МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ 50 МИҢ ДОЛЛАР ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Чиновник акчаны Нарындагы “Эпкин-Дыйкан” жолун куруу долбоору боюнча тендерди чет элдик бир компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн алганы айтылды. Министрдин орун басары аталган долбоор боюнча тендердик комиссиянын төрагасы болгон. “Чиновник
520 миң доллар талап кылган. Буга чейин белгиленген сумманын 120 миң долларын алып, калганын кийинки апталарда алууну пландаган”,
- деп айтылат маалыматта. Кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азимкан Жусубалиев транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп 2017-жылдын февралынан бери иштейт. Мындан дээрлик 1 жыл мурун Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы катуу күрөш башталарын айткан. Бирок бул сөздөн кийин, апрель айында Башкы прокуратуранын Улан Чалбаев аттуу кызматкери
200 миң доллар пара менен кармалган. Мамлекеттик ишти өз чөнтөгү үчүн ири суммаларга баалоо токтобой жатканын Азимкан Жусубалиевдин да окуясы көрсөттү. Министрдин орун басарын премьер-министр кызматка дайындап, кызматтан бошотот. 2017-жылы февралда өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп турган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан