АФРИКА ЧЕМПИОНДУ ЭМЕС, ТАЛАПКЕРДИ ТАНДАДЫ

Марадонанын “футбол Европада өлүп баратат” деген билдирүүсү жөндүү эмес экендигин “ЮАР-2010дун” жарым финал оюндары тастыктап койду. Ага 3 европалык команда жетип, финалга Голландия менен Испания чыкты. Андыктан “ЮАР-2010ду” “ЕВРО-2010” десек да болчудай. Ошентип, башкы сыйлык мындан 4 жыл мурдагыдай кайрадан Европага буюрмай болду.

ГОЛЛАНДИЯГА ЖАН ТАРТАТ
Канат Бегалиев, балбан;
«2008-жылдын супер спортчусу»


УЭСЛИ СНЕЙДЕР
26 жашта.
Италиялык “Интердин” жарым коргоочусу.
Трансфердик баасы – 30 миллион евро.
“Аякстын” курамында Голландиянын (2004), “Реалдын” курамында Испаниянын (2008) жана “Интердин” курамында Италиянын чемпиону (2010), УЕФАнын ЧЛсынын жеңүүчүсү (2010).

ДАВИД ВИЛЬЯ
28 жашта.
Испаниялык “Барселонанын” чабуулчусу.
Трансфердик баасы – 42 миллион евро.
“Валенсиянын” курамында Испаниянын кубогунун ээси (2008), Испаниянын курамында Европанын чемпиону (2008).


ИСПАНИЯГА ЖАН ТАРТАТ
Азамат Байматов, футболчу;
«2009-жылдын супер спортчусу»


ЧЕЙРЕК ФИНАЛ

ЖАРЫМ ФИНАЛ

АФРИКАДА “ЖООГАЗЫН”
РЕВОЛЮЦИЯСЫ ИШКЕ АШАБЫ?
Көпчүлүк Уругвайдын жарым финалга чейин жетип келишин кокустук катары баалап, жарым финалда алар ири эсепте жеңилүү ызасын тартышат дешкен. Чынында, оюнда Европанын мыкты командаларында ойногон футболчулардан куралган Голландиянын чеберчилиги бир аз жогору экендиги байкалбай койгон жок. Эгер 1-бөлүмдө 1:1 эсебинде тең чыгуу катталса, экинчи 45 мүнөттүктө кызгылт сарылар ийгиликтүү 2 чабуул уюштурушуп, 2 гол жарата алышты. Ал эми түштүк америкалыктарга эсепти теңөө үчүн убакыт жетишпей, алар 1 гол менен чектелишти. Ошентип, Голландия 1978-жылдан бери кайрадан финалда.

РЕВАНШ ИШКЕ АШПАДЫ
“Германия-Испания” беттешин финалга тете беттеш деп баалашууда. Чынында, андай кептер бекеринен айтылбады. Оюндун башынан аягына чейин №1-болуп аракеттенген испандар акыры жеңишти өзүнө оодара алышты. Тагдыр чечүүчү голду бүт дүйнө 73 мүнөт күттү. Ошентип, укмуштуудай ылдамданып алган немис машинасы “ЕВРО-2008дин” финалы үчүн реванш ала алган жок.
Оюндан кийин немистердин машыктыруучусу Йоахим Лев: “Испания бүгүнкү оюну менен каалаган атаандашына каршы ийгиликтүү ойной алуусун көргөздү. Тандап алган тактикабыз менен аларды жеңе албай турганыбызды билдим”,- десе, команда капитаны Филипп Лам: “Испаниялыктардын бизден күчтүү экенин билгенбиз. Аларды жеңүү үчүн эрдик жасашыбыз керек болчу. Бирок ал колубуздан келбеди”,- деп моюнга алды.


СУКТАНТКАН НЕМИС МАШИНАСЫ

Германия “ЮАР-2010до” укмуш шоу жаратып, футбол сүйүүчүлөрүнө унутулгус көз ирмемдерди тартуулады. Алар финалга чыга албай калса да, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Андыктан биз “немис машинасынын сыры эмнеде?” деген суроого жооп издеп, анын башкы тетиктери тууралуу чакан маалымат беребиз.

КАМКОР АТА
Аргентина менен болгон оюнда Мирослав Клозе 3 жыл өзүн-өзү чектеп келген нерседен баш тартты. Кеп сальто жөнүндө болуп жатат. Адатта гол киргизгенин майданда сальто менен белгилеген Клозе 2007-жылы: “Эгиз балдарым мындай аракетимди көрүп алып туурашып, далай жолу баштарын жарышкан. Эми болду, кайталабайм”,- деп койгон. “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дечү беле?..

ТОП ТАШЫГЫЧ БАЛАНЫН ӨЧҮ
Аргентинанын Германияга 0:4 эсебинде жеңилишинин тамыры март айында жаткандай. Ошондо “ЮАР-2010го” даярдык көрүп жаткан Аргентина Марадонанын жетекчилиги астында Германияны жолдоштук оюнда 1:0 эсебинде жеңип алган.
Ал эми оюндан кийинки маалымат жыйынында Марадона 20 жаштагы Томас Мюллерди “бул ким? Топ ташыгыч балабы?” деп, аны менен чогуу отуруудан баш тартып койгон. Убакыт өтүп, ошол топ ташыгыч бала “чоңоюп”, мундиалда Аргентинанын ири эсепте жеңилишин гол киргизип баштап берди. Көрсө, Марадонанын мындай жоругун Томас унутпаптыр. Оюндан кийин ал: “Мүмкүн, Марадона ошондо мени тааныбагандыр. Эми унутпайт деп ойлойм”,- деп белгиледи.

ЛЕВ ДЕГЕН КИМ ӨЗҮ?
Англия менен Аргентинаны хоккейдик эсеп менен жеңип, аларды ыйлаткан Германияны машыктырган Йахим Лев деген ким?
Йоахим көп балалуу үй-бүлөдө туулуп-өскөн. Ал 4 бир туугандын улуусу. 2006-жылкы мундиалда Германия коло медалга ээ болгондо ошондогу башкы машыктыруучу Юрген Клинсманндын “чынында, Йоахим менин жардамчым гана эмес, андан да чоң роль ойнойт. Тактиканы иштеп чыккан да дал Лев” деп айтканы бар.
Лев мыкты кийинүү стили менен өзгөчөлөнгөндүгү үчүн “өзүнө мыкты кам көрүү боюнча машыктыруучу” деген атка конгон. Ал эми “Bild” басылмасы Йоахимди “Германиянын эң келишкен мырзасы” деп тапкан. “ЕВРО-2008” учурунда кийген көйнөктөрү “Левдин көйнөктөрү” аталып, зор суроо-талапка ээ болгон. Ушул жайда болсо, Германияда көк түстөгү пуловерлер модада.


Эл аралык кабарлардан

Теннис

“Уимблдон-2010”: НАДАЛЬ МЕНЕН УИЛЬЯМС ЖЕҢДИ
4-июлда чоң шлем түркүмүнө кирген 4 ири мелдештин бири Уимблдон мелдеши өз жеңүүчүлөрүн тапты. Испаниялык Рафаэль Надаль финалда чехиялык Томаш Бердыхты жеңип, карьерасында 2-жолу бул чокуну багынтты.
Ал эми аялдар арасында былтыр чемпион аталган Серена Уильямс быйыл да алдына эч кимди салган жок. Бир тууган Уильямстардын кенжеси чечүүчү оюнда орусиялык Вера Звонареваны жеңилүүгө учураткан. Ошентип, Уимблдондо сенсация катталган жок.

Футбол

РОНАЛДУ АТА БОЛДУ
Апта башында Криштиану Роналду: “Сүйүнчү! Мен ата болдум!”- деп жарыялап, наристесин ким жарык дүйнөгө алып келгендигин айтуудан баш тартты. Журналисттердин такып сураганына карабай португалиялык футболчу баласынын энеси ким экенин айткан жок. “Баламдын энеси менен түзгөн келишимге ылайык анын аты белгисиз бойдон калат жана бөбөккө кам көрүү менин моюнумда болот. Журналисттерден менин жеке жашоомду сыйлоону өтүнөм”,- деди ал.
Криштиануга баланы багууга апасы Долорес жардамдашмакчы. Наристенин энеси ким экени белгисиз болсо да, анын америкалык экендиги тууралуу маалымат бар.


Жергиликтүү кабарлардан

Футбол

«НЕФТИЧИ» КӨЧ БАШЫ БОЛО АЛАБЫ?
Өлкөбүздүн футболдук биринчилиги 2-жолу үзгүлтүккө учурады. 1-жолу апрель окуяларына байланыштуу оюндар токтоп калган. Бул жолу Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга байланыштуу “Нефтичинин” Кочкор-Атадагы бир нече оюндары жылып кеткен. “Нефтичилер” 2 айлампанын дагы 3 оюнун өткөрүшү керек. Алар жылдырылган биринчи оюнун 21-июлда Кочкор-Атада “Шерге” каршы өткөрөт.
Азырынча көч башында “Дордой” баратат. Бирок “нефтичилердин” жылдырылган оюндарды өз талаасында ойноосун эске алсак, анда кочкор-аталыктар кайрадан 1-орунга көтөрүлүп алышы толук мүмкүн.

ГЕРБ МЕНЕН ТУУГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ
КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдер мектебинин герби менен туусунун мыкты дизайнына сынак жарыялайт. Сынакка бардык каалоочулар катыша алышат. Сынактын жеңүүчүсү 15 миң сомго ээ болот. Сунушталган долбоорлор 2010-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат.
Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17.
Сурап-билүү телефондору: 0 312 325380, 0 555 050572.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ceed
2010-08-03 17:42:56
Ушул Кыргызстандын футболу туурасында жазбай эле койсонор, сураныч!
-1
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан