Чаткалда “алтын казган фирманын күзөтчүлөрүн сабады” деп Терек-Сай айылынын 14 тургуну кармалып, камакка алынды. Бийликтин жергиликтүү тургундардын маселесине жасаган мамилесине нааразы болгон эл аларды бошотуу талабы менен митингге чыгууда. Адахан Мадумаров ушул окуя боюнча кайрылуу жасап, бийликти элдин чыдамы менен ойнобоого чакырды.
– Бир жуманын ичинде коомдук уюмдар, биздин жаштар Кыргыз Республикасынын аймагына Кытай өлкөсүнөн жана башка өлкөлөрдөн келгендердин саны кескин түрдө көбөйүп кетишине абдан кооптонуу менен нааразычылык айтып жатышат. Мен аларды 100 пайыз колдойм. Сырттан, айрыкча Кытай мамлекетинен келгендердин саны кескин көбөйүп, биздин мамлекетти басып кетиши, дагы бир жолу баса белгилеп айтайын, мамлекеттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин да биринчи күн тартибинде турган маселе болушу керек. Кечээги Терек-Сайдагы окуя буга кошумча болду. Бул окуя бүгүнкү кыргыз бийлигинин нукура жүзүн көрсөтүп койду. Менин угушума караганда, күч органдарынын 400гө жакын атайын даярдыктан өткөн аскерлеринин Терек-Сай айылына барып, элди күч менен талабына каршы көндүрүүгө аракет кылып жатканы – бул жапайычылык. Мен Кыргыз Республикасынын президентине, Жогорку Кеңешке, өкмөткө расмий түрдө кайрылам. Мындай жапайычылыкты, өз элиңе күч колдонууну токтот! Эл бир көтөрүлсө, 400 эмес, 4 миң аскериңдин күчү жетпей каларын биздин соңку тарых бир нече жолу тастыктады. Эгер өткөндөн сабак албасаңар, анда сиздерге да кеч болуп калышы мүмкүн.
Урматтуу кыргыз эли, бул бир гана Терек-Сайдын маселеси эмес. Бул маселе Кыргыз өлкөсүнүн кайсы жеринде тоо-таштарды жарып, касиеттүү Кыргыз жерине зыян келтирилип жаткан болсо, жерибизди, суубузду булгап, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан жерди тебелеп жаткан болсо, бардык жерде көтөрүлөт. Бул мыйзамдуу ар бир элдин, ар бир улуттун, ар бир "мен кыргызмын" деген жарандын сөзсүз түрдө ата-бабаларынын рухунун алдындагы милдети. Баса белгилеп айтам, күч колдонууну, коркутууну, милиция жиберүүнү токтотуңуздар. Кармалган жигиттерди токтоосуз түрдө кармалган жеринен бошотууңарды талап кылам. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Конституциясына ылайык, Кыргыз жарандарынын өз эркин айтууга, топтолууга, жыйын өткөрүүгө болгон укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган болсоңуздар, Терек-Сайда ушундай баш аламандык токтобой турган болсо, "Мен макул эмесмин!" элдик кыймылы өзүнүн чечкиндүү жарыялоосун же чакырыгын жасоого мажбур болот. Биздин жоготорубуз – биздин ыйык жерибиз, ыйык мекенибиз. Андан башка жоготор эч нерсебиз калбады. Калганынын баарын жоготуп, сатып бүттүңөр. Соңку 1,5 жыл ичинде 1 миллионго жакын киши Кыргыз өлкөсүнө кирди деп жатышат. Алар эмне жумуш кылып жүрүшөт? Терек-Сайда митингге чыккан эл менен күрөшкөн азаматтар ошолор менен күрөшсө, жеген нанын актаган болор эле. Кыргызда "эсиң барда этегиңди жап" деген сөз бар. Ошону сиздерге эскертип гана коём. Эгер элдин башына түшкөн апаат болсоңуздар, анда эл да өз сөзүн айтат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg