ВИКИПЕДИЯГА “МАТРАИМОВДОРДУН КОРРУПЦИЯЛЫК КЛАНЫ” ДЕГЕН МАТЕРИАЛ ЧЫГЫП, ЭРТЕСИ ӨЧҮРҮЛДҮ

Википедияга (ред.: Wikipedia - универсалдуу интернет-энциклопедия) "Матраимовдордун коррупциялык кланы" деген аталышта материал жарыяланды. Анда "Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана анын жакындарынын мыйзамсыз иштери, кантип байыганы тууралуу" деп тизмеленген маалымат жазылган. Аталган макаланын канчалык чындык экенин тийиштүү органдар иликтешер, бирок Матраимовдор иштеген кызматтар анык берилген. Мисалы, Искендер Матраимов – Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, аталган комитеттин башчысынын орун басары. Тилек Матраимов – Ош облусунун Кара-Суу районунун акими, аталган район өлкөдөгү эң чоң жана эң бай болуп саналат. Райымбек Матраимов – Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ал коомчулукка "Раим миллион", "Раим миллиард", "президенттердин капчыгы" деген каймана аттар менен белгилүү. Исламбек Матраимов – Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ички коопсуздук жана текшерүү башкармалыгынын башчысы. Руслан Матраимов – ишкер. Мирлан Матраимов – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

Википедиядагы макалага байланыштуу Искендер Матраимов “Азаттыкка”: "Мен окуп алып күлүп жатам. Мени Италиянын мафияларына окшоштуруп коюшуптур. Мен ал жазган адамды Кудайга койдум",- деп билдирди. Депутат бул макаланы каралоо деп атап, аны өчүртүүнү ойлонуп жатканын айткан. Көп өтпөй Википедиядагы ал материал өчүрүлдү.

Бир тууган Матраимовдор тууралуу бул макалага чейин деле коомчулукта көп сөз айтылып жүрөт. Экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер Сапар Исаков, оппозициядагы саясатчылар, айрым депутаттар дагы Райымбек Матраимовду Бажы кызматындагы ири коррупцияны уюштурууга шектеп, "тийиштүү органдар текшериши керек" деп келишет.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан