – 150 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Колбасаны төрт чарчы формасында туурайбыз.
Капустаны жууп, 2х2 сантиметр өлчөмүндө төрт чарчы формасында туурайбыз.
Тууралган капуста менен колбасага консерваланган буурчакты (суусун төгүп), татымына жараша туз жана майонез кошуп аралаштырып коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg