ГҮЛЗИНАТ СУРАНЧИЕВАНЫН КОНЦЕРТИНЕ БИЛЕТТЕР МУГАЛИМДЕРГЕ МАЖБУРЛАП САТЫЛДЫБЫ?

Гезитибиздин өткөн санында Гүлзинат Суранчиева Каракол шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата кайрымдуулук концертин өткөргөнү тууралуу жазган элек. Көп өтпөй биздин редакцияга “Балыкчы шаарынын мугалимдерине Гүлзинат Суранчиеванын концертине билеттерди мажбурлап сатышты. Ушундай болмок беле?” деп нааразы болгон окурман кайрылды. Маалыматтын чын-бышыгын тактоо иретинде Балыкчы шаарындагы мектептердин биринин мугалимине кайрылдык. Өзүнүн аты-жөнүн жашыруун калтырууну суранган мугалим окуяны тастыктады. “Акча чогултуп бергиле дешкени чындык. Чоң мектептерге 4, кичине мектептерге 3 билеттен таратылыптыр. Бир билет 150 сом экен. Биз да таң калдык, эмнеге кайрымдуулук концертине билетти мажбурлап беришет? Кала берсе Каракол шаарында болуп жатса, биз Балыкчыдан кантип бармак элек? Билетти губернатордон келди деп айтышты. Биз концертке бара албагандыктан акчаны чогултуп бердик”,- дейт.

Ал эми концерт өткөргөн Гүлзинат Суранчиева мындай окуя тууралуу кабары жоктугун айтат.

– Бул концертти Ысык-Көл облустук администрациясы уюштурган. Мен жайында көлдө эс алып жүрсөм мага байланышып, “сиз көлдүк ырчысыз го, биздин акциябызды колдоп бербейсизби?” дешкен эле. Ошол сүйлөшкөн боюнча бардык. Концертке мен, Жанета Баялиева, Байэль, Доорбек деген ырчы балдар менен барып ырдадык. Ал үчүн мен гонорар деле алган жокмун, ‑ дейт ырчы.

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев болсо кайрымдуулук концертине эч кимди билет алгыла деп мажбурлабадык дейт:

– Гүлзинат Суранчиева өзү бизге келип, “колдоп берсеңер кайрымдуулук концерт өткөрөлү дегенбиз” деп айткан. Губернатор колдоп, кайрымдуулук концерти ишке ашып отурат. Бул жерден биз эч кимди мажбурлаган жокпуз. Болгону мэриядан, акимчиликтерден, коомчулуктан концертке келип соопчулук катары катышып бергиле деп суранганбыз. Андан 150 миң 750 сомдой чогулуп, 3-декабрда комиссиянын чечиминин негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга таратылып берилди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
jemile
2018-12-11 10:03:05
Бирөөнү нааразы кылып кайрымдуулук кылган кызыкко...
+13
Lui
2018-12-11 10:06:44
Эми ошолболбогон 3 билеттин баасы 450 сом экен, ал жоголуп же пайдасыз ишке деле жумщшалып кетиши толук мумкун да. Ага караганда мумкунчулугу чектелген адамдарга жардамы тиет...Ичиниздерди оорутпай эле койсонуздар деле болчудай. 450 сомду жалпы мектептеги эмгек жамаатка болгондо коп болсо 20-30 сомдон айланат экен.
-20
madina.87
2018-12-11 11:16:29
Lui, ошол эле айланып калса кана урматтуум!
Бүт өтбөгөн гезиттерди медиктер менен мугалимдерге
таркатып, айына акча чогултуп алат.Андан сырткары дагы канча топтомой бар.Сен үчүн арзыбаган акча
болсо бирөөлөр үчүн жакшы эле сумма.Бир билетге
бир гөлөш келет айылда,аны баласы бир сезон
киет урматтуу бир тууганым.
+22
Nanei
2018-12-11 10:43:50
Мажбурлап саткандар толтура. Кооп жыл мурда таласта РЭС те иштеген эже ыйлактай берчу,ушул артисткрден тажадым,бир куну Алинанын концертине билет алгыла десе,эртеси Айчуроктун концертине баргыла деп билеттерди мажьурлап саттырышат чондор деп. Биртке айлык алсак,бир канчасы ушул ырчылардын коецертине кетип атат деп
+14
Baku88
2018-12-11 10:57:28
Бул го ладно кайрымдуулук концерт экен Самара карандай эле кара башына уюштурулган 19 күндүк концертине билеттерди саттырбады беле ХХХХ.
+23
Mamiev
2018-12-11 11:10:01
Кызык Гулзинат башкага шылтоо кылса губернатор Гулзинатка шылтоолоп жүрөт го. 450 деген жок болуп кетет да деп жазыптыр жогоруда бирөө. 450 эмес 50 сомго да зар болгондор бар тууганым.
+21
sabyr86
2018-12-11 11:45:06
Мугалимдердин айлыгы озу жарытаарлык эмес аны коруп туруп дагы концерт кор деп мажбурлашканы туура эмес.Гулзинат чыныгы эмгек синирген ырчы болгондо эл озу эле ьармак.ХХХХ эки ыры менен эмгеги синип кеткени жаман да.
+11
erkeleim
2018-12-11 11:48:39
Бул ырчы ХХХХ алып анан ырдаса жакшы болмок. ХХХХ. Элди алдаган боюнча маш болуп бутуштуго. Админ ушунун чындыгын билгилечи бири бирине шылтоолотпой
+11
admin_portal
2018-12-11 14:41:02
erkeleim, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-1
Nanei
2018-12-11 12:11:50
Гульзинат "эс алып жургондо чалып колдоп бериниз десе",губернаторский глашатай "Гульзинат ОЗУ суранган колдоп бергиле дер"дейт ко. Кимисне ишенебиз деги. А ырчы катары мага лично жакпайт,Бекер берсе да барьайм концертине
+18
fortuna-fortuna
2018-12-11 16:44:46
Nanei,экоо Тен значит калпычы. Бул жакта мугалимдер чындыкты айтып атат. Беркилер актанып атат
+8
naida81
2018-12-11 12:27:37
Биздин мекемеге 5 билет бериптир, Тондон Караколго ким бармак эле, айлыгы жакшыраак 5 ну ыйлатып туруп эле алды 150 сомдон, ушул акчага балдарга жылуу байпак алып берсек канча кийет эле, барбай эле бердик, кайра кайра суратып акчаны ит кылышты, мурда аябай сыйлачу эле, ушундан кийин сыйлабай калдым, жон эле ктынч концерт койсо болмок экен
+13
mazya9292
2018-12-11 23:35:59
бул концерти боюнча кабарым жок бирок шаарда болгон концерттеринде Ралис Бахмудович (жолдошу) биздин командир эле бир убакта бизге ар бир взводго 4 билет берчу барсанар да барбасанарда акчасын тологуло деп биз акчасын чогултуп берчубуз
+3
Ice-creme
2018-12-12 01:09:52
mazya9292,кечиресирер минус басылып кетти.
Элден зордоп акча алып концерт коюп, чиновниктерден кийин зле элди сулук курттай соргон ушу ырчы -чоорчулар болду. Кимдин заманы жеп-жутаарлардын, ырчы-чоорчулардын заманы болду го атандын гору!
+2
fak
2018-12-13 03:24:39
Уят уят уят эле
+2
Kera1514
2018-12-13 18:21:25
Бул көрүнүш илгертен келе жата ..өкүнүчтүү.
+1
Kanzada97
2018-12-14 18:36:17
Ошол элден мажбурлап чогулткан акчасы ХХХХ!
0
bekbolot_04
2018-12-14 23:20:12
Ырчы эч качан алдабаса керек. Конумуш адат болуп баягы эле министирлер алып кара курсака салды да. Учак кырсыгына топтолгон акчанф ургандар муну ура албай дейсиздерби?
0
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан