Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Өмүрбек Бабановдун кылмыш иштери жабылышы керек” деген сөзү талкууга түштү. "Апрель" телеканалына берген маегинде Атамбаев көз карандысыз экспертиза "Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө кылмыш жок" деп корутунду чыгарганын эскертти. Ал эми экинчи кылмыш ишине Бабановдун катышы бар экени тастыкталбаганын айтат. “Бабановдун иштери жабылышы керек, тескерисинче, ага рахмат айтыш керек. 1 жыл өттү, элдин ынтымагын бузууга бир да жолу аракет кылган жок”,- дейт Атамбаев. Мындан 1 жыл мурун, 2017-жылкы президенттик шайлоонун алдында Бабановду "Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин “шестёркасы”, өлкөнүн кызыкчылыгын сатып жиберет" деп сындап жүргөн Атамбаевдин минтип пикирин өзгөрткөнү түрдүү пикирлерди жаратты.
Бабановго 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси – 2017-жылдын 4-ноябрында "улуттар аралык кастыкты козутуу", "конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелери менен козголгон. Бул кылмыш иши токтотулганын быйыл сентябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирген. 2018-жылы 28-мартта Өмүрбек Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча дагы бир айыпталуучу депутат Канатбек Исаев үй камагына чыгарылып, ал депутаттык ишмердүүлүгүн улантып жатат.
12-декабрда Өмүрбек Бабанов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата билдирүү жасады. Анда саясатчы Айтматовду мактоо аркылуу өзүнүн абалын да айтууга аракет кылганы байкалды. “Адамды кантип гана каралабасын, өз эмгеги жана чыгармачылыгы үчүн элдин батасына татыйт” деген Бабанов өз билдирүүсүн “Кылым карытар бир күн” романындагы төмөнкү цитата менен толуктады: "...Адамды жек көрүү кемчилигин жок кылууга адамзатка дагы көп убакыт бар. Канчалык узак экендигин, керек болсо, боолголоо оор. Ушунун баарына карабай, мен жер жүзүндөгү адилеттүүлүктүн жоюлбашы үчүн өмүрүмдү бере алам. Мына бул жолу да ал жеңип чыкты. Мейли баасы кымбат болсун, бирок ал жеңип чыкты”.
Коомчулукта "Өмүрбек Бабановдун иши жабылып, өзү өлкөгө кайтып келиши керек" дегендер көбөйдү. Парламентте 12-декабрда “Республика-Ата Журт” фракциясы Бабановго ачылган кылмыш иштери боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштап, депутаттардын колдоосу менен маселе күн тартибине кирген. Саат 16:00дө маалымат угуу чечими кабыл алынган. Бирок бул саатта Бактыгүл Жээнбаеваны каржы министри кызматына шайлоо маселеси каралып, ушул маселе каралып бүткүчө иш күнү аяктап, Бабановдун маселеси каралбай калды. 13-декабрда депутат Максат Сабиров Бабановдун иши боюнча маалымат угууну күн тартибине киргизүү үчүн кайра добушка коюунун кереги жок экенин айтып чыкты. “Кечээ саат төрттө кароо чечими кабыл алынган, бирок ошол учурда төрага регламентти бузуп, башка маселени карадык. Бүгүн карашыбыз керек”,- деди Сабиров. Буга спикер Дастан Жумабеков макул болгон жок. Бабановдун иши боюнча маалымат угуу сунушун кайрадан добушка коюп, бирок депутаттар колдобой коюшту. Каттоодон өткөн 95 депутаттын 26сы гана "макул" деп добуш беришти. Бир түндө депутаттар 180 градуска бурулуп кетишти. Мурдагы бийликтин тушунда да ушундай болчу...