«Биз” тобунун визиттик карточкасына айланган “Ыйлай-ыйлай” аттуу ырын орусиялык “Сборная союза” деген топ орусчалап ырдаган видео интернет айдыңына жайылып кетти. Анда ырдын сөзү, обонун жазган автор катары топтун мүчөсү Евгений Журин көрсөтүлгөн. Эки ырдын айырмачылыгы – Бактияр Токторов “буй-буйласа”, орусча вариантта “ой-ой-ой” деп сыздайт. Бирок аранжировкасы, обону башынан аягына чейин окшош. Ким-кимден уурдады деген шек жаралат. “Сборная союза” тобунун “Я – однолюб” аттуу бул ыры 2017-жылы жарыкка чыккан, ал эми ыр социалдык тармакта талкууга алынып, көпчүлүгү “Биз” тобунан көчүрүштү” деп жазышууда. Бул тууралуу ырдын автору Бактияр Токторовго байланыштык. Ал: “Мен бул ырды 2006-жылы чыгарып, патенттеп алгам. Аталган ырдын аудиосун мындан 2 жыл мурун уксам керек. Алар “Ыйлай-ыйлай” деген чыгармамдан таасирленип аткарышыптыр, бул мага жагымдуу. Ырдашса ырдай беришсин. Эгер авторубуз деп уялбай айтып жатышса, ал өздөрүнүн абийиринде. Эң негизгиси менин ырым экенин өзүм билем да”,- деген жооп узатты.
Ал эми өзүн автормун деп атаган Евгений Журинге байланышып, жооп ала алган жокпуз.
Эскерте кетсек, Бактияр Токторовдун аталган ыры өзбекче, татарча да аткарылып жүрөт.