ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

Башка чарасы барбы? Бул көзү курч, бир караган адамга катуу көрүнгөн кыздын айтканына макул болбогонго, анын эрежеси менен ойнобой койгонго, сунушунан баш тартканга чарасы барбы? Кызык, ички туюму ушу кызга ишен дегендей кылып жатты.

– Эки жыл! Эки жыл ушу жерде жашайсың, чыккандан кийин деле сенин Сыялы Туманов менен күрөшкөнгө күчүң жетпейт. Айтчы, колуңда эмнең бар?- деди кыз тике карап.

– Бар, бир нерсе бар.

Журналисттик мурду жыт искеп ушул жерге келген. Азизанын көздөрү жылт эте түштү.

– Эмне бар?

– Айта албайм. Азырынча айта албайм.

– Хм, адвокатың да билбейби?

– Билбейт.

– Анда ойлон. Бул номерге чал. Сени зордобойм, бирок эки жылыңды бошко кетирбей, аракет кыл демекмин.

Тарс туруп кетти журналист кыз. Элина аркасынан ойлуу тиктеп кала берди.

ххх

Нуриза устаканасында сүрөт тартуу менен алек. Телефону чыр деди.

– Саламатсызбы? Москвада өтө турган эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын атынан катышат деп уктук. Ошого байланыштуу интервью алсакпы дедик эле.

Жандана түштү. Нуризаны эч бири таланттуу деп айткан эмес. Көкүрөгүндө сыймыктануу дүр деп, эгосу ойноп кетти. Дароо макул болду. Кечинде устаканасында жолугушарын айтып телефонду койду. Өзү менен өзү кала турган жери бир гана устаканасы эле. Анын дүйнөсүн бир ушу жансыз устаканасы жана Аман түшүнөр эле. Бардык жерде ата-энесине, бир туугандарына, досторуна да чоочун болчу. Ойлору, жүрүм-туруму таптакыр башкача болчу. Аттиң, эгерде бирөө анын көкүрөгүн казып, адам катары, бир кызыктуу кыз катары көрсө, арактын, баңгизаттын туткунуна түшпөс беле ким билсин. Аманга жолуккуча ошол балээге жолукпай калганда эмне? Аман анын дүйнөсүн аздектеп баккан бул дүйнөдөгү жалгыз адам болчу. Балким, ошол үчүн такыр дилинен чыкпай тургандай орноп калгандыр, балким, ошол үчүн жан азабын тартып эч көкүрөгүнөн чыгара албагандыр.

Азиза эшиктен кирип келип туруп калды.

– Салам!- деди кылчайбай туруп Нуриза.

– Салам.

– Отур, азыр келем...

Бөлмө күңүрт, баш аламан эле. Жакшылап караса бардык сүрөттөрү бүтпөгөн, аягына чыкпаган, жарым-жартылай тартылган экен. Нуриза маңдайына келип отурду. Чылым чегип жаткан экен, көзү менен “тартасыңбы?” дегендей кылды. Азиза башын чайкады.

– Мага сүрөтчү катары эч ким кызыкчу эмес эле.

– Сиздин сүрөттөрүңүздү социалдык барактардан байкап калдым. Мага жакты, кийин көргөзмөгө чакырылып жатканыңыз тууралуу уктум.

– Аа, Рада деген курбум тартып кеткен. Ал сүрөт жүктөгөндү жакшы көрөт. А Москвага чын эле чакыруу алдым...- деди сыймыктанган Нуриза.

– Менимче, мыкты сүрөтчүсүз.

– Ошондойбу, рахмат.

– Бирок сизде көбү бүтпөгөн сүрөттөр экен, эмнеден?

– Мен кесибимден 4-5 жылдай алыстап кеттим. Жо, диктофонду азырынча күйгүзбөңүз, алгач сиз менен таанышып алайын.

– Макул.

– Биринчи сүрөттөрдү карап көрүңүз, жакса чын көңүлүмдөн бирин белек кылам.

Азиза баарын бирден карап жатты. Чындыгында сүрөттөр укмуш деле эмес эле. Жакшылап байкап сүрөттөр аркылуу дилиндеги бир ачуу нерсени чыгара албай чабалактап жаткан аялдын жан дүйнөсүн байкоо оор болбоду.

– Мага бул жакты.

Азиза Амандын сүрөтүн көрсөттү.

– Жок, ал эмес, аны белекке бергенге болбойт.

– Аа, бул ким, жакшынакай жигит экен.

– Күйөөм болчу. Үч жыл мурун каза болуп калды.

– Ий, жаман болуптур, ооруду беле?

– Жок, кырсык болду. Жол кырсыгы...

Нуриза эмне дээрин билбей калды. Көзүн ала качты. Кекиртегин кармалай берди. Колдору кыбырап кетти. Мунун эч бири Азизанын көздөрүнөн качпады.

– Бул жолу сүйлөшө албайбыз го. Кечириңиз, башка жолу байланышалы,- деди Нуриза.

– Мейлиңиз, башка жолу...

Сыртка чыккан Азиза терең дем алды. Рюкзагынын чөнтөгүндөгү диктофонду өчүрдү. “Жиптин учугу башталды” деди ал өзүнчө.

ххх

– Седеп эже, балдарды көп алып келбей эле коюңуз.

– Эмнеге?

– Бул жер эстеринде калышын каалабайм. Адамдын үрөйүн учурган жер...- улутунуп алды Элина.

– Экөөнү ойлогондо демим кысылып аба жетпей кетип жатат. Дүйнө ушунча кең болуп туруп, тар экенине таң калам. Мен батпай жатам. Жаткан жерим да тар, аба алайын десем да аба жетпейт. Думугуп, чөгүп, туңгуюкка кулап бара жаткандаймын. Эч ким мага жардам бере албайт. Сезимдеримди сизге түшүндүрө алсам...

– Айтыштын кереги жок. Мен сени жакшы түшүнөм.

– Жок, эч ким түшүнө албайт. Мен дагы гезиттен окуганда, телевизордон көргөндө түрмөдө отурган аялдарды эч аяган эмесмин. Анткени алар күнөөлүү эле. Алардын бири күнөөсүз болушу мүмкүн деген ой менин башыма келмек эмес. Аларды жек көрүү менен карачумун. Бир нерсеси жугуп кала тургандай. Аларга биздин коомдо орун жоктой. Көрсө, адилетсиздик...

– Менин өмүрүмдүн тең жарымы түрмөдө өттү,- деди Зирек ойлуу гана. – Андыктан сенин абалыңды жон терим менен сезип турам.

– Кантип? Кандайча?

– Ушундай...- деди Зирек көзүн ала качып.

– Эмнеге айткан жоксуз? Мен сизге ишендим. Мен сизге балдарымды ишенип тапшырдым...

– Түрмөдө отурганымды билгенден кийин ишенбей калдыңбы?

Бакырайган көздөрү менен Зирек биринчи жолу Элинага тике карады. Көздөрүндө суроо, дилинде шектенүү, жүрөгүндө коркуу бар эле анын.

– Азыр эле айттың, мурун мен алардан коркчумун деп. Азырчы?

– Эже...

– Элина, менден коркуштун кереги жок. Маңдайыма жазган тагдырдан мен да кутула албадым. А балдарды мен эки көзүмдүн карегиндей карайм. Сен аны билесиң.

– Сиз мага айтышыңыз керек эле.

– Айта албадым.

– Эмнеге?

– Жөн эле.

Экөөнүн тең андан ары сөзү уланбады. Элина балдарын өмүрүнүн жарымын түрмөдө өткөргөн аял менен калтырганына жаны кашайып турду. Башка аргасы дагы жок эле. Анын кооптонгонун сезген Зиректин дили ооруп шалдырап турду. Ушунча окуяны баштарынан өткөрүп, биригип калдык деп ойлогон эле. Тилегин таш капты.

ххх

Ошол күнү Жаныбек келди үйүнө. Эшикти ачып эле Элина жибергенин түшүндү. Ичинен дагы бир жолу сынды.

– Кел, Жаныбек.

– Кандайсыз, балдар жакшыбы? Аларга белек алып келдим.

Чурулдай чыгып моюнуна асылган балдарды өөп ичкери кирди Жаныбек.

– Эмнеге маанайыңыз жок?

– Элина жибердиби?

– Жо, аа, ооба, “үйгө барып кабар алчы” деди. Эмне болду?

– Мен ага түрмөдө отурганымды айттым. Балдардын жанында мен болгонум үчүн кооптонуп жатат окшойт.

– Уф, азыр аны айтпай турсаңыз болмок. Баарын айттыңызбы?

– Жок, болгону тиги жакта жатканымды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Snejana
2018-12-11 09:15:30
Жашоосу татаал экен.
+1
Munar8625
2018-12-11 10:09:36
Snejana,Сен биринчи
+1
originalkgz96
2018-12-11 10:05:45
Эхх
+1
ziash85
2018-12-11 10:23:16
Түрмөдө жатканын эмес биринчи апасы экенин айтканда балким балдарын ишенет беле,кечирээр беле.....
+2
nurhan2702
2018-12-11 13:16:23
Азиза чыгарат окшойт турмодон
+1
Aizirek1995
2018-12-12 21:35:32
Ээх бүтүп калды
0
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан