Анжелика, ырчы: «АЗЫРЫНЧА ЖОЛДОШУМДУН ОРДУН БИРӨӨ ЭЭЛЕДИ ДЕП АЙТА АЛБАЙМ»

– Саламатсыңбы, Анжелика? Ден соолук кандай, “калкан безим шишип, 3 айдан бери дарыланып жатам” дедиң эле?

– Жакшы, рахмат. 3 кыздын апасы болгондон кийин ден соолукту карап, бекемдеш керек экен. 3-4 айдан бери дарыланып жатам. Жашагың келсе ушинтип ден соолугуңа кам көрөт экенсиң да.

– “Жылдын супер ырчы айымы” наамына талапкер болдуң, өзүңө добуш бердиңби?

– “Жылдын супер ырчы айымына” талапкер ырчылардын катарында болгонума кубанычтамын. Бул наамды эң биринчи болуп 2005-жылы мен алгам. Добуш бере элекмин. SUPER.KG порталына 5-6 жыл мурун катталып, бирок сыр сөзүмдү унутуп кирбей калгам. Азыр кайрадан катталыш керек болуп жатат. Видео жүктөгөнгө, окурмандар менен түз байланышканга мүмкүнчүлүктөр болот эмеспи.

–“Өтүп бара жаткан жыл мен үчүн кандай жыл болду, эмне иш кылдым?” деп артка кылчайып алдыңбы?

– 2018-жылы чыгармачылыгым унутта калган жок. 3 клип тарттырдым. "Добулбас" тобунун солисти Кубатбек Тургумбаев менен дуэт жаздырып, ал ырга клип тарттык. Андан сырткары бир топтун негиздөөчүсү болдум десем жарашат. Болгон аракетимди, күчүмдү “Kids star” тобуна жумшап, учурда 10 кыздын үстүнөн күнү-түнү иштеп, вокал, бий боюнча сабак алып жатабыз. Андан сырткары да бир нече долбоорлорду алып чыктым. “Жаным дечи” деген ырымды казак тилине которуп ырдоону да сунуштап жатышат.

– Жаңы жылга кандай план, кандай маанай, кандай эргүү менен баратасың?

– 2019-жылы чыгармачылыгыма 22 жыл болот. Аны 20 жыл деп да койсом болот, эң башкысы, 30 жашка чыгам. Келе жаткан жылы экинчи концертимди берсем деп камдана баштадым. Биринчи концертимди 2014-жылы өзүмдүн көңүлүмдөгүдөй өткөргөм. Азыр концерт боюнча чет жактык мыкты режиссёрлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштадым. Ошондон улам бир бутум чет өлкөлөрдөгү студияларда болуп жатат. Мунун баары элим үчүн сюрприз. Жаңы форматтагы, жаңы багыттагы ырларды тартуулагым келет. Эмгегим менен тапкан каражатымды учурда ушундай иштерге жумшап жатам. Мен түшүндүм, ырчылык – бул менин жүрөгүм менен каалаган, жактырган кесип экен. Ырчылык менен эч качан коштошо албайт экем. Буюрса, келе жаткан жылы “Жылдын супер ырчы айымы” болууга катуу аракет кылам.

– Казак ырчыларынын клибине кандайча тартылып калдың?

– Жайында Бишкекке “Ринго” тобу келди. Менеджерим Миргүл Эсеналиева “клипке кыз издеп жатабыз, тартылып көрбөйсүңбү?” деп калды. “Эч качан бирөөнүн клибине тартылган эмесмин да, клипке жаш кыз тартылыш керек го” десем, “сен жапжаш эле көрүнөсүң” деп мени макул кылды. Төрт мырзанын сүйүү ырында жалгыз каарман болдум. Мага абдан жакты. Ырдагандан да клиптин каарманы болгон кыйын окшойт деп калдым. Буюрса, концертимде казак ырчылары менен дуэт ырдайын деп жатам.

– Жолдошуң менен ажырашканыңды мүмкүн жаштыкка, курчтукка салып билдирбеген чыгарсың. Бирок ата-энеңе оор болду го...

– Ал боюнча ата-энем эч нерсе деп айта элек. Болушунча эркелетип, колдоп жатышат. Мурункудан да жакын болуп кеттик. Азыр бош убактымдын баары алар менен чогуу өтөт. Жашоо ачуусу, таттуусу менен биздин тирүү экенибизди билдирип турат экен. Мен үчүн 2018-жыл башталгандан тартып жай мезгилине чейин өтө оор, жан чыдагыс сыноо менен коштолду. Ошол мезгилди эстегим келбейт, бирок азыр баары жакшы.

– 3 кызың удаа чоңоюп келе жатат. Колуң узарып, кайсы бир иштерден бошоп калдыңбы?

– Улуусу Айыма 11 жашта. Мектептеги эң алдыңкы окуучу, менин сыймыгым. Мугалимдер бир гана кызыма телефон колдонууга уруксат беришиптир. Инстаграмда катталуучусу көп болгондуктан мектепти, иш-чараларды сүрөткө тартып киргизип турат дешиптир. Айыма менен Элима бир мектепте окуйт. Эртең менен саат алтыда туруп өздөрү жуунуп, таранып, чай ичип кетишет. Экөө кадимкидей чоңоюп калышты. Кыздарымдын бош убактысы жок. Мектептен кийин ар кандай ийримдерге барышат. Кечинде саат тогузда келишет да, уктап калышат. Чет жакка кетип жатканда Айымага “кызым, сен менден кыйын болосуң, сиңдилериңди жакшы кара” десем, “жок, апа сиз менден кыйынсыз, мен сизге жете албайм” дейт. Экөөбүз бири-бирибизге сүйүүбүздү арнап бүтө албайбыз. Атасына дагы, мага дагы бирдей мээрим төгөт. Атасы менен болгон мамилени дипломатиялык жолдор менен ишке ашырат.

– Ажырашканыңды улуулары түшүнсө да, кичүүсү Айлин атасын жоктоду го...

– Айлин кичинекей да, чынында түшүнбөй деле калды. Үйдө сиңдилерим, инилерим көп жүрөт, алар бала-бакчага алып барышса ар кимди эле ата, апа дей берет экен. Айыма менен Элиманы деле апа дей берет.

– Кыздарың атасы менен жолугуп турушабы?

– Азыр ал өтө зарыл иштери менен бошобой жатса керек. Бошогондо эс алуу күндөрү келип, кыздары менен сейилдеп келсе керек деп ойлойм.

– "Кулпуланган жүрөгүмдүн ачкычын тапкан жакын адамым бар" дедиң, ал адам ким?

– Жүрөгүм ачыла элек, дагы бир нече жылга бек дебейминби. Менин байлыгым – кыздарым. Бирок аялзаты болгондон кийин ооруп калсам, бук болгондо, сырдашкым келгенде жан дүйнөмө жакын, кубанычымды тең бөлүшчү инсаным бар. Анын катарында эле байкелерим, инилерим бар. Азырынча жолдошумдун ордун бирөө ээлеп калды деп айта албайм.

– Сүйүү бар экенине ишенесиңби?

– Жаш кезде, турмуш кура электе сүйүш керек. Ал мезгилди да көрүш керек. Бирок менде андай мезгил болгон эмес. Турмушка чыгып, ар бир кызымдын төрөлүшү мен үчүн сүйүү, бакыт болуп келди.

– Марат Назарбеков экөөңдүн бир дасторкондо жанаша отурган сүрөтүңөр тарады. Ошол сүрөт тууралуу айтып берсең.

– Ал сүрөт чыкканда мен эч нерсе болгон жокмун. Анткени ал факт, факт бар жерде мен эч нерсе айтпайм. Ооба, ал жерде чогуу отурдук. Кыргызстандагы белгилүү айымдын үйлөнүү тоюна барганбыз. Ал жерге ишкерлер, ырчылар, деги эле атактуу адамдар барышкан болчу. Баары эле сүрөткө, видеого тартып жатышты. Биринен да бекинип, жашынган жокмун. Жогоруда айткандай, жылдын башында мен тарапка жалган жалаа жаап, адам чыдагыс катуу сыноого тушуктум. Анын жанында сүрөт эч нерсе эмес.

– Экөөңөрдү болочок түгөйлөр десек болобу?

– Бизди айрымдар андан да жакындатып салышкан. Буга чейин дос, сырдаш болсок, азыр деле ошондой мамиледебиз. Кээ бир комментарийлерди окуп таң калам. Мен учурда жашоомду жаңы барактан баштаганымды билесиздер. Жаңы үй алдым, жакында унаамды алмаштырам. Мунун баары өзүмдүн эмгегим менен келген каражатка алынып жатса да кээ бирлер, “бул жардам берди, тигил минтиптир” деп боолголой беришет.

– “Анжелика бал айын Монакодо өткөрөт экен” дегендер бар. Той жакындап калдыбы?

– Менин бал айым каякта өтөрү маалым болсо, турмушка качан чыгарымды да айтып коюшса жакшы болмок. Турмуш куруп, үлпөт көйнөгүн кийип, бал айын өткөрүп жатканымды азыр элестетпей элемин. Кыздарым чоңоюп, өз турмуштары менен болуп калганда жеке жашоомду баштасам да кеч болбойт. Балким, эртең бирөө каршы болгонума карабай жолумду тороп, колумду сурап кыйнаса ойлонгонго 3 жыл керек деп айтам. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп калдым.

– Эмнеге 3 жыл?

– Анткени 2-3 жыл иштеп алайын да. Азыр алдыга талпынып, көп нерсеге максат кылып жаткан учурум. Турмушка чыкканымда, балким, жолдошум иштетпей койсочу. Мага мени колдогон, позитивдүү көз карашта алдыга умтулган, көз карашы да меникиндей мырза керек.

– Маегибизди жаңы жылды кайдан тососуң деген суроо менен аяктайлы?

– Бул жаңы жылды өзгөчө күтүп жатам. 31-декабрда жаңы жылды жаңы ак өргөөбүздө, жаңы балатынын жанында тособуз, буюрса.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Анжелика Кайратова: “Жан чыдагыс сыноолор башымдан өттү. Аны эстегим келбейт”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
Kgda
2018-12-12 00:26:13
Ээх менде ушундай аялым болгондо колумдан эч жака кетирбейт элем, Урмат ушундай шансты кетирип алдыго. 15 жыл жашап кантип ажырашып кетишти 15 жылда бир бирине синип ажырагыс болуп каласынго. Аялды башынан туура жолдо журуусун козомолдоп туруу керек конул бурбай койсон тез азгырылат аял киши.
-4
orxidey
2018-12-12 00:54:58
Шамал болбосо дарак эч качан кыймылдабайт.
+4
Benazir08
2018-12-12 03:54:07
Озу аябай мактанып поликлиникага кетип жатабыз деп утурй видеолорун киргизет экен эле го [moderated]дан коргон элем илгери. Эми ажырашып бутупсун может Урмат уулум жок деп конулу бузулгандыр эми кандай эрге тийсен да бир уул тууп ал да ан ажырашып журо бер кыздарын озуле чонойтуп коет. Ото мактанбачы садага болоюн жердин асты баарыбызга бирдей. Бирок аракетчил келинсин ишини кылып тиргиликти кылдырата бер неси болсо да
-1
BTFB93
2018-12-12 14:24:06
Benazir08,уулду Анжелика колу мн өзү жасап төрөйбү эмне урмат түшүргөн урукту төрөдү да элдерге таң калам эч нерсени түшүнбөй эле күнөөнү аялга коюп кыз төрөдүң дешет тообо
+9
raykray
2018-12-12 04:32:27
Ал бироо мн тушкон тамашалап тушкон суроту ушакчыларды кызытып жуктогон,ушакчылар онойэле ажырататда эки жашты,эми коросунор жакында тушунушуп жарашышат
-3
Siren.ms
2018-12-12 11:43:30
raykray,кантип жарашсын Урмат кантип жашасын Эми ХХХХ жашап журот экенго Урмат деген намысы бар киши
+3
Meken28
2018-12-12 06:26:04
Ei kyrgyz elim uul torobodu dep jazasynar da,,uul bolush erkekten,,eger erkekte Y chromosome bar oshondon gana uul jaralat,,Erkek kuchtuu bolush kk,,Biologiyadan okugan emessinerbi,,Bilbei ele ayaldy kunooloi berishet
0
admin_portal
2018-12-12 09:56:22
aimai, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
Baku88
2018-12-12 18:34:19
Эми ажырашса ажырашыптыр жатса турса өз иши өз каалоосу дегендей кылса өзүнүн ак меенети мн иштеп таап жатат үнү жок болсо дагы аракети аябай күч өзү ыр обон жаздырып дегендей ХХХХ окшоп ар кимдин казанына кол салбайт апсыгып байма бай кайрымдуулук иштерин жүргүзүп аялдарга бакыт тартуулап молодец кыз аракетчил а ким мн жүрөт ким мн жатат лично өзүнүн жеке жашоосу
+1
admin_portal
2018-12-12 18:38:18
Baku88, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
rayana2015
2018-12-12 19:48:45
Элина Абай кызынан интервью алгылачы
-1
admin_kinozal
2018-12-13 10:24:17
rayana2015,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
+1
Kgda
2018-12-15 02:36:33
rayana2015, Элина Абай кызыны не кыласын биякта Анжелика Самара Сайкалдар турганда.
+4
prime_gul
2018-12-12 22:24:40
Ар бир экинчи санда Анжелика, бар бол!!! Жашоону жаны барактан баштадым депсин а почерк ошол бойдон калат да, секет.
+9
Sajakat14
2018-12-13 07:00:19
Элдер өз жашооңор жокпу? Эмнеге бирөөнүн жашоосуна анча кийригишесиңер күйүп бышып? Акыны каяктан аласыңар ошенткенге? Не судите других и будет не судимым! Андан көрө ар кимибиз убактыбызды, күч кубатыбызды өзүбүздүн жашообузга сарптасак! Баарыңарга бакыт каалайм!
+1
Eli.91
2018-12-13 20:52:03
Демек айымыбызга айымды мине турган эр эмес,куйосун ОЗУ мине турган эркек керек экенда.Жалпысынан ойлопда кетем эркектер ушундай даражага жетип калганбы деп.Аял бул аял!аял деген только уйдун жумушун жана куйоосунун созун угуп жашашы керек.Ал эми бул айыбыз озунун созун уккан эр издеп жаткан турбайбы.Эркектер ойлонгула аялдарды эчкачан башынарга чыгарбагыла?Силер эркектер уйдун кутусунар,аял канча коп таппасын баарыбир берекеси болбойт.Каржы маселесин эркек кана табыш керек аял эмес.
+2
Vika.
2018-12-13 21:28:04
Кандай кундо болсо да,кучтуу айым экен.
+2
Malik92
2018-12-13 23:10:36
Урматуу окурмандар эмки кезек Самашта.
0
nur007mir009kg
2018-12-14 09:24:04
Азамат. Окурмандар да сагынып калышты эле Анжелтика ар санында чыгып турчу жоккоооо дешип.
+1
Aipowa93
2018-12-14 19:08:21
Анжелика алдыга умтула бер! Сен кучтуусун! Омурун узун болсун!!!
+1
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан