Каарманыбыз Шумкар Бейшеналиев учурда кыргыз тилдүү вайнер катары жакшы таанымал. Аны менен маектешип отуруп “Тамашоунун” балдарга тийгизген жакшы таасирине дагы бир жолу ынандым. Бир кездеги түнт, тартынчаак Шумкарбек саналуу жылдар аралыгында эл сүйгөн Шумага айланам деп күтпөсө керек. Эмесе, каарманыбыз өзү сиздерге кантип түнт адамдын таланты ачылганын айтып берсин.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 7-январь
Туулган жери – Балыкчы шаары
Кесиби – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кинорежиссёрлук факультетинде окуйт
Тартылган тасмалары – “Бир мүшөк акча”, “Понт”, “Напарниктер”, “До+Фа”, “Бажарики”, “Бажарики-2”, “Көк бөрү” жана башкалар
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Учурда – Жүрөгү бош
«ТАМАШОУДО» БИР ЖЫЛДАЙ ЖӨН ЭЛЕ ЖҮРДҮМ»
Шумкар үй-бүлөнүн жалгыз уулу, бир эжеси бар. “Атам ажыкыс киши, мага атамдын ушул сапаты жукса керек” дейт ал:
– Мен бала кезден тентек болчумун. Үйдө баарынын боорун эзген тамашакөй болгонум менен, көчөгө чыкканда аябай тартынчаак, уялчаак, түнт балага айланат элем. 11-классымда Нурбек деген досум “Тамашоуго” чыгабыз деп калды. Оюнга аябай кызыкчумун, бирок тартынып бара албай жүргөм. Досумдун таасири менен барып, Актан Рыскелдиевге жолуктум. Актан байкелер даярданып жатышкан экен. Байке кутуруп, чаң сапырып жатыптыр. Көрүп “духум” түштү. Бирок өзүмдүн тартынчаактыгымды жеңип, Актан байкеге “мен да катышсам болобу?” десем, ал дароо эле “болот” деди. Ошентип “Позитифф” командасына алынып калдым. Бирок командада бир жылдай жөн эле жүрдүм. Сахнадан Шума дешкенде чыгып, бир нерсени берип, кайра кирип кетем. Эч нерсени сүйлөчү эмесмин.
Бир жылдан соң Актан байке “иштебейсиңер” деп, ич ара кырылып баштадык. Командага балдар келип-кетип жатышты. Бир жолу дагы кырылыштык, Актан байке “тамаша таап келгиле” деп урушту. Үйгө барып ойлонуп жатам. “Эртең дагы жөн барсам урушат да, мен командадан чыкпашым керек” деп балмуздак тууралуу тамашаны чыгаргам. Ал тамашам баарына жагып, сахнада ойнодук. Ошондон кийин кадимкидей өзүмө ишеним пайда болуп ачыла баштадым.
“Тамашоунун” 5-сезонунда күчтүү командалар менен таймашып, мен “Мыкты оюнчу” аталдым. Бул да мага чоң стимул болду. Эсимде, биринчи жолу “Супер-Инфо” гезитине афишадан сүрөтүбүз чыкканда апама жетине албай көтөрүп баргам. Эгер ушул чөйрөгө келбесем, балким, азыр Москвада иштеп жүрмөктүрмүн.
«АЛГАЧКЫ ГОНОРАРЫМ 500 СОМ БОЛГОН»
Каарманыбыздын негизги максаты – элге таанылуу болгондуктан, көпчүлүк тасмага бекер тартылганын айтат:
– Тасмадагы эң алгачкы ролум Эрнест Абдыжапаровдун “До+Фа” фильминдеги уурунун ролу болду. Анда гонорарды деле ойлогон эмесмин, негизги максатым – киного тартылуу эле да. Бирок күтүлбөгөн жерден 500 сом беришип, ал үчүн канча кубанып жүрдүм. Андан кийин көп комедиялык тасмаларга бекер тартылдым. Ага өкүнбөйм деле. Анткени тажрыйба чогулттум, элге атым чыкты.
Жакында Руслан Акундун “Көк бөрү” тасмасында роль жараттым. Бул мен үчүн чоң долбоор болду. Тасмадан соң “сонун ойнопсуң” дегендер да, “мен сени сыйлачумун, эми сыйлабай калдым” дегендери да болду (күлүп). Элге ошондой таасир калтырсам, демек, ролумду жакшы эле ойнопмун деп койдум.
«ВАЙН ТАРТАР АЛДЫНДА КӨПКӨ ОЙЛОНДУМ»
Элди кыска тамашалары менен жылмайткан Шумкар вайн тартар алдында “элге алынбай калсачы?” деп көпкө ойлонгон. Ошондо коркуп койсо, балким, азыркыдай популярдуулукка жетпестир, бир жарнама үчүн 400 доллар таппайт беле? Ошон үчүн айтышат эмеспи, “тобокел кылбаган шампан ичпейт” деп...
– Инстаграмда вайндар популярдуу болуп баштаганда казак, орусиялыктарга көз салып турчумун. Эмил, Азамат байкелер (ред.: Эсеналиев, Исмаилов) “сен да тарт” деп көп айтышты. Ошондо да өзүмө ишене албай, "эл жактырбасачы?" деп көпкө ойлондум. Башка балдардын видеолоруна жазган негативдүү пикирлерди окуп ого бетер шаабайым сууп калчу. Бирок байкелердин кеңешин эске алып, алгачкы жолу нан тууралуу вайн тарттым. Албетте, күткөн эмесмин, 100 миңден ашуун киши көрүп, каткырып эле жатып калышты. Тездик менен катталуучуларым көбөйдү. Мына эми “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Кыргыз тилдүү супер вайнер” наамына көрсөтүлдүм. Бул деле мен үчүн чоң сыймык, кубаныч.
«АТТАН ЖЫГЫЛЫП ЭСИМДИ ЖОГОТКОНДО ДОСТОРУМ МЕНИ ӨЛДҮ ДЕП ОЙЛОШУПТУР»
Каарманыбыз казактардын белгилүү “Номад” каскадёрлор тобунун курамында да бар. Каскадёрлуктун артынан көп жаракат алганын айтат:
– “Позитифф” командасы чачырап, ар кимибиз ар жакта изденип жүргөн чакта Адилет байкеге (ред.: каскадёр, актёр, режиссёр Акматов) кайрылып, “менин шыгым бар, сиздер менен машыксам болобу?” дедим. Ал дароо колдоп кетти. Каскадёрлукта “кыла албайм” деген сөз уятка тете. Ошондуктан колумдан келсе, келбесе да агаларым менен тең тайлаша машыгып жаттым. Анын артынан “Номад” каскадёрлор тобуна алынып, казактардын “Томирис”, кореялык "Жалындуу кылыч" (“Огненный меч”) деген документалдык тасмасына, Түркиялык тарыхый тасмага тартылдым. Каскадёрлук кесип оор, кооптуу. Оор жаракаттарды алган учурлар болду. Эки бутум, моюнум гипсте жүрдү, ийиним сынды. Апам муну окуйт болуш керек эми (күлүп). Мен негизи көп нерсени апамдан жашырам да. Ооруп жатса да ооруду дебейм. Мисалы, азыр буттарым кырсылдап турат. Эгер “ооруп жатам” деп айтсам апам жанымды койбойт го “болду, иштебе” деп.
Бир жолу Ипподромдо Түркияга тасмага тартылуу үчүн видео жөнөтүп жатканбыз. Ат менен баратканда мина жарылмак, ат чочуганда мен музга башым менен түшүптүрмүн. Андан кийинки окуя эсте жок, уктап калыптырмын. Балдар өлүп калды деп ойлошуптур. Көпкө барып өзүмө келгем. Канчалык кооптуу болсо деле так ушул трюкту Түркияда кайталадым. Ошондо да атайын баргандан кийин, намыс үчүн өлсөм да кылам дедим. Анда Кудай сактап сууга түштүм. Каскадёрлуктун артынан эң көп тапканым 5 жарым миң доллар болду. Кээде көп акча деле ден соолукту калыбына келтиргенге жетпей калышы мүмкүн. Ошондуктан кийинчерээк бул кесипти деле таштасам керек.
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg