12 жашар кыздын апасы: “6-КЛАССТА ОКУГАН КЫЗЫМА ТИЙИШКЕН КИШИНИ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КОЁ БЕРИШТИ”

Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда жашаган 6-класстын окуучусуна 40-50 жаштардагы киши тийишип, ыплас сөздөрдү айтып, кызга ар кандай иренжиткен билдирүүлөрдү жазган. Бул билдирүүлөрдү окуп үрөйү учкан кыздын ата-энеси Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери ал билдирүүлөрдү жазган кишини кармап, кайра коё беришкен. Бул тууралуу бизге кыздын апасы айтып берди. Чүй ОИИББинин кызматкерлери бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн убада кылышууда.

“КЫЗЫМДАН АТА-ЭНЕСИ, БИР ТУУГАНДАРЫ ТУУРАЛУУ СУРАПТЫР”

Аэлинанын (кыздын аты-жөнү өзгөртүлдү) апасы кызынын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптонуп жатканын мындайча түшүндүрдү:

– Кызым 12 жашта, Бишкектеги мектептердин биринде 6-класста окуйт. Ал 3-сменада окугандыктан мектептен 18:30дарда чыгат. Октябрь айынын аягында өзүм ооруп калып, кызым менен 5-класста окуган уулум экөө мектептен чогуу келип жатышкан. 29-октябрда балам биринчи келди. Кызым мектептен кеч чыгып, үйгө 19:30дарда келди. Кызым үйгө киргенде эле телефонуна “Привет, Аэлина” деген билдирүү келди. Ким жөнөткөнүн сурасам, жолдон бир киши бирөөгө чалып алайын деп телефонун сураганын айтты. Билдирүү келген номерге апасы экенимди жазсам жооп берген жок. Кийин ар кайсы номер менен чалсам да албай койду.

Кызымдын айтуусунда, ал мектептен чыгып келатып, иттер жүргөн жерден коркуп токтоп калат. Тиги киши кызымды иттерден өткөрүп, андан ары да үйгө чейин узатып келет. Жолдон кызымдын атын, жашаган жерин, ата-энеси жана бир туугандары тууралуу сураптыр. Бир маалда бирөөгө чалып алмакчы болуп телефонун сураган экен. Ошол кезде кызымдын телефонунан өзүнүн номерине чалган окшойт. Жолдон кызыма уят сөздөрдү да айтыптыр, “мен мектепте окуп жүргөндө кыздардын юбкасын көтөрүп, төшүн кармачумун” дептир. Аны угуп төбө чачым тик турду. Ниети түз киши кенедей кызга ушундай сөз айтмак беле?.. Анан эмнегедир Аэлинага 20 сом бериптир, кайра токтотуп дагы 50 сом бериптир.

“АЛ КИШИ КЫЗЫМА ЖОЛУГУУГА УНААСЫ МЕНЕН КЕЛДИ”

– Ушул сыяктуу билдирүүлөр күндө келе берди. Биз Аламүдүн РИИБине барып милиция кызматкерлерине бул тууралуу айтып бергенбиз. Бирок алар бизге ишенишкен жок. Алар кызым баарын өзү ойлоп таап алды деген сыяктуу күмөндөрүн айтышты. Кызымдын телефонуна келген СМС-билдирүүлөр да аларга күмөндүү көрүндү. Жанагыдай билдирүүлөр дагы деле келе бергендиктен, кайрадан РИИБге бардык. Милиция кызматкерлери кесиптик майрамын майрамдап жатышкан экен, ошондуктанбы, эч кимисинин бизди укканга көңүлү болгон жок. РИИБде отурганыбызда тиги кишиден кызыма бир нече билдирүүлөр келип калып, аны көргөндө гана аракет кыла башташты. Ошол жерден ал киши менен кызымдын атынан жазышып, эртеси күнгө жолугушуу белгиледик. Ал киши унаасы менен кызымды жана курбусун үйгө жеткирип коймой болду. Биз милиция кызматкерлери менен кошо барып тиги кишини мектептин айланасында күттүк. Ал унаасы менен келди. Кызым аны бизге колу менен көрсөтүп жатканда байкап калган тиги киши унаасын кайра артка айдап качты. Милиция кызматкерлери артынан кууп барып кармап калышты. Унаадан түшүрүп жатканда ал телефонунан бир нерселерди өчүрүүгө жетишти. Анан “мени күтүп жатышат, коё бергилечи” деп жалдырап жиберди. Ошол жерден жаман ниети болбогонун да айтып, кечирим сурап, аялы, 2 баласы бар экенин айтты. Ал 43 жашта экен. Аны РИИБге алып кирип кеткенден кийин биз үйгө кеттик.

Бул окуяга чейин биз аймактык тескөөчүгө да кайрылганбыз. Тескөөчү “Ал киши менен жолугушуу даярдап, кызыңар менен жолукканда мага чалып койгула, барып кармап калам” деген. Ага ишенип даярданып жатып телефон чалсак, аныбыздын телефону өчүк. Ага ишенип кызыбызды тиги кишиге жолуктуруп алсак эмне болмок эле деп дагы коркуп кеттим.

“КААЛАГАНЫҢАРДЫ КЫЛГЫЛА” ДЕП ТЕРГӨӨЧҮ КАБИНЕТИНЕН КУУП ЧЫКТЫ”

– Ал кишини кармагандан 1 айдан кийин жолдошум экөөбүз РИИБге барып, Бурулай Иманалиева аттуу тергөөчүгө жолукканыбызда, ал кылмыш иши козголбогонун жана бул тууралуу бизди кабардар кылууга милдеттүү эмес экендигин айтты. Ошондой эле кызыма тийишкен киши буга чейин соттолбогондуктан, кылмыштын курамы жок болгондуктан аны жоопко тартуунун кажети жок экендигин айтып бизди кабинетинен кууп чыкты. Ал бизге “каалаган жериңерге баргыла, каалаганыңарды кылгыла” деди. Башка милиционерлерге кайрылсак, алар да эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Тескерисинче, эгер биз кызыбыздын коопсуздугу үчүн коркуп жатсак, анда дайыма жанында жүрүшүбүз керектигин айтып кеңеш беришти. Анан да эмнегедир ал киши биздин кызга мындан ары жакындабай турганын айтышты.

Биз кызыбыздын да, башка окуучулардын да өмүрү үчүн коркуп жатабыз. Тиги киши мындан ары ыплас аракеттерге барбайт деп ким кепилдик бере алат? Кыжырыбыз кайнап, жолдошум экөөбүз РИИБден чыгып, Чүй ОИИББине барып, тергөөчү Иманалиева жана башка кызматкерлердин үстүнөн арыз жаздык. Чүй ОИИББинин тергөө кызматынын башчысы бизден кечирим сурап, бул иш териштириле тургандыгын, акырына чыгарарын убада кылды.

Тиешелүү органдар териштирип бул иштин аягына чыгат деген үмүттөбүз. Же бирөөнү өлтүрүп же кандайдыр бир кылмыш кылынгандан кийин гана милиция кызматкерлери ойгонобу? Менимче, алардын негизги милдети – кылмыштын алдын алуу.

“КЫЗМАТТЫК ИЛИКТӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ”

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди:

– Бул факт ноябрь айынын башында Аламүдүн РИИБинде катталган. Тергөөгө чейинки текшерүүлөрдөн кийин кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Учурда бул факт ИИМдин жана Чүй ОИИББинин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Мындан тышкары кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Чүй ОИИББинин тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн РИИБинин кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтомун жокко чыгаруу жана аталган факт боюнча объективдүү текшерүү боюнча тийиштүү материалдар даярдалууда.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Nanei
2018-12-11 11:06:28
Тергоочуну иштен алыш керек!!! Ушундай адамдардын кесепетинен бейкуноо адамдар кыйналып жатвшат
+19
Nanei
2018-12-11 12:34:02
Кыздарды мектептен соосуз тосуп алыш керек,ооруп атам деп тоспой койбогула. Оорусанар да барыш керек. Дагы кудай сактаптыр кызынарды. Ээн талаада эмне кылмак Ким билсин,
+15
AksyKum
2018-12-11 12:39:51
Милицияларга күн салгылык кылбасын
+17
Skarlett-Skarlett
2018-12-11 13:52:28
Жоопкерчиликсиз полиция кызматкерлерин аябагыла!Карапайым калк,биримдикте болуп оз укугубузду коргогонду уйронолу.Кудай сактаптыр кызды.
+10
Gulipa
2018-12-11 17:17:25
Мектеп жамааты,тарбия ишт.завучу,мектеп инспектор лоруна да кайрылып,биргеликте иш алып баруу зарыл да
-2
Albinoc.piratium
2018-12-11 17:30:26
Gulipa,Анда окуучунун психологиясына залалы тийбейби?! Биз кыргыздар билесиз чымындан пил жасаган калкбыз, аны угуп экоону жаткызып, боюнда кылып койотда элдер. Ошол милициялардын жамаатын сотко бериш керек, ХХХХ десе.
+9
muni.98-98
2018-12-13 22:07:09
Albinoc.piratium, Соттор адам беле
+3
Kominam
2018-12-12 10:38:50
Окуучуга балээ барбы телефон берип?! Барып тосуп алгыла,эрте м-н жеткиргиле
-3
JaneEr
2018-12-12 14:13:21
Кызын же озун жазыша бербей заблокировать кылбайсынарбы эле.Не кереги бар узартып.Же номерин алмашпайбы же черный список.
-4
LadyB
2018-12-12 20:10:07
эмне учун полиция ушунчалык акчагабы же эмнеге умтулуп кеткен, мындай сволучтарды турмого отургузуш керек,
+5
Azamat_15
2018-12-13 15:55:54
Эми 2019-жылдан баштап жаны мыйзам менен иштеп баштайбыз ошондо милиция эштеке кыла албайт ууру камалбайт соттолбойт жалан штраф менен адам олтуруу жана зордуктоо менен гана соттолот калганы соттолбойт.Ууру кучойт
+2
MegamozG_91
2018-12-13 22:46:08
Не деген акмакчылык,милициялар милдеттерини унутуп калышканбы
+4
Jelezo
2018-12-17 18:59:51
ХХХ деп эл оозунда соз бекер жерден чыккан эмес окшойт.
0
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан