Мезгил үнү
Өткөн саныбызда “Юлдуз Усманова өзбектерге кайрат, кыргыздарга наалат айтууда” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Жаны ачыган кыргыздын башка басылмалары да ал макаланы көчүрүп басышты.
ТЕМАНЫ УЛАЙ
“Бул маселени эмне эле козгоп жатышат?” деген суроо туулары бышык. Биздин макала жарык көргөндөн тартып, окурмандар чалып “жооп айтат элек. Буга кандай чара колдонобуз?” деп телефонубузду тындырышпады. Ар бир санды зарыгып күткөн кадырман окурмандарыбыздын суроолоруна биз жооп издедик.
МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ
Эмнеси болсо да Маданият министрлигине бул боюнча маалымат жетет деп, министрликтин басма сөз кызматынан жооп алгым келди. Улам бир телефонго чалсам, “бул жакка чал, тигил жакка чал” деп отуруп 7-телефонду араң алдырып “басма сөз кызматыбы?” десем, “типография үчүн башкага чалыңыз” деп коё бербеспи.
Көрсө, басма сөз дегенди типография деп түшүнгөн бирөө алган окшойт. Маданият министрлигинде отургандар типография менен маалымат кызматынын айырмасын билишпейби деп бир бушайман болуп алдым. Ошентип, аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Сахиба Кадыровага байланышка чыктым. Ал:
“Бул окуя боюнча Маданият министрлигинде атайын жыйын өткөрүлүп, эксперттик комиссия түзүлүп, маселе каралды. Тышкы иштер министрлигине атайын кат даярдалууда. Калган иш-аракеттер аларга байланыштуу болот. Эң негизгиси, эки элдин ынтымагына доо кетпесе деген тилек. Анткени Юлдуз Усманова аталган чыгармасын Түркия мамлекетинде жаздырган”,- дейт.
ЮЛДУЗКАН ӨЗҮ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Коомчулуктун арасында “бул ырды чын эле Юлдуз өзү жазганбы?” деген да суроолор жаралууда. Андыктан Azattyk.kg сайтынын маалыматына кайрылабыз. “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде Юлдуз Усманова:
"Бул ырды өзүм жаратканым чын. Эл арасындагы "бул акындын, тигил акындын ыры" деген сөздөр туура эмес. Күзүндө чыгарчу ырлар жыйнагыма кошом деген даярдык менен гана ырдагам.
Мен бул ырды топумду жаныма коюп, анын үстүнөн карап тургандай абалда жаздым. Кыргызстанда менин күйөрмандарым жок беле? Бар болчу. Мен эмнеге эки эл тил табышпады, ошого кейидим. Кыргыздар бул жаңжалды "чагымчыл күчтөр уюштурду" деп жатышат. Анда эмне үчүн күнөөсү жок карапайым элден өч алышат?! Кыргыздар кечирим сураш керек!"- дептир.
Демек, Юлдузкан "өзбегимдин дилин ооруттуң, ах, кыргыздарда жокпу ыйман?" деген оюнан кайта элек.
БИР КҮНҮ БАРМАК ТИШТЕП КАЛБАС БЕКЕН?..
Биздин эки улутту кырды бычак кылалы деген оюбуз жок. Кайра мындай ырларга маани берип, жүрөккө жакын албоого чакырабыз. Илгертен өрүштө малы, төшөктө башы тийишкен, тагдыры бир, таткан даамы бир кыргыз-өзбек күнөстүү Кыргызстанды мекендеп келген жана чагымчылардын тилине кирбей дале мекендей берет. Анткени кайрадан баса белгилеп өтөбүз, кыргыз – айкөл эл.
Ал эми Юлдуз Усманова окуянын чын-бышыгын билбей туруп чыгарган ыры үчүн бармагын тиштеп калбас бекен?..
Кыргызстанга көп эле жолу келип концерт берип, тузубузду таткан, гонорарын алган дегендей... Анан билип-билбей туруп аралашпай, чыгармачылыгы менен алек болгону эле дурус болмок.
Өзбек ырчысынын кыргыздарга наалат келтирген ырын уккан чыгармачыл топ кыжырдануу менен өз ойлорун билдиришти.
Тата Улан, рэпер:
– Негизи, Юлдуздун ырын уга элекмин. Бирок терикпейм. Кыргыз – улуу эл. Эмне деп айтса да айкөлдүгүнөн жазбайт. Ал эми өзбек ырчысы бетке айталбай, ичи күйүп ырдап жаткандыр. Эмне деп жазса да, мага чын жүрөктөн баары бир! Анткени кыргызыма эч ким тең келе албайт. Мен Юлдуздун деңгээлине түшүп, ага жооп жазып, андан төмөн болгум келбейт.
Динара Акулова, ырчы:
– Юлдуздун ырын уга элекмин. Бирок досторумдун айтуусунда, эң бир жаман саптар менен жазылыптыр. Юлдуздун элимди жамандаганга кандай акысы бар?! Өз өлкөсүнөн куугунтукталып жүрүп, кыргызга тил тийгизгенге анын эч бир акысы жок! Анын бул кылыгы “өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт” деген макалды эске салат. Кыргызстанга көп жолу келип даам сызып, концерт берип эле жүрбөдү беле. Мен ушул аялдын ушунчалык акылы төмөн экендигин билбептирмин. Ушундай ырчыны концертиме чакырып, байланышканыма абдан өкүндүм. Ушул ыры аркылуу Өзбекстан президентине жагынып, өлкөсүнө кайтайын дегени болсо керек. Бирок улут аралык чагым салып, кыргыз калкына наалат айтчу ал эмес.
Урмат Усенов, ырчы:
– Бул айым өз мамлекетинен, өзбек шоу-бизнесинен четтетилип, азыр Түркия өлкөсүндө баш калкалап жүргөнүн эл жакшы билет. Мурда анын чыгармачылыгын сыйлачумун. Бул ырынан кийин кыргыз жараны катары кайдыгер карай албадым. Жылдыз айым бул ыры аркылуу Өзбекстандын өлкө башчысына да шек келтирип жатат го деп ойлойм. Анткени оппозицияда жүрүп, анан да өзүнүн жүрүм-турумунан, кайчы пикиринен улам ушинтип башка өлкөдө баш паанек кылууда. Биз анын деңгээлине түшүп, маскара ыр чыгарбайбыз. Жөн гана жаамы журтка анын бул ою натуура экенин айтышыбыз абзел деп билем.
Ислам Сатаров, продюсер:
– Мен мурда Юлдуз Усманова менен иштешип жүргөндүктөн, анын кыргызга карата айтылган ыры башыма суу куйгандай эле болду. Күйөөсүнө чалсам, ал “бизге өзбектерди өлтүрүшүп жатат деген маалыматтар келген. Ошондон улам жазса керек, бирок мен буга аралаша албайм” деп кутулду. Менин оюмча, Юлдуз улут аралык, болгондо да башка өлкөнүн ички чыр-чатагына киришпей эле ырдап жүргөнү туура болмок. Муну менен ырчы өзүнүн репутациясына доо кетирди. Керек болсо Юлдуз ушул ыры үчүн улуу кыргыз элинен кечирим сурасын!
Алексей Сидоров, “Тумар” радиосунун директору:
– Жаман улут жок, жаман адамдар болот. Ар элде чагымчылар бар. Ачыгын айтсам, мен өзбек тилин билбейм. Андыктан кандай мааниде экенин биле албадым. Юлдузду билесиңер да, бир эмес, бир канча жолу өлкөсүнөн куугунтукталган. Биз өзбек тилиндеги бардык ырларды радиодон алып сала албайбыз. Бирок кескин түрдө кыскарттык. Анын ичинде Юлдуздун ырлары обого чыкпай, таптакыр алынып салынды.
Бурул Исмаилова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
УЛУТЧУЛДУКТУ КАНДАЙ ТҮШҮНӨСҮЗ?
Абдыкерим,
54 жашта, журналист:
– Улутчулдук дегенди мен улуттун жакшы жактарын башка элге даңазалап көрсөтүү деп түшүнөм. Башкача айтканда, өз улутуна ак ниети менен кызмат кылуу. Бул – оң жагы. Ал эми терс жагы, өзүнүн улутун башка улуттан өйдө коюу. Мисалы, фашизм ушундай болгон.
Айгүл,
25 жашта, мугалим:
– Мен муну улуттун болочогун ойлоп, анын тилин, баа жеткис улуу тарыхын, кылымдардан келе жаткан үрп-адатын, каада-салтын урпактарга өткөрүү деп түшүнөм. Мен кыргызмын деген ар бир атуул мекенинин көз карандысыздыгына, бейпил турмушуна кайдыгер карабай, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуусу шарт.
Мурат,
48 жашта, адвокат:
– Адамдын улутчул болгону – чоң катачылык. Биз бул жарык дүйнөгө келгенче, ал жакта улутчулдук деген жок эле. О дүйнөгө кетсек, ал жерде да улутчул деген түшүнүк болбосо керек. Бизде улутчулдук сезим күчтүү экенин билген чоң саясатчылар кыргыз менен өзбекти уруштурушту.
Гүлзина,
23 жашта, котормочу:
– Улутчулдук бул – өзүнүн элин, эне тилин сүйүп, кадыр-баркын көтөрө билүү. Мисалы, Бишкектин айрым кыргыз жаштары орус тилинде сүйлөшөт. Аларда улутчулдук сезим жок деп түшүнөм. Бар болсо ал эне тилинде сүйлөп, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө, сакталып калуусуна өз салымын кошмок.
Бакай,
35 жашта, тамада:
– Мен улутчулмун. Ошондой эле ар бир адам улутчул болушу керек. Себеби мындай кыйын кырдаалда улутчул болбосо, канчалаган кылымдарды карыткан кыргыз эли жок болуп кетиши мүмкүн. Кыргыздын кандай сонун каада-салты бар. Муну биз улутчул болуп гана сактап кала алабыз.
Дамира,
45 жашта, салык кызматкери:
– Адам деген чеги менен улутчул болушу керек.Мен түрдүү улуттун өкүлдөрү менен кошуна болуп жашап келатам. Эми эмне, улутчул болуп алар менен урушушум керекпи? Пендедеги ашыкча улутчулдук сезим түштүктөгү окуяны пайда кылды окшойт. Андыктан бөлүнбөй, ынтымакта жашайлы.
Адыл,
21 жашта, студент:
– Улутчул деген сөздү патриот, мекенчил дегендин синоними деп түшүнөм. Ар бирибизде бул сезим болушу керек. Биз ушул күнгө чейин сакталган кыргыз деген атыбызды, салт-санаабызды бекем кармап, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз керек.
Бактыгүл Сокушова