Рахман Разыков: «АЙКӨЛДҮКТҮН ДА ЧЕГИ БОЛОТ, КЫРГЫЗЫМ!»

Блиц-маек

Рахман Разыковду белгилүү куудул катары жакшы билсек, акындык жайы да бар. Буга былтыркы чыккан китеби күбө. Рахман мырза Ош окуясы тууралуу күйүп-бышып көп нерсени айтып берди. Ал эми агайдын калемине таандык ырларын www.super.kg сайтыбыздагы форумдун адабият жана поэзия бөлүмүнөн табасыз.

– Рахман байке, үй-бүлөңүз Оштогу коогалаңда жабыркаган жокпу?
– Жок, Кудай сактап, баары аман-эсен. Мен бул учурда Орусияда элем. Бирок 1990-жылдагы Ош коогалаңына күбө болгом. Ал кезде өзбектердин үйүндө батирде турган кыргыздар көп болчу. Июнь айы эле. Бир күн ичинде өзбектер квартирант кыргыздарды көчөгө чыгарып салышкан. ХБК кичирайонундагы талаага үйсүз калган кыргыздар батпай кеткен. Анан бош жаткан жерге кыргыздарга үй куруу каралганда өзбектер “Ош - биздин жер” деп үй салдырбай чыр чыгарышкан. Эки улуттун ортосундагы чыр өсүп отуруп, кан төгүлгөн. Бирок окуяны ошондо деле, азыр деле 3-күчтөр кылды деп жатышат. Кана, 3-күчтөр кылса же башка бирөө тукурса кармап, “мына бул күнөөлүү адам” деп элге көргөзбөйбү? Ошондо гана эки улут ишенип, тынчымак.
Аялымдын айтуусунда, 11-июнга караган түнү шаардын төрт бурчунан салюттар атылып, базар тараптагы мечиттен өзбектер микрофон менен кыйкырып, чакырык ташташыптыр. Биздин үй базар тарапта, көп кабаттуу үйлөрдө. Коогалаң башталганда эч ким эч жакка чыга албай, ал гана эмес, пардасын кыймылдатып, электр жарыгын күйгүзгөндөн коркуп отурушуптур. Коңшу подъездде тааныш агай жашайт. Ошол күнү 6 жаштагы небереси балконго чыга калган экен, бирөөлөр бешенеге атып, каза болуп калыптыр.
– Оштон келипсиз, “Кара-Сууда кыргыз-өзбек кучакташып элдешти” дешет...
– Элдешпей каякка барат? Кыргызстанда жашап жатышабы, биздин мыйзамга баш ийишсин, жерибизди, элибизди сыйлашсын. “Өзбек тили расмий тил болсун, өзүнчө автономиялуу облус болобуз” деп эч качан айтышпасын. Менин билишимче, Өзбекстандын Самаркан тараптагы калкынын 70 пайызы тажиктер. Бирок мектептери өзбек тилинде, атүгүл, паспортторунда да өзбек деп жазылган. Алар чатак салбай эле жашап жатышпайбы?
– Байкашымча, башка улуттар мыйзамды, элди сыйлашсын, бийликке моюн сунсун деп жатасыз...
– Ооба. Айкөлдүктүн да чеги болот. Коюнубузга батырып келгенибиз анык. Анан эмнеге баш көтөрүп, курал алып, “биздин жер” деп чыгышы керек? Өзбек улутун жамандагым келбейт, бирок арасында Кадыржан Батыровго окшогондор тукуруп жатпайбы. Менин таң калганым, Оштогу окуя боло электе ОшТВдан күн сайын ошол Кадыржан Батыровдун “жетишет, 20 жыл баш көтөрбөй жашадык, өзбек элинин чыдамы бүттү!” деген чакырыгын берип туруп алышыптыр. Биздикилер тыйып же таптакыр көрсөтпөй коюшпайт беле? Менимче, түштүктөгү өзбек каналдарын жабыш керек. Андан эч ким маалыматсыз калбайт. Себеби Өзбекстандын бир эмес, 8 каналы түштүктө тартат. Андан да маанилүүсү борборду Ошко көчүрүү керек. Мындай кадам менен өкмөт ички миграция деген маселеден кутулат. Чек ара боюнча баш оорулар да жолго түшмөк.
– Азыркы убакта улутчул болуш керек деген пикирге кошуласызбы?
– Эмнеге болбош керек? Качанкыга чейин кыргыз эли күнөөлүү болобуз? Орусияда жүрсөм, интернетте жалаң эле жабыр тарткан өзбектердин көйгөйү, телеканалдар болсо, бир өзбек аялдын “аскерлер бизге карай ок атты” деген эпизодун кайра-кайра көрсөтүштү. Дүйнөлүк коомчулук бизди жапайы көрүп калды. Кыргызды сактайм десек, ачыгын айтып, башка улуттарды тыйыш керек. Мен көрө элекмин, өзбектин “беш ыргай” деп ырдап-бийлеп жатканын. Бирок көргөм, экс-ажо баш болуп “даврага түш” деп өзбек бийин “тытканын”. Ошондуктан башка улуттун маданиятына ыктабай, пайдалуу жактарын гана терип алып, жакшысы, кыргыз маданиятын, мурасын сактайлычы. Айкөлдүктүн да чеги болот, кыргызым!

Ыр куржун

"КЫРГЫЗДЫН КЫЙЫНДАРЫН ТАППАЙ ЖҮРӨМ"

Таластан жолуктуруп бир жигитти,
Тумар кылып жүрөгүмө сактап жүрөм.
Туу болор эл башында туруп берчү,
Туйгунун мен кыргыздын таппай жүрөм.

Нарын үчүн намыска турам деген,
Нак кыргыздын жигитин мактап жүрөм.
Нарын эмес, бүт кыргыз сыймыктанчу,
Нарындын жигиттерин таппай жүрөм.

Көлдөй таза чалкыган жигит көрүп,
Көөдөнүмө көбүрүп батпай жүрөм,
Көкүрөгүн кыргызга тосо турган,
Көлдөй кенен кыргызды таппай жүрөм.

Сары-Өзөн, Чүйдөн көрүп бир жигитти,
Сары майдай жүрөгүмө сактап жүрөм.
Сууруп берчү жүрөгүн кыргыз үчүн,
Султанын мен кыргыздын таппай жүрөм.

Баткен, Жалал-Абад, Ошко батпай турган,
Балдарын мен кыргыздын байкап турам.
"Бүт кыргыздар биздики" деп сыймыктанган,
Баатырларын кыргызымдын таппай турам.

Рахман Разыков

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kansuluu
2010-07-12 11:26:46
Рахман ага, сиздин оюнузга кошулам! Улутчул болушубуз керек, албетте айколдуулуктун да чеги бар!
0
Debi
2010-07-13 09:32:14
Азаматсыз, оюңузга кошулам, ырыңыз мыкты экен!
0
Debi
2010-07-13 09:33:34
Ушул байкеники болуш керек эле, төрөлбөй калган наристенин ыры, ал да абдан сонун жаралган, бар болуңуз!
0
yahaha
2010-07-13 14:38:31
Рахман палван катырыптыр
0
inna
2010-07-14 02:38:10
Tuura aitasiz baike.Tinch jashap jatkan elge emnege sogush achat ozbekter.Ushunchalik jek korup kaldim.:(
0
inna
2010-07-14 02:50:39
Kg jakpasa ketishsin jol achik.
0
Талант
2010-07-15 15:09:21
Эн туура айтыптыр Рахман аке.Айколдуктун дагы чеги болот кыргыздар эсибиздин барында этегибизди жаап акылыбызга келеличи.Айкол деп озбектер калп эле мактап койсо дардандап бар байлыгыбызды чача бербей алар бизди мактап отуруп жакшы жерлердин баарын алат да озубузду кууп чыгат.Ошон учун айтылган да "сарт таамайлаганча"деп
0
Akjol
2010-07-16 04:35:33
Менимче, түштүктөгү өзбек каналдарын жабыш керек. Андан эч ким маалыматсыз калбайт.
Туура айтат Рахман акеге кошулам,озбек теле каналдарын,радиолорун,мектептерин,универ бут жаап салыш керек.аявай кооп кетиштиле озу.Все эч нересесинин кереги жок,рас жакшылыкты билишпейби.
0
MurasKgPatriot
2010-07-16 09:25:18
Рaхмaн aкe сиздин чыгaрмaчылыгынызды ото бaaлaйм. "Кыргыз тил",деген ыр саптарыныз да адамдын соогуно жеткирет. Эмнеге алар кыргыз жеринде жашап туруп,кыргызча суйлошпойт? Менин тан калганым Базаркоргон,Ноокен райондорунун центрлеринде кыргыз мектепке караганда озбек мектеп коп.
0
MurasKgPatriot
2010-07-16 09:29:19
мисaлгa aлсaм,Бaзaркоргондо эки кыргыз мeктeби болсо озбeк мeктeби учоо,тортоо. Ноокeндe дa ушул,бир кыргыз мeктeп,бир орус мeктeп эки уч озбeк мeктeби. Нeгe aндaй,ошол мeктeптeрди кыргызчa кылып,заставить эсиш керек кыргызча суйлоткону.
0
alexandra
2010-07-17 09:03:34
Ushul jerdegi baarynarga koshulam!!!
0
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан