Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Аптада каржы маселесине көп көңүл бурулат. Акчанын аз же көп өлчөмдө болушу токтоолуктан жана активдүүлүктөн көз каранды. Күтүлбөгөн чыгымдар да болот. Жолдо жүрүүдө этияттык керектелет. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Адамдардын сизге мамилеси өзгөрүлүп турмакчы. Андыктан адаттагы кежирликти, бетке айтуучулукту ооздуктоо кажет. Жогорку кызматтагы адамдар менен баарлашасыз. Акыл калчап иш жасасаңыз жыйынтык жаман болбойт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жабык типтеги ишканалардын (оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекеме) бирине иш менен барууга туура келет. Жумушта өйдө-төмөн учурлар болот. Сабырдуу болуңуз. Ден соолукка көңүл буруп, диеатаны туура сактаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Курбу, өнөктөштөр менен жолугуп, чогуу иш алып барууга туура келет. Башкысы, тактикалуу болуңуз. Эс алууда, балдар менен баарлашууда жагымдуу маанай күтүлөт. Айтылган талаптарды эске алыңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
“Өрдөктүн өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө” дегендей абалда болосуз. Жумуш менен кошо үй чарба иштерине көңүл бөлүүгө, көбүрөөк күч жумшоого туура келет. Жакындарыңыз менен баарлашууда сыр жашырбаңыз.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иш кагаздары менен документтерге көңүл бөлүңүз. Текшерүү органдары менен баарлашууда сылык, тактикалуу болуу зарыл. Туугандар, достор менен кеңешүүгө туура келет. Жаңылык угасыз. Сапарга чыксаңыз буюмдарга сак болуңуз. ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акчага байланыштуу иштер менен алпурушасыз. Өз көмөчүңүзгө көбүрөөк күл тартууга аргасыз болосуз. Абайлаңыз, башкалар нааразылык жаратып жүрбөсүн. Тажрыйбалуу кесиптештер менен кеңешип иш кылыңыз.ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада активдүү жана токтоо болуу талап кылынат. Анткени көңүл көтөргөн да, чөгөргөн да учурлар кездешет. Эмоцияны көзөмөлдөп, ийкемдүү болуу оң. Ошентсеңиз жеңиш сиз тарапта болмокчу. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кесиптеш жана өнөктөштөр менен алака кылууда кыраакылык зарыл. Анткени жашыруун душмандар активдешет. Түшүнүксүз жагдайлар ачыкка чыгат. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Достор жана өнөктөштөр менен тыгыз мамиледе болосуз. Ийгиликтер менен кошо зээн кейиткен учурлар да күтүлөт. Үйдөгүлөргө жетишерлик убакыт бөлөсүз. Бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жогорку кызматтагы адамдар, жетекчилик менен жакындан баарлашасыз. Ийкемдүү, кыраакы болсоңуз максатыңыз орундалат. Үй тиричилик иштери көбүрөөк убактыңызды алат. Чөнтөгүңүзгө акча түшөт.БАЛЫК (20.02-20.03)
Башка шаардык, көзөмөл органдары, абройлуу адамдар менен алака кыласыз. Алардын алдында өзүңүздү жагымдуу кармоого аракет жасаңыз. Ошондо ийгиликке жетишесиз. Балдар үчүн акча коротосуз.