Телеалпаруучу Нурзат Токтосунова жакында Инстаграм баракчасына “Кудайым кут кылсын, түбөлүгүн түз кылсын, буюрса, жакында биз ата-апа болобуз. Көп айтпайлы, көз болбосун, бир күнү сүйүнчүлөйбүз, жөн гана дуба кылып коюңуздар. Баарыңарды сүйөбүз!” деген билдирүү калтырган. Телеалпаруучунун бул жаңылыгы, албетте, кубандырат. Бул тууралуу телеалпаруучуга байланыштык. Ал "Көп айта берүүдөн коркуп жатам. Кубаныч менен кошо коркунуч болуп жатат. Ооба, наристе күтүп жатабыз. Башкасын айтпай эле турайын. Аман-эсен көз жарып алышымды тилейм",- деп билдирди.
Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбековду кубанычтуу кабары менен куттуктап, наристенин аман-эсен жарыкка келишин тилейбиз!